Доллар, ачарчылык жана коронавируска каршы күрөш. ЕАЭБ саммитине сереп
21:26 22.05.2021 (Жаңыртылды: 22:30 16.12.2021)
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференциясында
Жазылуу
Кечээ өткөн саммиттин жыйынтыгы миллиондогон адамдардын, анын ичинде кыргызстандыктардын да жашоосуна таасир этиши мүмкүн.
Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары козгогон маселелер жана КР президенти Садыр Жапаровдун сунушу тууралуу Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуздар.
Коронавируска жана азык-түлүктүн кымбатташына каршы күрөш учурдун орчундуу милдеттеринен эмеспи. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйынында да бул темалар талкууланды. Ал кечээ, 21-майда, адатка айлангандай онлайн өттү. Саммиттин мындай форматынан улам Беларусь менен Казакстандын президенттери бири-бирине сөз ыргытып да алышты.
Казакстан кыйла меймандос эле...
Жыйынды ачып жатып саммиттин модератору Казакстандын президенти (аталган өлкө быйыл ЕАЭБге төрагалык кылууда) Касым-Жомарт Токаев пандемиянын айынан бир жарым жылдан тарта катышуучулар бетме-бет көрүшө албай келгенин айтты. Кийин Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев видеоконференция форматында болсо да баарын көрүп, саламдашып, алик алып турганына кубанычта экенин билдирди.
"Ардактуу төрагабыз айткандай, көптөн бери көрүшпөй, бири-бирибизге телевизордон карап жатып сагынышып да калыппыз. Казакстан деле мурда кыйла меймандос эле, төрага катары мейманга чакырып турчу. Азыр эмнегедир жаап коюшту... Биздин вакцинабыз жакшы, калкты ири масштабда эмдеп жатабыз дейбиз, бирок кезиге албай келебиз", — деди Беларусь президенти Александр Лукашенко.
Ал сүйлөп жатканда Назарбаев кол куушуруп, ал эми Токаев кебелбестен документтерди окуй берди. Беларусь башчысы быйыл октябрда Минскиде жолугушуу чечимин да эске салып, "Менимче, өкүнбөйсүздөр" деп белгилеп, саммиттин катышуучуларын чакырып өттү. Казакстан президенти Лукашенко тарабынан айтылган мындай "чымчыламайды" жоопсуз калтырбады.
"Александр Григорьевич адаттагыдай эсте каларлык сөзүңүз үчүн ыраазычылык билдирем. Кесиптештеримден биздин меймандостугубуздан шек санабоону өтүнөр элем. Бул жолугушууну онлайн өткөрүү биргеликте чечилген, буга баарыңыздар макул болгонсуздар. Биз жыйынга катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын саламаттыгына жана коопсуздугуна тынчсызданабыз. Кырдаалды көз жаздымда калтырган болбойт, пандемия мурдагыдай эле бардык өлкөлөрдө чегине элек", — деди Токаев.
Вакциналар
Албетте, саммитте алда канча маанилүү учурлар да арбын болду. Маселен, Токаев Казакстанда россиялык "Спутник V" вакцинасы чыгарылып жатканын да маалымдап, "бул ийгиликтүү илимий-өндүрүштүк кооперациясынын көрүнүктүү үлгүсү", — деп белгиледи. Өз кезегинде Россиянын лидери Владимир Путин вакцинаны ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө өндүрүлүшү мүмкүн экенин айтты.
"Беларусь жана Казакстанда "Спутник V" өндүрүшү кыйла ийгиликтүү жолго коюлду. Россия — вакцина өндүрүү технологиясын башкалар менен бөлүшүп жаткан жападан жалгыз өлкө. Ушундай өндүрүштү Армения менен Кыргызстанда да уюштуруу жагы каралып жатат", — деп түшүндүрдү Путин.
Коронавирус башка илдеттерди жок кылып жибергени жок
РФ президенти азыркы жагдайларды эске алуу менен дары коопсуздугу жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
"Жыл аягына дейре ЕАЭБ эксперттери өлкөлөрдү COVID-19 гана эмес, башка кооптуу дарттарды дарылоочу стратегиялык маанилүү препараттар менен камсыздоо боюнча иш-чаралардын планын даярдап чыгууга тийиш. Кеп төркүнү жакынкы келечекте ЕАЭБде саламаттыкты сактоонун улуттук тутумдарынын керектөөсүн канааттандырууга жетишерлик көлөмдө майнаптуу жана анчалык кымбат эмес дары-дармек өндүрүшүн уюштурууда", — деди Россия лидери.
Доллардан арылуу
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосунда эсептешүүдө улуттук валюталардын үлүшүн көбөйтүү жөнүндө да көп сөз болду. Беларусь президенти интеграциялык биримдик ичинде көмүр суутек сатууда доллардан баш тартууну сунуштап, буга мезгил жеткенин белгиледи.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушул темада өз сунушу менен чыкты. Ал улуттук валютанын чабал болуп кеткендигин, ошондой эле тышкы инфляциянын айынан ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүк кымбаттаганын эске салды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан президенти Садыр Жапаров
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров
"Тышкы инфляциянын "азык-түлүк куржунундагы" товарларга болгон таасирин теңдештирүү менен катар биримдикке мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарында соода-финансылык операцияларды жүргүзүүнү камтыган натыйжалуу механизмди ойлоп табуу сунушталат", — деди КР лидери.
