АКШнын ири аскердик базалары өзүн-өзү коргой албасы айтылды

© Фото / Staff Sgt. Eunique StevensИрактагы АКШнын аскердик базасы. Архив
Ирактагы АКШнын аскердик базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Дүйнөнүн булуң-бурчуна жайгаштырылган америкалык аскерлер мурдагыдай коопсуздукта эмес. Стратегиялык жана бюджеттик баа берүү борборунун (Center for Strategic and Budgetary Assessments, CSBA) талдоочулары армиялык базалар чабуулга кабылышы ыктымал экенин айтышат.
Коргонуу тутумуна сокку урууга Россия менен Кытайдын толук күчү жетет, ошол себептен таптакыр жаңы курал системалары зарыл. CSBA бүтүмдөрү жана кеңештери жөнүндө РИА Новости сайтына жарыяланган Андрей Коцтун макаласынан окуңуздар.
Бүгүнкү күндө америкалыктардын 800дөн ашуун аскердик базасы бар. 1945-жылдан тарта алардын көпчүлүгү коопсуз деп эсептелген. Пентагон негизги коркунучтардын бири катары "куугунтукталган мамлекеттердин", маселен, Корея Элдик Демократиялык Республикасы жана Ирандын баллистикалык жана канаттуу ракеталарынын чектелген соккусун гана карап көнүшкөн. Анткен менен CSBA эксперттери Пентагондун колундагы зениттик каражаттар Кытай же Россиянын чабуулунун мизин кайтарууга жетишерлик эмес экенин айтууга аргасыз.
F-35A Lightning II учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Пентагон эмнеге F-35A истребители жана Reaper учкучсузунан баш тартууда?
"Биздин чет жердеги базаларыбыздын коргоо тутуму ракеталардын көптүгү же учкучсуз аппараттарга туруштук бере албай калышы ыктымал, — деп айтылат Стратегиялык жана бюджеттик баа берүү борборунун докладында. — Биздин болжолдуу душмандарыбыз сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрүн заманга бапташтырууда олуттуу өсүшкө жетишкен убакта биз бүгүн негизинен кансыз согуш жылдары түзүлгөн абадан жана ракетага каршы коргонуу комплекстерибизге таянып турабыз". Талдоочулардын айтымында, Кытай Эл Республикасынын 1200 чакан аралыктагы баллистикалык ракета жана Түштүк Кытай деңизиндеги экинчи арал чынжырчасын түзүүгө жөндөмдүү 200-300 курал-жарагы бар. Мындан тышкары, Пекиндин жерге ылайыкталган, 1500 чакырымдан кем эмес аралыкты багындыра алчу миң канаттуу ракетасы бар. Америкалык базалар үчүн олуттуу кооптуулукту кытайлык H-6 стратегиялык бомбалоочулардын флоту жаратат, ал эми келечекте H-20 "көзгө көрүнбөс учактары" АКШнын аймагына сокку урушу мүмкүн. Москва болсо Пентагондун Европадагы аскердик объектилерине коркунуч келтирет. Россиянын тактикалык өзөктүк куралдардын арсеналына, чакан аралыктагы "Искандер-М" баллистикалык комплекстери, жер, деңиз жана абага ыңгайлашкан канаттуу ракеталардын кеңири номенклатурасына ээ. Россиялык гиперүндүү сокку уруучу тутумдар да Вашингтонду тынчсыздандырат.

