Келинчегимди жигитинен тартып алгам... Паралимпиадага барчу Арстанбектин маеги

© Sputnik / Мээрим ДогдурбековаЯдро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов жубайы менен
Ядро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов жубайы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Ядро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиадага лицензия утту. Бул алгачкы жана учурдагы жалгыз лицензия.
Спортчу Арстанбек Базаркулов 7-18-май күндөрү Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн Гран-при мелдешинде спорттук снарядды 7,98 метр алыстыкка ыргытып, коло медаль жеңген. Мындай көрсөткүч атлеттин Паралимпиадага жолдомо алуусуна жетиштүү болду. Августта өтө турган мелдешке даярданып жаткан Арстанбек менен биздин чыгармачыл топ маектешип келди.
— Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
— Мен 1989-жылы Нарын облусунун Төш-Булак айылында төрөлгөм. Балалыгым айылда чоң атам белекке берген кара эшектин үстүндө өттү десем болот. Үй-бүлөдө он бир туугандын ичинен үчүнчүсүмүн. Менден улуу эки агам, менден кийин Тайсон каймана аты менен таанымал болгон Канат деген иним бар. Андан кийин карындаш, инилерим кетет. Бишкекке келип жашап калганыбыздын себеби бала кезимде жабыркаган эпилепсия оорусу болду. Айылдагы улуу адамдар "жер которсо оору калат" дегендиктен апам бизди алып шаарга көчүп келген. Шүгүр, азыр ал оору калды.
— Эки балаңыз бар турбайбы?
— Келинчегим Зулайка экөөбүз тең шал оорусу (ДЦП) менен жабыркайбыз. Биринчи топтогу майыптыгыбыз бар. Ооба, эки уулдун ата-энесибиз. Жубайым экөөбүздүн тең ден соолуктан мүмкүнчүлүгүбүз чектелгендиктен көпчүлүк балдарыбыз тууралуу сурашат. Кудайга шүгүр, чүрпөлөрүбүздүн он эки мүчөсү ордунда. Алар аман-эсен чоңоюп алышса биздин колубузга кол, бутубузга бут болот деп ишенебиз.
© Sputnik / Мээрим ДогдурбековаЯдро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиадага даярданууда. Арстанбек учурда Кыргызстандын атынан Паралимпиадага жолдомо алган алгачкы жана жалгыз спортчу.
Толкатель ядра Арстанбек Базаркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ядро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиадага даярданууда. Арстанбек учурда Кыргызстандын атынан Паралимпиадага жолдомо алган алгачкы жана жалгыз спортчу.
— Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
— Келинчегим менен таанышкан күн кинодогудай болгон (күлүп). Ал убакта ден соолугумду чыңдаш үчүн 4-шаардык ооруканага келгем. Документтеримди даярдап жүрсөм Зулайка бир палатадан чыгып калды. Көргөндө эле ичимен суктанып койгом. Көрсө ал айылдан келип дарыланып жүргөн экен. Эртеси күнү палатада жатсам сыртта бирөө сонун ырдап жатат. Үнгө арбалып барсам, мен суктанган кыз палатасында ырдап жаткан экен. Ошентип таанышып, сүйлөшүп калдык. Зулайканын ал кезде жандап жүргөн жигити бар болчу. Ал баланы жигитчиликке салып "коркутуп", сүйүктүүмдү тартып алгам (күлүп). Ооруканадан чыккандан кийин колун сурадым.
Альпинист Эдуард Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Эверест чокусун багындыруу үчүн бараткан Эдуард Кубатов менен маек
— Спортко кантип келип калдыңыз?
—  Спортко келишиме Саламат Бекбоев деген байке себепкер болду. Ал өзү дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам. Айылда көчөдөн жолугуп калып залга машыгууга чакырган. Ошондон баштап спортко кадам таштадым. Алгач кол күрөш менен машыгып баштагам.
— Алгачкы жеңиш эстен кетпесе керек?
— Ооба. Саламат байке менен машыгып жүрүп 2008-2009-жылдары мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арналган кол күрөш боюнча мелдешке катыштым. Ал мелдеште биринчи орунду ээлеп, беш миң сом байге алгам. Акчамды апама берип, чогуу кубанганыбыз эсимде. Сүйүнүчүбүзгө чек жок эле.
