Байкалбай эле автоунааны жарактан чыгарып койчу 5 көйгөй

© Sputnik / Наталья Горшкова / Медиабанкка өтүүУнаа оңдоочу жай. Архив
Унаа оңдоочу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
Эксперттер автоунааны таптакыр күтпөгөн жерден чыга калып жүдөтө турган, айрым учурда кырсыкка себепкер кылган көйгөйлөрдү санап беришти.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Авто Mail.ru порталынын эксперттери машиналардын анча байкалбаган ыйкы-тыйкысын санап беришти.

Майдын агышы

Көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн тешик же жарака шланг, болбосо бензобактын корпусунан майдын агып калышын шарттайт. Бүгүнкү күндө корпус формасынын татаалдыгынан улам атайын пластиктен даярдалат. Ысып турган деталга бир тамчы эле бензин тийсе эмне болорун элестетип көрүңүз. Унааны токтотуп жатканда машинанын алдындагы майдын тактарына олуттуу көңүл буруу зарыл.
Ал эми машинаңызды унаа оңдоочу жайга алып келсеңиз, шланг, түтүктөрдү бир сыйра каратып коюу керек. Баса, бензин унаадагы күйүүгө жөндөмдүү жалгыз суюктук эмес экенин эстен чыгарбаңыз.

Дөңгөлөк

Жолдо бараткан унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Айып кагазын кайсы учурда жокко чыгарса болот? Айдоочулар үчүн пайдалуу маек

Негизи автоунаанын көп күч келген бөлүгү — дал ушул дөңгөлөк. Андыктан тешилиши, кесилип калышынын кесепети оор болот. Бул өзгөчө катуу баратканда опурталдуу. Жай айдаганда деле этият болбосо дөңгөлөктү тез эле жарактан чыгарып койсо болот.

Мында жаман жолдо этияттап айдап, дөңгөлөктөрдү байма-бай текшертип туруу оң.
Дөңгөлөктү мык, шуруп, айнек, чыгып турган учтуу нерселерден баштап аң-чөнөк, бордюр да жарактан чыгарып коет. Оңдолуп бүтө элек жолдон да айдоодо сак болуу кажет.

Суюктуктардын азайып кетиши

Тажрыйбасы анча көп эмес айдоочулар суюктуктардын азайып кетиши сыяктуу маселеге "куюп алам да" деп көңүл бурбай коюшу мүмкүн. Бирок мындай суюктуктардын жетишсиздиги бир топ көйгөйдү шарттап коюшу ыктымал. Жок эле дегенде ремонтко чыгым болосуз.
Автоунаа күн батышынын фонунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Ысыкта жолдо калбайын десеңиз... Автоунаа өчүп калбаш үчүн эмне кылуу керек
Мотор майынын аздыгы унааны көпкө чейин оңдоочу жайга калтырууга же поршендерди алмаштырууга себеп болот. Капчыгыңызды айтпаганда деле бул түйшүктүү маселе. Анын үстүнө машина эскирген сайын мотор майына муктаждык жогорулайт. Ал эми муздатып туруучу суюктук азайып кетсе мотор ысып, кооптуулук жаралат.
Бакта жарака кетишинен, жолдун аң-дөңүнөн же цилиндрдин тешилип калышынан тормоз суюктугу азайса айдоочу жана унаа ичиндеги адамдар үчүн кооптуу. Негизи бул суюктукту тормоздун жакшы иштеши үчүн эки жылда бир жолу толугу менен алмаштырып туруу зарыл.

Башкаруу системасынын жабыркашы

Тажрыйбалуу айдоочу үчүн деле машинанын өзүнөн чыккан добуштардан рулдун башкача чыккан үнүн дааналап угуу татаал. Жаман жол, машинанын эскириши, коррозия, ылай-чаң, реагент жана башка ушу сыяктуу нерселер рулдук системанын ишин начарлатып жиберет. Албетте, ары-бери буруп айдай бересиз, бирок кооптуулугу күч.
Унаага ээ боло албай калбаш үчүн рулдун өтө эле жеңил болуп калышына, же тескерисинче, оорлоп калышына, бурулуп жатканда чыккан башкача добуштарга көңүл буруу керек. Мындай учурда сөзсүз кайсы жери бузулуп жатканын аныктап, зарылдык жаралса деталдарын алмаштыруу кажет.

Коррозия

Автосалонда киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жаңы автоунаа сатып алууда айдоочулар беш нерсени эске алышы керек

Канчалык аракет көрсөк деле жыл өткөн сайын темирдин баарын дат басат. Эгер ал сыртында болсо, унаанын көрүнүшүн гана бузушу мүмкүн. Көрүнбөгөн коррозия алда канча кооптуу.

Өз убагында очогу аныкталбаган дат автомобилдин түйүндөрүн алсыратып, бузулушуна алып келет, мындан тышкары, кузов жумшарып калат. Бул кырсыкка кабылуунун бирден-бир себеби.
Мындан улам эксперттер майды, фильтрлерди, лампаларды алмаштырып эле тим болбой, автоунаанын түбүндөгү коррозиянын очогун табууга да кеңеш берет. Металлдагы тешик-жаракаларды да көз жаздымда калтырууга болбойт. Машина жаңы болсо деле бара-бара жогоруда айтылган көйгөйлөр башталарын унутпоо зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0