Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Учурда Кыргызстандын энергетика тармагы башынан кыйын күндөрдү өткөрүп жатат. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСинен... 18.06.2021, Sputnik Кыргызстан
Учурда Кыргызстандын энергетика тармагы башынан кыйын күндөрдү өткөрүп жатат. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСинен тартылган ирмемдерди көрө аласыз. Бул эки станция Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүн электр кубаты менен камсыздайт.
Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгат. ГЭС 46 жылдан бери иштегендиктен, жабдуулар абдан эскирген. Андыктан 2017-жылдан бери станцияда реконструкция жасалууда. Аталган иштердин биринчи фазасы 2019-жылдын октябрь айында аяктаган. Президенттин маалымат кызматынан үчүнчү фаза аяктаган соң Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узартыларын айтты.
Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өтө эле азайып кеткендиктен, жарым кылымдан ашуун убакыт мурда суу астында калган курулуштар түбүнөн көрүнө баштаган. Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычынын деңгээли 10,8 миллиард куб метрге көтөрүлдү.
Sputnik Кыргызстандын кабарчылары Энергетика жана өнөр жай министрлиги уюштурган пресс-турдун алкагында Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСтерине барып келди.
ГЭСтин плотиналык имаратына ушул жерден кирет. Бул аймакта кубаттуулугу 300 мегаватт болгон 4 агрегат жана машина залы, борбордук башкаруунун пульту жайгашкан. Учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт
Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкөдө энергетикалык кризис жок деген маалымат берди. Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетика системасынын абалы өтө начар экендигин, ал тезинен чара көрүүнү талап кыларын айткан эле
Салыштыра келгенде анча чоң эмес Камбар-Ата-2 ГЭСи. Ал Токтогул ГЭСинен жогорураак жакта, Нарын дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач айылында жайгашкан. Азырынча бир агрегат иштеп жатат, экинчисин 2025-жылы эксплуатацияга берүү пландалган
Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстү жагына суу түшө турган жай курулуп жатат. Энергетика министринин айтымында, бул Камбар-Ата-1 ГЭСинин салынышына көрүлгөн даярдыктын бир бөлүгү. Курулушту быйылкы жылдын соңунда бүткөрүү пландалууда
Камбар-Ата-2 ГЭСинин суу сактагычы. Жол менен жүрүп отурсаңыз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга пландалган жерге барып такаласыз. Ал үчүн болжол менен 15 чакырымды басып өтүүгө туура келет
Камбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаттары үчүн орун даяр. Бардык, тагыраагы, үч агрегат тең ишке киргенде гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 360 мегаватт болот.