https://sputnik.kg/20210523/aksh-dujnonun-bulun-burchuna-kimderdi-zhonotkon-1052583516.html
"Түпкүрдөгү армия": АКШ дүйнөнүн булуң-бурчуна кимдерди жөнөткөн?
"Түпкүрдөгү армия": АКШ дүйнөнүн булуң-бурчуна кимдерди жөнөткөн?
Sputnik Кыргызстан
Апта ичинде америкалык Newsweek журналы АКШ армиясынын жашыруун атайын операцияларынын чыныгы масштабын ачыктаган иликтөөсүн жарыялады. 23.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-23T19:30+0600
2021-05-23T19:30+0600
2021-12-14T14:27+0600
дүйнөдө
саясат
ой-пикир
акш
аскер
өлүм
суицид
пикир
https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052583481_0:31:1000:594_1920x0_80_0_0_ae6e3a0af4f8226d94858c06f9448dd8.jpg
Басылмага чыккан маалыматтарды ар ким ар кандай кабыл алды. Макаланы, ага карата коомчулуктун пикирин Виктория Никифорова талдап, аны РИА Новости жарыялады.Россиялык эксперттер АКШнын жашыруун армиясында бүгүнкү күндө көрүнбөс фронттун 60 миңдин тегерегинде желдети бар экенин белгилейт. Алар: аскердик мекемеге келишим менен иштеген, ондогон жасалма паспорт көтөргөн өзүнчө жеке адамдар да, ошондой эле жайнаган фирма, компаниялар дагы. Аларды конгресс да, сенат да, америкалык юстиция да көрмөксөнгө салат. Эмне жоруктарга барышпасын, мамлекеттик органдар эч тиешеси жоктой кулак жапырып, көз жаздымда калтырышат. Кытайлыктар америкалык өнөктөштөрүнүн чектен чыккан бул аракеттерине көңүл бурдурууда.Кошмо Штаттардагы саясатчылар бүт дүйнөгө адеп-ахлак тууралуу тынымсыз насаат окуп турган маалда америкалык жашыруун күчтөр ачык эле Женева конвенциясын жана цивилизациялык аскердик аракеттердин бардык эрежелерин көзгө илбейт."Бул дүйнөлүк коомдук тартипти бузуу эмеспи? Бул адам укуктарын бузуу болуп саналбайбы? Кошмо Штаттар үгүттөп келген чынчылдык, адилеттүүлүк деген эмне өзү?" — деп кыжырданат Weibo пайдалануучусу.Баарынан да америкалык коомчулуктун буга реакциясы кызык болду. Кантсе да Newsweek таап, жарыялаган материалда дүйнө элине демократия баалуулуктарын тараткан америкалык жоокердин жарык образы алда канча айырмаланат эмеспи. Автордун маалыматына караганда, Пентагондун купуя жалданма желдеттеринин басымдуу бөлүгүн мурдагы атайын багытта кызмат өтөгөндөр түзөт. Алар эмне менен алектенишет? Сотсуз эле жарандарды өлтүрүү, кыйноо, адамдарды уурдоо, диверсия жана терактылар — аскердик кылмыштардын толук ассортименти."Newsweek мамлекеттик сырга кийлигишүүсүн токтотууга тийиш" дейт дагы бири. Америкалыктардын көпчүлүгү мындай беделдүү басылмалардын биринде кандайча болуп ушундай макала жарык көрүп калганына түкшүмөлдөнүшөт.Америкалык киберкүчтөр жана алардын маалыматтык психикалык чабуулдары тууралуу он жыл мурда эле британиялык The Guardian жазып чыккан. Африкадагы "көрүнбөс" америкалык атайын багыттагы жоокерлерге байланыштуу баянды Politico да ийгиликтүү иликтеген.Президенттикке жаңыдан киришкенде эле тынчтык жаатындагы Нобель сыйлыгынын лауреаты Барак Обама дүйнөнүн булуң-бурчундагы маанилүү инфраструктура объектилерине ири киберчабуул жасоого буйрук берип турган.