Россия ТИМи SWIFT санкция оюндарына аралаштырыла баштаганын айтты

© AFP / JACQUES COLLETГлобальная система межбанковской связи SWIFT
Глобальная система межбанковской связи SWIFT - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Кайсы бир өлкө же өлкөлөрдүн тобу кабыл алган бир тараптуу чараларды санкция деп атоого болбостугу белгиленген.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. SWIFT cистемаcы Россияга каршы санкциялар тогоосуна катышып калышы ыктымал экендигин Россия ТИМинин Экономикалык кызматташуу боюнча департаментинин директору Дмитрий Биричевский РИА Новостиге билдирди.
"Россияны SWIFT системасынан өчүрүп салуу боюнча кооптуулук кадамдары ири алдыда АКШ тарабынан жасалып жатканы эч кимге деле жашыруун эмес", — деген ал.
Муну менен катар эле Биричевский эл аралык укуктарга ылайык, санкцияны бир гана орган мыйзамдуу түрдө киргизе ала тургандыгын, ал БУУ экендигин айткан.
Кайсы бир өлкө же өлкөлөрдүн тобу кабыл алган бир тараптуу чараларды санкция деп атоого болбостугу белгиленген.
Түндүк агым – 2 токтошу мүмкүн. Россия менен Германия кандай жооп кайтарат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
"Түндүк агым – 2" токтошу мүмкүн. Россия менен Германия кандай жооп кайтарат
"Батыштагы биздин өнөктөштөр жасап жаткан кадамдар, кыязы, өздөрүнүн кызыкчылыгы менен өздөрүнүн өндүрүшчүлөрүн дүйнөлүк аренада коргоо максатындагы тоскоолдуктар. SWIFT системасы бул санкция тогоосуна кошулуп калышы мүмкүн деген кооптонуулар бар", — деген Биричевский.
Дипломат эгерде Россия SWIFT системасынан ажыратылса, өзү буга окшогон системаны иштеп чыгарын эске салды.
"Азырынча, биздин баамыбызга караганда, бул туурасында кеп болуп жаткан жок. Бирок болуп кетүүчү нерсеге да даяр болуш керек. Россия объективдүү зарылдыктан улам муну менен жетишерлик эле убакыттан бери алектенип келет", — деген ал.
SWIFT — маалымат алмашуу жана төлөм жүргүзүүнүн эл аралык банктык тутумуна эки жүздөн ашуун өлкөдө 11 миңден көбүрөөк уюм туташтырылган. Россия аны пайдалануучулардын ири үчтүгүнө кирет.
Инструменттен санкция катары РФтин өчүрүлөрү айтылып жүрөт. Буга батыштык саясатчылар да чакырып келет. Анткен менен бул жөн эле жасала койбойт. ЕБдин тышкы жана коопсуз саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин айтымында, SWIFT — эл аралык компания. Андыктан Европанын аны өчүрүп коюу компетенциясы жок. Мындай тобокелдик жок экендигин Россия банкынын төрагасынын биринчи орун басары Ольга Скоробогатова май айынын ортосунда айткан.
Анткен менен Россия тобокелдикке жооп иретинде финансылык байланыштар боюнча өзүнүн системасын түзүп койгон. Акыркы маалыматтар боюнча, ага чет элдик 23 мамлекет кирген, алардын ичинде Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Германия жана Швейцария бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0