Орустар эле эмес... Жаңы оюнчу америкалыктарды сүрүп чыгаруудабы?

© AP Photo / Lolita BaldorКошмо Штаттардын борбордук командачылыгынын башчысы генерал Фрэнк Маккензи (сол жакта) Эр-Риядда. Архив
Кошмо Штаттардын борбордук командачылыгынын башчысы генерал Фрэнк Маккензи (сол жакта) Эр-Риядда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Кытай Жакынкы Чыгышка көз артууда", "Төрт жүз миллиард долларлык келишим таасирди күчөттү", "Биздин ашыбызды орустар менен кытайлар алганы калды"... Ушундай аталыштагы макалалар америкалык басылмаларда жайнай түштү.
Америкалык аскер кызматкерлери күч басаңдаса эле Жакынкы Чыгыштагы Кошмо Штаттардын ордун Пекин менен Москва ээлеп алат деп тынчсызданат. Чындыгында чочулоого негиз да жок эмес.
Кытай аталган чөлкөмдүн мунайын негизги сатып алуучу жана көптөгөн өлкөлөр үчүн ири экономикалык өнөктөш, ал эми Россиясыз саясий маселелерди чечүү мүмкүн эмес. АКШны чындап эле бул аймактан ким сүрүп чыгара алат?.. Ушундай ой учугун чубаган Софья Мельничуктун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Жардам боштугу

Кошмо Штаттардын борбордук командачылыгынын башчысы генерал Фрэнк Маккензи Жакынкы Чыгышка жасаган сапарында: "Бизден кеткенде боштукту орустар менен кытайлар толтурат", – деп жоромолдогон. Вашингтон көңүлдү Чыгыш Азияга бурууга ниеттенди. Бул козголоңчу хуситтер менен күрөшүүдө Вашингтонго үмүт арткан саудиялыктардын кызыкчылыгына туура келбестигин белгилеген Маккензи.
Генералдын пикиринде, Пекиндин чөлкөмдө экономикалык күчтү жайылтуу жана аскердик базаларды түзүү боюнча узак мөөнөттүү пландары бар. Ал эми Россия абадан коргонуу тутумдарын жана башка куралдарды сатууга даяр.
"Кытай бүт көңүлдү бура турган коркунуч дегенге толугу менен кошулам, — деген Маккензи. — Ошол эле убакта биз – глобалдык державабыз, глобалдуу ой жүгүртүүгө тийишпиз".
Анан да генерал ошол иш сапарында жергиликтүү өкүлдөр Кошмо Штаттар кызматташууну жактап-жактабасы, дагы кандай жардамды күтүүгө болорун сурашканын маалымдаган.

Шектүү кызматташуу

Америкалык аскер жетекчилерин Кытай ТИМ башчысы Ван Инин жакындагы эле Жакынкы Чыгышка болгон сапары түйшөлткөнү шексиз. Быйыл апрелде ал Сауд Аравиясына, Бириккен Араб Эмирлиги, Оман, Бахрейн, Иран жана Түркияны кыдырып чыккан. Кытайлык дипломат палестин-израилдик жаңжал, Сирия, Ливия, Йемен жана Перси булуңунун башка мамлекеттеринин ортосундагы башка келишпестиктер жөнүндө кеп козгогон. Ал тургай министр так сунуштарын да ортого салган. Маселен, Кытай мунай объектилери жана деңиз жолдорунун коопсуздугун камсыздоо механизмдери жөнүндө көп тараптуу диалог үчүн аянтча болууга даяр экенин айткан. Ошону менен бирге эле Ван И араб өлкөлөрүнө КЭРдин ички иштерине кийлигишпегендиги жана Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы "контртеррордук чараларды" колдогону үчүн ыраазычылык билдирген (АКШ Ак үйү ал окуяны мусулман элдеринин геноциди деп атаган).
Саммит НАТО 2021 в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат
Тегеран менен 25 жылга мунай алуу боюнча келишимге кол коюлган. Чоо-жайы кабарланган эмес, бирок Кытай Ирандын энергетикалык жана транспорттук инфраструктурасына 400 миллиард доллар салым салууга даяр. Былтыр документтердин долбоордук варианттары коомго тарап кеткенде белгилүү болду. Байкоочулар Пекин чөлкөмдөгү өлкөлөргө тиешелүү долбоорлорун көп ачыктай бербөөгө тырышат. Анткен менен башка аймактардагы "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алдындагы келишимдерди жалпыга жар сала таанытышат.
Бирок Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен өз ара кызматташуу жөнүндөгү документтердин көпчүлүгү кытайча да, англисче да жергиликтүү тилде да жарыяланбайт.
Абу-Дабинин улуттук жыргалчылык фондунун жасалма интеллект боюнча изилдеген SenseTime кытай ишканасына инвестиция тууралуу азыраак гана маалымат бар. Иш соңунда жүз таануучу тутум иштелип чыкмакчы. КЭР менен бул тармактарда кызматташууларды америкалыктардын кыртышы сүйбөйт. Алар Пекин аймакта "авторитардык үрөн" таркатышынан кооптонот. Ошентсе да Иран — аймакта Кытайдын эң негизги өнөктөшү болуп саналбайт. Сауд Аравия жана Ирак мунай менен жабдуу, соода, түз инвестициялар жана курал сатуу көлөмү боюнча Тегерандан кыйла алдыда.
Америкалыктардыкына жетпесе да кытай куралы Жакынкы Чыгышка соңку жылдары абдан көп сатыла баштады.