Америкалыктардын эң белгилүү санарип диверсиясы АКШ жана Израилдин чалгындоо кызматтары тарабынан тескелген Stuxnet компьютердик вирусун чыгаруу болгон. Ал Ирандын өзөктүк центрифугаларын гана токтотпостон, адамдар менен табиятка да өтө коркунуч туудурган. Натыйжада ал бүт дүйнөгө жайылып кеткен.Иран генералы Касем Сулейманини америкалык аскерлер былтыр Багдадда дүйнө жүзүн каратып туруп көз көрүнөө, ырайымсыздык менен өлтүрүшкөн. Андай ишке башка мамлекеттер барганда америкалыктар дароо аны эл аралык террорлукка айыптап чыкмак. Экинчи тараптан Newsweek басылмасындагы макалада жалданма жоокерлер өздөрүнүн кылмыштуу ишмердиктерин дал кантип аткарары туурасында ийне-жибине чейин берилген.Чалгындоочулардын, анын ичинде Россия жана Кытайда камакка алынгандарынын мисалында автор технология тармагынын саамалыктары, шифрлөө, документтерди жасалма чыгаруу жана биометрияны фальсификациялоо жөнүндө да кеп кылат. Айтор бул "чеберчиликти" болгонун болгондой ачып берген. Макаланын жарыяланган себеби бүгүнкү күндө купуя армия чет жерде эле эмес, Кошмо Штаттардын аймагында да иштей турганында болушу мүмкүн. Мында америкалык жарандар анын бутасына айланат. Иликтөөнүн дүң болгону ушундан. Журналист Уильям Аркин Мэрилендде жайгашкан жеке конторалардын биринин кызматкеринин ишмердигин сүрөттөп берет. Ал өндүрүштүк масштабда жасалма документ, айдоочулук күбөлүк, жасалма насыялык тарыхты жасап берет. Кыскасы, жасалма армия үчүн уламыш жаратат. Ушундай баштан-аяк мыйзамсыз процессте баары: Мамлекеттик департамент, банк, штаттардын өкмөттөрү, камсыздандыруучу компаниялар, Коргоо министрлиги да катышат. Аркин, ошондой эле, жасалма документтердин ээлери АКШнын өзүндө да америкалык жарандардын ишмердигин иликтөө менен алек болушарын айтат.Дүң болгон макала боюнча пикир калтыргандар: "Байдендин администрациясы жашыруун армияны өзүнүн саясий атаандаштарына каршы кайрабай турганына ынана алабызбы?" – деп суроо салышат. Акыркы убакта америкалыктарда чындап эле бийликке суроо көбөйдү. Өлкөдө киши өлтүрүү саны рекорддук ыргак менен өсүүдө. Көпчүлүгү иликтенбей, тергелбей калып жатат. Карапайым жарандар эле эмес, журналисттер да, саясий активист, окумуштуулар да өлтүрүлүүдө.Былтыр жайда Милуокиде саясий активист, Трамптын кызыл терилүү тарапташы Берни Трэмелл киши колдуу болгон. Кылмышкерлер табылбай эле калды. Ошондон бир ай өтпөй антифтин өкүлү Портленддеги митингде Трамптын тарапташын өлтүргөн. Трампка добуш берген Эшли Бэббитти 6-январда Капитолийде полиция кызматкери атып салган.Эртеси күнү түшүнүксүз себептер менен Трамптын дагы бир тарапташы Кристофер Стэнтон Жоржия өз жанын кыйган. Ага катар эле жок жерден Капитолийди кайтарган полиция кызматкери Говард Либенгуд өзүн-өзү атып салган.