Кырсыктаган тик учак. Министрлик жабыркаган бир адамдын абалы оор экенин айтты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Жабыркаган 14 кишинин ичинен бешөө биринчи медициналык жардам алгандан кийин аскердик госпиталга жөнөтүлгөнү айтылды.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ошто тик учак кырсыгынан жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, Ош облустук бириктирилген ооруканасына Тез жардам кызматы менен 14 адам жеткирилген.
"Анын ичинен беш адам күйүк бөлүмүнө жаткырылды. Бирөө травматология, үчөө нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Бир бейтаптын абалы оор деп бааланууда. Төртөөнүн абалы орточо оор, дагы 4 кишиники канааттандырарлык. Бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Президенттин кортежиндеги унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын өкүлү каза болду
Калган беш адам биринчи медициналык жардам алгандан кийин аскердик госпиталга жөнөтүлгөнү айтылды.
Буга чейин УКМК Ош облусунун Алай районунун аймагында аскердик тик учак авариялык кырдаалдан улам конууга аргасыз болгонун кабарлаган. Кийинчерээк Коргоо министрлиги куралдуу күчтөрүнүн тик учагы Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылында авариялык абалдан улам конууга аргасыз болуп катуу конгондуктан, тик учактан өрт чыгып кеткенин маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0