© Sputnik / Мээрим ДогдурбековаАрстанбек Базаркулов жубайы Зулайка Мамасабирова менен. "Жубайымды жигитинен тартып алгам" деп эскерет спортчу.
Толкатель ядра Арстанбек Базаркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Арстанбек Базаркулов жубайы Зулайка Мамасабирова менен. "Жубайымды жигитинен тартып алгам" деп эскерет спортчу.
— Эмне себептен ядро ыргытууну тандап алдыңыз?
— Саламат байке бир күнү Бакыт Исаков деген киши менен тааныштырды. Ал киши сен профессионалдуу түрдө машыгууң керек деп штанга көтөрүүгө жаздырган. Бир жыл машыгып жүрүп Орто Азия боюнча мелдешке катышып келдик. Убакыттын өтүшү менен бул спорттун түрүнө болгон кызыгуу тарады. Интернеттен издеп отуруп, ядро ыргытууну тандап алдым. Башында суунун жээгинен салмагы 4-12 килограмм болгон таштарды терип келип аларды талаага чыгып ыргытып машыкчумун. Чыныгы спорттук снарядды Дубайда өткөн мелдешке барганда гана кармай алдым. Ядро ыргытуу менен машыкканыма он жылдан ашып калды.
— Ден соолугуңуздан улам спорт менен машыгууда, дегеле жашоодо тоскоолдуктар көп болсо керек...
Көчө спорттун федерациясынын президенти Эмир Мырзабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Street workоut спортунун чеберлери: машыгуубузду президент көрүп таң калган
— Ооба, кыйынчылыктар көп. Ден соолукка байланыштуу келинчегим экөөбүз айына 6 миң сомдон жөлөк пул алабыз. Бул каражатка эки балабызды, өзүбүздү багып келебиз. Жакында эле бир чиновникке жардам сурап кайрылсам, сага күнүнө 200 сомдон бөлүнөт экен, жетиштүү деп койду. Азыркы баа менен 200 сом эч нерсеге жетпешин өзүңүз деле түшүнөсүз да. Бирок, кудайга шүгүр, дасторконубузда наныбыз бар. Анткен менен үйүбүздүн абалын көрүп турасыз... Балдарым, келинчегим жакшы шартта жашаса экен дейм. Бирок бул дагы тагдырдын сыноосу. Ага чөкпөй алдыга умтулуп келем.
— Машыгуулар кайда өтөт?
— Азыр Канттагы өспүрүм балдардын спорттук мектебиндеги залда машыгам. Өзүм Бишкектин Алтын-Казык жаңы кошунда жашаганыма байланыштуу күндө каттаганга туура келет. Кайрымдуулук фонду берген электромобиль менен барып келип турам. Бир тарап жолго күнүнө 40 мүнөт убакыт кетет. Кышында, жаан-чачында үч маршрутка менен каттоого туура келет.
— Электромобиль менен жүргөндө жолдо тоскоолдуктар жаралбайбы?
— Жолдо жүргөндө көпчүлүк айдоочулар шаштырып айлаңды кетирет. Электромобилдин ылдамдыгы саатына болгону 30-35 чакырым. Көпчүлүгү четке кысышат.
Бир жолу электромобилдин кубаты жетпей жолдо баратып өчүп калды. Жолдун эки чети бордюр болгондуктан трассадан чыгып кете албай сүйрөп бараткам. Бир маалда артымдан улуу эле киши жактырбай сөгүнүп, "эй, чолок, жолдон чык!" деп айтты. Өзүм кыйналып баратканда бул кишинин айтканы аябай катуу тийген. Кудай жалгап башка бир байке жардамга келген. Биздин элдин пейили кең, жакшы адамдар көп.
— Паралимпиадага даярдык кандай өтүп жатат?
— Бир жума эс алуу алгам. Буюрса машыгуулар башталат. Учурдан пайдаланып машыктыруучум Алмаз Абировго терең ыраазычылыгымды айтам. Менин жеңиштерим — агайдын мээнетинин үзүрү. Паралимпиада оюндарында жеңишке жетип, Кыргызстандын желегин желбиреткенге бардык аракетимди жумшайм.
Жаңылыктар түрмөгү
0