Былтыр июнь айынын башында 39 жашар журналист Жес Уотерс асынып алган. Андан туура бир апта соң октон каза тапкан Борбордук чалгындоо башкармалыгынын негизги аскердик талдоочусу, 52 жаштагы Энтони Шинелланын сөөгүн табышкан.2018-жылы АКШда дүйнөгө таанымал физик, Стэнфорд профессору инноватор жана мультимиллионер Жень Шучень өзүн-өзү өлтүргөн.Ошондон бир жарым жыл өткөндө Питтсбургда белгилүү вирусолог Бинь Люну атып кетишкен. Пандемия убагында ал илимдин алдыңкы катарында иштеп, коронавирустун механизмин изилдеген. Ага ок аткан киши кыязы кийин өз жанын кыйды окшойт. Коомчулукка дароо башка версияны – Бинь Люну кызгаанчак сүйгөнү өлтүрдү деген маалымат таратышкан.Көпчүлүк чуу жараткан киши өлтүрүүлөрдүн автору чындыгында тажрыйбалуу аскерлер дешет. Терактыдан кийин аларды кылмыш ордунан дароо кетирип, аты-жөнүн өзгөртүшөт. Балким андай деле эместир, бирок Аркиндин макаласы атайын багыттагы аскерлерди даңазалоо боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок бул жаатта суроо салып, ойлонуу өлүмгө тете. 11-сентябрдагы расмий версияны сындагандардын негизгилеринин бири, журналист Майкл Руперт 2014-жылы өз өмүрүнө кол салган. Эки жыл өтпөй режимди сынга алган журналист Виктор Торн да өзүн-өзү өлтүрөт. Newsweek сайтындагы макала тууралуу жазылган "биздин өкмөт элибиз үчүн чет өлкөлөрдүн баарынан кооптуу" деген пикирге кошулбай кое албайсың. Ошондой эле маанайдагы дагы бир "эбегейсиз купуя армиялар, көзөмөл жана байкоо салуунун жалпы тутуму кудум мурдагы тоталитардык мамлекеттегилердегидей болуп турат" деген пикир менен талдообузду жыйынтыктасак туура болчудай.
https://sputnik.kg/20210521/bajdenge-germaniya-putin-menen-kezigerde-kerek-1052559985.html
https://sputnik.kg/20210520/moskva-mamdepartament-uchun-ehmne-dayardoodo-1052550086.html
https://sputnik.kg/20210519/zhany-sokku-uruuchu-kompleks-1052535888.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/17/1052583481_87:0:920:625_1920x0_80_0_0_7c6932df2a826aa46e76c5772bd638a5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, саясат, ой-пикир, акш, аскер, өлүм, суицид, пикир
дүйнөдө, саясат, ой-пикир, акш, аскер, өлүм, суицид, пикир
"Түпкүрдөгү армия": АКШ дүйнөнүн булуң-бурчуна кимдерди жөнөткөн?
19:30 23.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Апта ичинде америкалык Newsweek журналы АКШ армиясынын жашыруун атайын операцияларынын чыныгы масштабын ачыктаган иликтөөсүн жарыялады.
Басылмага чыккан маалыматтарды ар ким ар кандай кабыл алды. Макаланы, ага карата коомчулуктун пикирин Виктория Никифорова талдап, аны
РИА Новости жарыялады.
Россиялык эксперттер АКШнын жашыруун армиясында бүгүнкү күндө көрүнбөс фронттун 60 миңдин тегерегинде желдети бар экенин белгилейт. Алар: аскердик мекемеге келишим менен иштеген, ондогон жасалма паспорт көтөргөн өзүнчө жеке адамдар да, ошондой эле жайнаган фирма, компаниялар дагы. Аларды конгресс да, сенат да, америкалык юстиция да көрмөксөнгө салат. Эмне жоруктарга барышпасын, мамлекеттик органдар эч тиешеси жоктой кулак жапырып, көз жаздымда калтырышат. Кытайлыктар америкалык өнөктөштөрүнүн чектен чыккан бул аракеттерине көңүл бурдурууда.
