https://sputnik.kg/20210605/tashiev-tik-uchak-kyrsygy-1052738895.html
Шамал жерге кулатыптыр. Ташиев тик учактын кантип кырсыктаганын айтты. Видео
Шамал жерге кулатыптыр. Ташиев тик учактын кантип кырсыктаганын айтты. Видео
Sputnik Кыргызстан
Камчыбек Ташиевдин айтымында, эки тоонун ортосундагы катуу шамалдан улам тик учак кырсыкка учураган. 05.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-05T16:53+0600
2021-06-05T16:53+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
коом
окуялар
камчыбек ташиев
тик учак
кырсык
https://sputnik.kg/img/07e5/06/05/1052738976_0:170:3322:2048_1920x0_80_0_0_fbc4bad8548e98a363b33bf7b26fb8c8.jpg.webp
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ аны Чоң-Алайга коштоп бараткан тик учак эмнеден кырсыкка кабылганы туурасында айтып берди.Анын видеосу ЭлТР мамлекеттик телеканалынын YouTube баракчасына жүктөлдү.УКМК башчынын айтымында, эки тоонун ортосунда катуу шамалдан улам тик учак кырсыкка кептелген.Белгилей кетсек, кечээ, 4-июнда, Чоң-Алайды көздөй бараткан аскердик тик учак авариялык абалдан улам конууга аргасыз болгон. Ал Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылына түшкөн. Коргоо министрлиги конуу учурунда тик учактан өрт чыгып кеткенин маалымдаган. Бортто экипаж менен кошо 15 адам болгон, 14ү Ош облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.
https://sputnik.kg/20210604/sadyr-zhaparov-kortezh-kyrsyk-1052731535.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/05/1052738976_0:0:3258:2048_1920x0_80_0_0_e2d9a1858bd2fdff0c021f9f841b3ce9.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом, окуялар, камчыбек ташиев, тик учак, кырсык
жаңылыктар, кыргызстан, коом, окуялар, камчыбек ташиев, тик учак, кырсык
Шамал жерге кулатыптыр. Ташиев тик учактын кантип кырсыктаганын айтты. Видео
16:53 05.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Камчыбек Ташиевдин айтымында, эки тоонун ортосундагы катуу шамалдан улам тик учак кырсыкка учураган.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ аны Чоң-Алайга коштоп бараткан тик учак эмнеден кырсыкка кабылганы туурасында айтып берди.
Анын видеосу ЭлТР мамлекеттик телеканалынын YouTube баракчасына жүктөлдү.
УКМК башчынын айтымында, эки тоонун ортосунда катуу шамалдан улам тик учак кырсыкка кептелген.
"Бишкектен эки тик учак менен жолго чыкканбыз, жакшы эле келе жатканбыз. Кокустук экен, артыбыздан эле учуп келаткан, аны өзүм да көргөм. Кийин эле жок болуп кетти. Көрсө, эки тоонун ортосуна киргенде катуу шамал болуп мотордун күчү жетпей калыптыр. Анан шамал сүрүп-сүрүп алып барып жерге кулатыптыр", — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-июнда, Чоң-Алайды көздөй бараткан аскердик тик учак авариялык абалдан улам конууга аргасыз болгон. Ал Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылына түшкөн. Коргоо министрлиги конуу учурунда тик учактан өрт
чыгып кеткенин маалымдаган. Бортто экипаж менен кошо 15 адам болгон, 14ү Ош облустук бириктирилген
ооруканасына жаткырылган. Бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.