Жапаров: армияны күчтөндүрүү үчүн эки багытка көңүл бурулат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка президента Садыра Жапарова в Баткенскую область
Рабочая поездка президента Садыра Жапарова в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Президент мамлекет куралдуу күчтөрдүн аскердик күжүрмөндүгүн дагы да бекемдөө үчүн бардык аракеттерин жумшаарын белгиледи.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Куттуктоодо мамлекет башчы куралдуу күчтөр, армия өлкөнүн ишенимдүү чеби экенин белгиледи.
Төмөндө мамлекет башчынын куттуктоосу толук берилет.
"Жолдош жоокерлер, сержанттар, старшина жана прапорщиктер!
Жолдош офицерлер жана генералдар!
Куралдуу күчтөрдүн урматтуу ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктайм!
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Силер бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготпойт. Жапаров чек арачыларды куттуктады
Биздин армия — биздин ишенимдүү чебибиз. Өлкөбүз куралдуу күчтөрдүн коргоосунда турат.
Кыргызстандын аскер күчтөрү мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган ар кандай аракеттерди толугу менен токтотууга даяр! Биздин жоокерлердин тайманбастыгы жана эр жүрөктүүлүгү сырткы душмандардын мизин кайтарарына бекем ишенем.
Сиздердин мойнуңуздарга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Дал ошол себептен мамлекеттин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана республикабыздын конституциялык түзүлүшүн ишенимдүү коргоо үчүн куралдуу күчтөрдүн аскердик потенциалын жогорулатышыбыз керек.
Биз эки багытка көңүл бурушубуз кажет. Биринчиден, армияны тоолуу шарттарда аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн толук даярдалган жана технологиялык жактан жабдылган атайын бөлүктөрдүн принциби боюнча уюштуруу, экинчиден, чек ара аймактарында жашаган калктын мобилизациялык жогорку даярдыгын камсыз кылуу жана аскердик коркунучтарга, кол салууларга каршы олуттуу күчтөрдү топтоо үчүн элдик кошуундарды түзүүгө өтүү.
Мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана артыкчылыктуу милдеттеринин бири — кесипкөй аскер кызматкерлеринин социалдык статусун жогорулатуу максатында аскер кызматчыларын кепилденген жана толук социалдык камсыздандыруу. Бул чара аскер кызматкерлеринин жашоо деңгээлин жана сапатын жакшыртууга өбөлгө болот.
Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Борбордук айылында салынып жаткан мектептин курулушуна капсула салды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жапаров Лейлекте мектептин курулушун баштап берип, жоокерлер менен жолукту
Мамлекет куралдуу күчтөрдүн аскердик күжүрмөндүгүн андан ары бекемдөө үчүн бардык аракеттерин жумшайт.
Ардагерлердин жана ардагерлер уюмдарынын жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча ишмердигин баса белгилеп кетким келет. Урматтуу ардагерлер! Жаш офицерлер, сержанттар жана жоокерлер сиздерди карап түздөнөт. Сиздердин зор эмгегиңиздер, бай тажрыйбаңыздар жана чыдамдуулугуңуздар үчүн биз чексиз ыраазыбыз.
Мекенди коргоо — чыныгы эр-азаматтардын сыймыктуу милдети!
Биз сиздер менен сыймыктанабыз!
Сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздердин аркасында бейпилдикте жашап, эртеңки келечегибизге ишенимдүү карайбыз! Кызматыңыздар үчүн рахмат айтабыз!".
Жаңылыктар түрмөгү
0