Кошмо Штаттардагы саясатчылар бүт дүйнөгө адеп-ахлак тууралуу тынымсыз насаат окуп турган маалда америкалык жашыруун күчтөр ачык эле Женева конвенциясын жана цивилизациялык аскердик аракеттердин бардык эрежелерин көзгө илбейт.
"Бул дүйнөлүк коомдук тартипти бузуу эмеспи? Бул адам укуктарын бузуу болуп саналбайбы? Кошмо Штаттар үгүттөп келген чынчылдык, адилеттүүлүк деген эмне өзү?" — деп кыжырданат Weibo пайдалануучусу.
Баарынан да америкалык коомчулуктун буга реакциясы кызык болду. Кантсе да Newsweek таап, жарыялаган материалда дүйнө элине демократия баалуулуктарын тараткан америкалык жоокердин жарык образы алда канча айырмаланат эмеспи. Автордун маалыматына караганда, Пентагондун купуя жалданма желдеттеринин басымдуу бөлүгүн мурдагы атайын багытта кызмат өтөгөндөр түзөт. Алар эмне менен алектенишет? Сотсуз эле жарандарды өлтүрүү, кыйноо, адамдарды уурдоо, диверсия жана терактылар — аскердик кылмыштардын толук ассортименти.
"Newsweek мамлекеттик сырга кийлигишүүсүн токтотууга тийиш" дейт дагы бири. Америкалыктардын көпчүлүгү мындай беделдүү басылмалардын биринде кандайча болуп ушундай макала жарык көрүп калганына түкшүмөлдөнүшөт.
Америкалык киберкүчтөр жана алардын маалыматтык психикалык чабуулдары тууралуу он жыл мурда эле британиялык The Guardian жазып чыккан. Африкадагы "көрүнбөс" америкалык атайын багыттагы жоокерлерге байланыштуу баянды Politico да ийгиликтүү иликтеген.
Президенттикке жаңыдан киришкенде эле тынчтык жаатындагы Нобель сыйлыгынын лауреаты Барак Обама дүйнөнүн булуң-бурчундагы маанилүү инфраструктура объектилерине ири киберчабуул жасоого буйрук берип турган.
Америкалыктардын эң белгилүү санарип диверсиясы АКШ жана Израилдин чалгындоо кызматтары тарабынан тескелген Stuxnet компьютердик вирусун чыгаруу болгон. Ал Ирандын өзөктүк центрифугаларын гана токтотпостон, адамдар менен табиятка да өтө коркунуч туудурган. Натыйжада ал бүт дүйнөгө жайылып кеткен.
Иран генералы Касем Сулейманини америкалык аскерлер былтыр Багдадда дүйнө жүзүн каратып туруп көз көрүнөө, ырайымсыздык менен өлтүрүшкөн. Андай ишке башка мамлекеттер барганда америкалыктар дароо аны эл аралык террорлукка айыптап чыкмак. Экинчи тараптан Newsweek басылмасындагы макалада жалданма жоокерлер өздөрүнүн кылмыштуу ишмердиктерин дал кантип аткарары туурасында ийне-жибине чейин берилген.
Чалгындоочулардын, анын ичинде Россия жана Кытайда камакка алынгандарынын мисалында автор технология тармагынын саамалыктары, шифрлөө, документтерди жасалма чыгаруу жана биометрияны фальсификациялоо жөнүндө да кеп кылат. Айтор бул "чеберчиликти" болгонун болгондой ачып берген. Макаланын жарыяланган себеби бүгүнкү күндө купуя армия чет жерде эле эмес, Кошмо Штаттардын аймагында да иштей турганында болушу мүмкүн. Мында америкалык жарандар анын бутасына айланат. Иликтөөнүн дүң болгону ушундан. Журналист Уильям Аркин Мэрилендде жайгашкан жеке конторалардын биринин кызматкеринин ишмердигин сүрөттөп берет. Ал өндүрүштүк масштабда жасалма документ, айдоочулук күбөлүк, жасалма насыялык тарыхты жасап берет. Кыскасы, жасалма армия үчүн уламыш жаратат. Ушундай баштан-аяк мыйзамсыз процессте баары: Мамлекеттик департамент, банк, штаттардын өкмөттөрү, камсыздандыруучу компаниялар, Коргоо министрлиги да катышат. Аркин, ошондой эле, жасалма документтердин ээлери АКШнын өзүндө да америкалык жарандардын ишмердигин иликтөө менен алек болушарын айтат.