Коопсуздукка жоопкерчилик

Кытайлыктар эбак эле адатка айланган америкалык рыноктордон орун ээлегенин белгилейт Россиядагы "Жогорку экономикалык мектеп" улуттук изилдөө университетинин европалык жана эл аралык комплекстүү изилдөөлөр борборунун сектор жетекчиси Василий Кашин.
"Сауд Аравиясы кытай куралдарын сатып алуучулардын эң ириси, айрыкча аскердик учкучсуздарды көп алышты. Ал гана эмес курал куроо заводунун долбоорун ишке киргизишти. Баллистикалык ракеталар менен да чектелген жабдуу болгон. Артиллерия да, зооттолгон техника да сатышат".
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат
Пекин — аймактагы көп өлкөлөрдүн негизги экономикалык өнөктөшү болсо да, Жибутиде базага ээ. АКШ жана Россияга окшоп аскердик багытта КЭР андай ролду өзүнө ала элек. Жакынкы Чыгыш менен кызматташуу Африкага караганда Кытай үчүн кыйыныраак экенин айтат эксперт. "Аймакта өз позициясына бекем турушат. Пекин милдеттенмелерин аткарбай койгондо обочолонгон Иран да келишимдерди токтоткон", — деп тактайт Василий Кашин.
Кытайдын экономикалык экспансиясы америкалыктардын кыжырын кайнатат, бирок өзгөртүү да колдорунан келбестигин белгилейт Эл аралык иштер боюнча Россия кеңешинин Жакынкы Чыгыш долбоорлорунун менеджери Руслан Мамедов.
"Аймактык жана дүйнөлүк тартипте түзүлгөн ушул таптагы реалдуулукта баары компромисске барууга аргасыз", — дейт Р. Мамедов.
"Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин Кытайды кабыл алышы жакшы көрүнүш. Ал жактагылар ондогон жылдар бою Кошмо Штаттар үстөмдүк кылып келгенин түшүнүшөт. Бул көпчүлүгүн чектеген, тышкы таасир этүүчү өз саясатын жүргүзүп, ал эми чөлкөмдөгүлөр баш ийүүгө аргасыз болушкан, — дейт Мамедов. — Каршылык көрсөтүүлөрдүн аягы жаман бүткөн. Буга далил — аймактагы эң күчтүү армиясы бар Ирак. Бирок АКШ өлкөнү башаламандыкка кептеп койду".
Экинчи жагынан Пентагондун өкүлдөрүнүн ойлорун олуттуу аракеттерге чакырык катары кароого болбойт. Анан да Жакынкы Чыгышта Россия америкалыктар менен азырынча кызматташпастыгын кошумчалайт эксперт.
Активная фаза учений Rapid Trident на Украине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
"Кооптуу сценарий бар": Батыш эмне үчүн аскердик күчүн Украинага тартууда?
Маккензинин айткандарында жаңы деле ой жоктугун боолголойт Москва эл аралык мамилелер мамлекеттик институтунун Перспективдүү америкалык изилдөөлөр борборунун директору Максим Сучков.
"Жакынкы Чыгышта мурункудай масштабда орун алуу Вашингтонду бир топ кыйнап койду, бирок Барак Обама жана Дональд Трамптын чыгымды азайтуу аракетине аскерлер каршы болушкан, — деп эскерет ал. — Бул жерде кесиптик жеке кызыкчылык да бар, себеби борбордук командачылык адатта АКШнын эң ири аскердик операцияларынын так чордонунда турган. Ошондуктан анын жетекчилери ички лидерликти Тынч океандык командачылыкка алдырып жибергиси келген эмес. Кытай жана Россия менен Жакынкы Чыгыш аркылуу тирешүүнүн башаты да ушунда".
Чындыгында Пекиндин да, Москванын да "америкалык мүнөздө" үстөмдүк кылуу үчүн дымагы да, ресурстары да жоктугун айтат эксперт.
"Азыр дүйнөдө мурун зарылдыгы деле жок. Анан калса масштабдуу аскердик орун алуу тышкы саясий ийгилик катары бааланбастыгын америкалык тажрыйба айгинелеп турбайбы", — деп түшүндүрөт Сучков. Ошону менен бирге эле чөлкөмдө америкалык таасирдин азайганын да айтууга болбостугун белгилейт эксперт. АКШнын орду аймакта дале бекем. Андыктан америкалык аскерлердин "Россия менен Кытай ашыбызды тартып алып жатат" таризиндеги билдирүүлөрү Вашингтондогу коомчулукту ынандыруу амалдары катары гана кабылдаган дурус.
Жаңылыктар түрмөгү
0