"10 кеме жетет". Түндүк флоту жаңы сокку уруучу комплексти өздөштүрүүдө

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскердик кемелери. Архив
Россиянын аскердик кемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Кемеге каршы сокку уруучу "Циркон" ракеталары акыркы тесттик сыноолорго даярданып жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, ал жайдын соңуна өтүп, андан кийин суу астында жүрүүчү кемелерде сыналмакчы.
Россиянын Аскер-деңиз флоту үчүн "Циркондун" мааниси канчалык экенин РИА Новости териштирип көрдү

Алгачкы алып жүрүүчү

Акыркы сыноолор башталчу күн так эмес, бирок коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, жыл соңу менен ракета толук текшерүүдөн өтөт. Президент Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусунда курал жакын арада аскердик күзөткө коюларын белгилеген. Ал эми Куралдуу күчтөргө кийинки жылдан тарта жеткириле баштамакчы.
Репетиция учурунда танктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Аскердик кубаттуулукту арттырууга чыгым өсүүдө. Дүйнөлүк тенденцияга сереп
22350 долбоорунун башкы фрегаты "Адмирал Горшков" биринчилерден болуп "Цирконду" пайдаланып, деңизде машыккан. Фрегат 2018-жылдын жай айларында флотко кабыл алынган болчу. Борт жогорку деңгээлде автоматташтырылып, алдыңкы электрондук система менен жабдылгандыктан "суу үстүндөгү компьютер" аталган. Көптөгөн технологиялар биринчи ирет колдонулду.
Фрегаттардын негизги куралы — вертикалдуу жайгашкан 16 атылуучу түзүлүштөгү "Калибр" канаттуу ракеталары. Артиллериясы — мүнөтүнө 30 жолу 23 чакырым алыстыкка атылуучу 130 миллиметрлик универсалдуу куралдар. Асманды "Полимент-Редут" зениттик-ракеталык комплекси көзөмөлдөп турат. Ал эми суу алдындагы кайыктарга "Пакет-НК" деп аталган төрт торпедалык аппарат каршы чыгууга жөндөмдүү.
"Адмирал Горшков" сериясынын алгачкысынын курулушу 2006-жылы башталган, бул СССРден берки суу үстүндө жүрүүчү биринчи ири кеме. Фрегатта бир катар изилдөөлөр жүрүп, курал-жарактын түрү, абадан коргонуучу жана радиоэлектрондук жабдуулар сыналган. Мындан улам платформаны эксперименталдык "Циркон" менен жабдуу кадыресе көрүнүш катары кабыл алынды.
"Горшковдун" бортунда биринчи сыноолор 2019-жылы жүргөн. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, эки ирет суудагы бутага, бир жолу кургактагы бутага атылган.

Арктиканы калкалоо

Кургакта да, сууда да иштөөчү жаңы гиперүндүү комплекстерди куруу иштери 2010-жылдары башталган, ал эми долбоордун ийгиликтүү ишке аша баштаганын президент Владимир Путин 2018-жылы жар салды.
Подготовика к дню памяти в Национальном кладбище Арлингтона, США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
АКШ эмне себептен бардык согуштарда утулууда? Батыштагы басылмага сереп
Деңиздеги версия кемеге каршы багытталган "Гранит" ракеталарын алмаштырары күтүлүп жатат. Аталган ракеталар Россиянын Аскер-деңиз флотунда 1980-жылдардан бери кызмат кылып келет. Заманбапташтырылган кемелер "Циркон" менен жабдылат, бул биринчи кезекте 22350 долбоорунун фрегаттарына, "Адмирал Нахимов" крейсерине, "Лидер" эсминецтерине байланыштуу. Мындан тышкары, "Циркон" суу алдында жүрүүчү көп буталуу 971, 949А жана 885 атом кайыктарына орнотулат. Артыкчылыктуу багыт — Түндүк флоту. Бул дагы тегин жерден эмес.
"Циркон" ыраакка атылат, эксплуатация учурунда аскердик даярдык алкагында атуулар зарыл", — деди Түндүк флотунун экс-командачысы Вячеслав Попов. — Түндүк флоттун операциялык зонасы жана полигону жаңы курал-жаракты сыноо үчүн Балтика же Кара деңизге караганда ылайыктуу".
Анын үстүнө Арктика зонасы ракета учурууга ыңгайлуу болуп саналат.
"Түндүк флот Арктика үчүн жооптуу, — деп түшүндүрдү адмирал. — Куралданууну күчөтүү бүгүнкү күндүн эле эмес, келечектин да маселеси. Арктика — транспорттук аспектиде да, коргонуу жаатында да өлкөнүн келечеги. "Циркон" ракетасы универсалдуу. Ал Куралдуу күчтөрдүн кайсы бир өнүгүү этабында жалпы Аскер-деңиз флотунун алдыңкы ракеталык куралы, ошондой эле башка мамлекеттерди Россиянын коопсуздугуна коркунуч туудурчу кадамдардан ооздуктоочу күчтүү фактор болуп калмакчы".

Көзөмөл каражаты

Сыноо учурунда "Циркон" 450 чакырымдан кургактагы да, суудагы да бутасына таамай тийип жатты. Атуучу аралыгы бир чакырым деп айтылган. Ылдамдыгынын максималдуу чеги 11 Мах же саатына 11 миң чакырым. Мунун баары ракетанын кынтыксыз экенинен кабар берип турат.
Кара деңиздеги РФтин Каспий флотилиясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?
"Цирконго" батыш мамлекеттеринин, анын ичинде АКШнын да дароо көңүл бурганы бекеринен эмес. Пентагон тыкыр көз салып, гиперүндүү курал-жарак жагынан Россиядан кыйла артта калганын моюндап келет. Америкалык эксперттер аталган комплекс АКШнын таянар күчү болгон авиа алып жүрүүчүлөр үчүн олуттуу кооптуулук деп санашууда.
 Флотту колдоо боюнча жалпы россиялык кыймылдын төрагасы, 1-рангдагы капитан Михаил Ненашевдин айтымында, армия менен флотко арналып иштелип чыккан курал-жарактын баары Батыштын агрессивдүү сценарийлерине жооп болуп саналат. Ал "Циркон" орнотулган суу алдында жана суу үстүндө жүрүүчү он кеме чабуул коюучу жана коргонуучу түзүлүштөр менен биргеликте Арктика аймагында өлкөнү коргоо үчүн бардык геосаясий көйгөйлөрдү чечип кое аларын белгиледи.
Пайдаланууга бериле элек "Циркон" азыр эле саясатка таасир тийгизип жатканы байкалат. Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов комплекстин сыноодон ийгиликтүү өтүшү россиялык дипломаттар үчүн америкалыктар менен куралданууну көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдө бир топ ишеним жаратып жатканын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0