Дүң болгон макала боюнча пикир калтыргандар: "Байдендин администрациясы жашыруун армияны өзүнүн саясий атаандаштарына каршы кайрабай турганына ынана алабызбы?" – деп суроо салышат. Акыркы убакта америкалыктарда чындап эле бийликке суроо көбөйдү. Өлкөдө киши өлтүрүү саны рекорддук ыргак менен өсүүдө. Көпчүлүгү иликтенбей, тергелбей калып жатат. Карапайым жарандар эле эмес, журналисттер да, саясий активист, окумуштуулар да өлтүрүлүүдө.
Былтыр жайда Милуокиде саясий активист, Трамптын кызыл терилүү тарапташы Берни Трэмелл киши колдуу болгон. Кылмышкерлер табылбай эле калды. Ошондон бир ай өтпөй антифтин өкүлү Портленддеги митингде Трамптын тарапташын өлтүргөн. Трампка добуш берген Эшли Бэббитти 6-январда Капитолийде полиция кызматкери атып салган.
Эртеси күнү түшүнүксүз себептер менен Трамптын дагы бир тарапташы Кристофер Стэнтон Жоржия өз жанын кыйган. Ага катар эле жок жерден Капитолийди кайтарган полиция кызматкери Говард Либенгуд өзүн-өзү атып салган.
Былтыр июнь айынын башында 39 жашар журналист Жес Уотерс асынып алган. Андан туура бир апта соң октон каза тапкан Борбордук чалгындоо башкармалыгынын негизги аскердик талдоочусу, 52 жаштагы Энтони Шинелланын сөөгүн табышкан.
2018-жылы АКШда дүйнөгө таанымал физик, Стэнфорд профессору инноватор жана мультимиллионер Жень Шучень өзүн-өзү өлтүргөн.
Ошондон бир жарым жыл өткөндө Питтсбургда белгилүү вирусолог Бинь Люну атып кетишкен. Пандемия убагында ал илимдин алдыңкы катарында иштеп, коронавирустун механизмин изилдеген. Ага ок аткан киши кыязы кийин өз жанын кыйды окшойт. Коомчулукка дароо башка версияны – Бинь Люну кызгаанчак сүйгөнү өлтүрдү деген маалымат таратышкан.
Көпчүлүк чуу жараткан киши өлтүрүүлөрдүн автору чындыгында тажрыйбалуу аскерлер дешет. Терактыдан кийин аларды кылмыш ордунан дароо кетирип, аты-жөнүн өзгөртүшөт. Балким андай деле эместир, бирок Аркиндин макаласы атайын багыттагы аскерлерди даңазалоо боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок бул жаатта суроо салып, ойлонуу өлүмгө тете. 11-сентябрдагы расмий версияны сындагандардын негизгилеринин бири, журналист Майкл Руперт 2014-жылы өз өмүрүнө кол салган. Эки жыл өтпөй режимди сынга алган журналист Виктор Торн да өзүн-өзү өлтүрөт. Newsweek сайтындагы макала тууралуу жазылган "биздин өкмөт элибиз үчүн чет өлкөлөрдүн баарынан кооптуу" деген пикирге кошулбай кое албайсың. Ошондой эле маанайдагы дагы бир "эбегейсиз купуя армиялар, көзөмөл жана байкоо салуунун жалпы тутуму кудум мурдагы тоталитардык мамлекеттегилердегидей болуп турат" деген пикир менен талдообузду жыйынтыктасак туура болчудай.