Дронго басым жасоо

Кошмо Штаттардын аскердик базалардын коргоо системасы аэродинамикалык жана баллистикалык буталардын бардык типтерин жабыркаткан THAAD ракетага каршы коргонуу тутумдарын жана Patriot зениттик-ракеталык комплекстерге негизделген. Жакынкы аймактар үчүн — норвегиялык ЗРК NASAMS жана Phalanx артиллериялык комплекстери каралган. Бирок мындай абадан/ракетага каршы коргонуунун майнаптуулугу шек туудурат. Мисалга, Сауд Аравиясындагы экспорттук "Патриоттор" йемендик хуситтердин учкучсуздарына каршы толук алсыздыгын бир нече ирет көрсөттү. Андан сырткары, америкалыктар 2020-жылдын январында, генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөн соң Ирандын Ирактагы базага урулган ракеталык соккуларынын мизин кайтара алышкан эмес.
Военные учения США в Аляске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
ЖМК: АКШ "биринчи арктикалык согушка" даярдык көрө баштаганын жар салды
АКШнын күчтөрүнө теңата келген душмандын чабуулдарынан аскердик базаларды ынанымдуу коргоо үчүн келечектин технологияларын пайдалануу менен көп кабат ракетага каршы коргонуу концепциясын иштеп чыгып жана киргизүү абзел.
Кубаттуу сенсору бар ондогон учкучсуз аппараттардын биргелешкен түйүнү канаттуу ракеталардын болжолдуу маршруттарында автономдук режимге багытталып, ошондой эле баллистикалык буталардын изин кууп жана башка платформаларга маалымат берет.
Коргонуунун кийинки чеги — "аба – аба" тибиндеги ыраак аралыкка ылайык истребитель жана дрондор. Алардын аткарчу милдети — траекториянын ылдамдатуучу тилкелериндеги баллистикалык буталарды кармап, базадан ыраактагы канаттуу ракеталарды жок кылуу. Дрондордун бир бөлүгүн 100дөн 150 киловаттка чейинки кубаттуулуктагы катуу отундуу лазерлер менен жабдышмакчы. Алар даана көрүнгөн шартта учуучу аппарат жана куралдарды атып түшүрө алат.

Экономикалык пайда

Жаңы физикалык принциптер менен жасалган курал гана абадан жана ракетага каршы коргонуу тутумдарын толуктап, америкалык базалардын коопсуздугун сактоого көмөкчү болору күтүлөт. 2022-жылы Пентагон жерге ылайыкталган 300 киловаттык лазердин алгачкы үлгүлөрүн алууга тийиш. Учкучсуздарды жана канаттуу ракеталарды, ал эми келечекте учкуч тескеген учактарды таамай талкалай ала тургандай кубаттуулукта болмокчу. Анан да бул түзүлүш экономикалык жактан зениттик-ракеталык системалардан алда канча майнаптуу. Комплекстин Patriot зениттик ракеталарынын наркы — беш миллион доллардын айланасында, ал эми лазердик залптын бирдиги 100 долларды түзөт.
HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
"Мурдатан ойлонуш керек эле": АКШ Россияга жооп кайтаруунун жолун тапты
2024-жылы АКШ армиясы күчтүү электр-магниттик импульсту жаратуучу THOR (Tactical High Power Operational Responder) кичи толкундуу замбиректери менен куралданат. Бул татаал электроникасын иштен чыгаруу менен чакан дрон жана канаттуу ракеталарга каршы күрөшүүгө мүмкүндүк берет.
Коргоо тутумунун соңку чеги — M109 артиллериялык түзүлүш, ал үчүн келечектүү гиперүндүү HVP (Hyper-Velocity Projectile) дүрмөтү иштелип чыгууда. Уникалдуу бул курал абадагы буталарга карата да колдонууга болот, ал ракеталардын алды металл сыныктарынан турган тыгыз булутту жаратат. CSBA талдоочуларынын пикиринде, чет жерлердеги базалардын абадан/ракетага каршы коргонуунун ушундай конфигурациясы аскер кызматкерлерин 250 милге (460 чакырым чакты) чейинки радиуста калкалоочу чатыр болуп берет. Анткен менен азырынча жеңилгис абадан коргонуу тутуму жок. Бул үчүн душман атып түшүрө алгандан көбүрөөк ракеталарды гана кое берүү жетишерлик.
Кошмо Штаттардын жерге ылайыкталган лазердик түзүлүштөрүнө, ошондой эле кичи толкундуу куралга басым жасаганын түшүнүүгө болот. Бирок мындай коргонуу комплекстери азырынча иштелип чыгууда, качан алгачкы карлыгачтары талпынары али белгисиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0