Азык-түлүк бааларынын өсүшү
Негизи эле азык-түлүк жана баанын көтөрүлүшү жыйында эң орчундуу темалардын сабында болду. Токаев белгилегендей, жоромолдор боюнча 2030-жылга чукул азык-түлүк 35 пайыздан ашуун кымбаттайт, бул өтө чочулатат.
"Мүчө мамлекеттердин ар бири азык-түлүк товарларын өндүрүү дараметине ээ. Ошону менен бирге эле ички рынокту коргоо боюнча чектөөлөр айыл чарба азыктар рыногун ооздукталышына жана азык-түлүк таңсыктыгына кептеши ыктымал. Албетте, айрым убакта мындай чара өзүн убактылуу актайт, бирок чектөөлөр биздин биримдиктеги өлкөлөргө тиешелүү болбошу кажет", — деп белгиледи Казакстан лидери.
Беларусь президенти пандемия жаңыдан башталганда эле БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму планетанын айрым аймактарында азык-түлүк тартыштыгын, ал түгүл ачарчылыкты божомолдогонун эске салды.
"Ошол жоромолдор чын чыга баштады. Ар кыл маалымат булактарынан планетада эмитен эле жарым миллиарддын тегерегинде адам ачка калып жана тамак-ашы жетиштүү эмес экенин эшитип турабыз. Биримдиктин алкагында биз өзүбүздүн азык-түлүк коопсуздугубузду камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз", — деп кошумчалады Лукашенко.
Ушул темага Россиянын президенти да токтолду. Туруксуз дүйнөлүк конъюнктурада күнүмдүк керектөөдө зарыл азыктардын баасы кескин өзгөрүшүнө байланышкан көйгөйлөр курч экенин белгилөө менен Путин ушул тармактагы абалды турукташтыруу боюнча Россиянын демилгесин колдогону үчүн өнөктөштөргө ыраазы экенин, анан да Россиянын бул маселеден чыгуунун так жолдору бар экенин маалымдады.
Жакында эле Евразиялык экономикалык комиссия кумшекер рыногунда ЕАЭБ мамлекеттеринин баа саясатын консолидациялоого багытталган чечимдерди кабыл алганын эске салды. Ошону менен кошо эле Путин зарылдыгы чыкса ушундай эле ыкчам чараларды өндүрүмдөрдүн бөлөк түрлөрүнө карата да көрүү керектигин кошумчалады.
Кыргызстан эмне сунуштады?
Дагы бир такай айтылып келген тема — өз ара соода жүргүзүүдө коюлган бөгөттөр. Казакстан президенти экономиканы каатчылыктан кийин калыптандырууда чечүүгө мезгил жеткен көйгөй – тоскоолдуктар экенин белгиледи.
"Карантин маалында алар көбөйүп кетти. Соода-экономикалык активдүүлүктүн жанданышы менен алар өзүнөн өзү жоюлбайт деген коркунуч бар", — деди Токаев.
Ушул маселеден Жапаров да кеп козгоду. Кыргызстан ар убак интеграцияны колдоп келгенин эске салды.
"Биз ички рынокто тоскоолдуктар, алып коюу жана чектөөлөрдүн жоюлушу кандай гана интеграция болбосун негизги дивиденд экенин так түшүнүүбүз лаазым", — деп белгиледи КР башчысы.
Анын айтымында, соода көлөмүн көбөйтүү зарыл, бирок жолтоолор толук жоюлбаса анын жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Атап айтканда, бул үчүн ЕЭКке кошумча ыйгарым укук берип, ЕАЭБ жөнүндөгү келишимде каралган толук форматтагы жалпы рынокту түзүүгө киришүү керек.
Эмгек мигранттары тууралуу кеп
Жалпы рыноктон кеп салып жатып Кыргызстандын президенти жалпы эмгек рыногуна да өзүнчө токтолду.
"Биримдиктин ичинде жарандарыбыз жана алардын бүлөсү эркин жүрүп, ишке орношуудан тышкары заманга бап стандарттагы медицина, билим берүү жана социалдык коргоо менен камсыз болушу шарт. Бул жарандардын абалын жана жашоо сапатын жакшыртууну көздөгөн биримдиктин негизги максаттарына толук шайкеш эмеспи", — деп белгиледи Жапаров.
Россиялык лидер да эмгек мигранттары тууралуу оюн билдирди. Жарандардын сапарын жеңилдеткен жана чек аралардан өтүү жол-жоболорун кыйла тездеткен "COVID-19суз саякатта" деп аталган платформадан сөз кылды.
"Өз тарабынан Россия башка өлкөлөрдөн, албетте, эң оболу ЕАЭБден келген жарандар үчүн шарттарды жакшыртууга болушунча тырышууда", — деди Путин.
Жакын арада "Чек арасыз жумуш" унификацияланган интернет-тутуму ишке киргизилерин кошумчалады. Аталган тиркеме ишке орношууга зарыл болгон бардык документтерди онлайн режимде каттоого мүмкүнчүлүк берет.