https://sputnik.kg/20210519/kumtor-investiciyalyk-klimat-1052534914.html
Шыкмаматов: өлкөнүн инвестициялык климатын "Кумтөргө" байлоо туура эмес
Шыкмаматов: өлкөнүн инвестициялык климатын "Кумтөргө" байлоо туура эмес
Sputnik Кыргызстан
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов Кумтөр маселеси чечилбесе өлкөнүн саясий туруктуулугуна залакасы тийиши ыктымал экенин... 19.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-19T11:06+0600
2021-05-19T11:06+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
экономика
кыргызстан
"кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
алмамбет шыкмаматов
инвестициялар
кумтөр
коррупция
https://sputnik.kg/img/07e5/05/12/1052527764_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_02544cb79f769b89532940654d76d945.jpg
Шыкмаматов: өлкөнүн инвестициялык климатын "Кумтөргө" байлоо туура эмес
Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: өлкөнүн инвестициялык климатын "Кумтөргө" байлоо туура эмес
Өлкөнүн инвестициялык климатын "Кумтөргө" байлоо туура эмес. Анткени андан башка көптөгөн компаниялар республикада ишмердүүлүгүн мыйзам негизинде эле жүргүзүп келе жатат. Бул тууралуу Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Centerra Gold Inc. компаниясы лицензия, инвестиция жөнүндө мыйзамдар жок кезде өлкөгө кирген.Ошондой эле ал соңку 30 жыл ичинде Кумтөр кандайдыр бир деңгээлде саясий туруксуздуктун себеби болуп келгенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/12/1052527764_103:0:2834:2048_1920x0_80_0_0_f51689782e3308817734ef28a250ad5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
экономика, кыргызстан, "кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы, алмамбет шыкмаматов, инвестициялар, кумтөр, коррупция
экономика, кыргызстан, "кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы, алмамбет шыкмаматов, инвестициялар, кумтөр, коррупция
Шыкмаматов: өлкөнүн инвестициялык климатын "Кумтөргө" байлоо туура эмес
11:06 19.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов Кумтөр маселеси чечилбесе өлкөнүн саясий туруктуулугуна залакасы тийиши ыктымал экенин билдирди.
Өлкөнүн инвестициялык климатын "Кумтөргө" байлоо туура эмес. Анткени андан башка көптөгөн компаниялар республикада ишмердүүлүгүн мыйзам негизинде эле жүргүзүп келе жатат. Бул тууралуу
Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Centerra Gold Inc. компаниясы лицензия, инвестиция жөнүндө мыйзамдар жок кезде өлкөгө кирген.
"Мамлекеттин инвестициялык климатын "Кумтөргө" байлоо туура эмес. Centerra Gold Inc. сыяктуу ондогон компаниялар Кыргызстанда иштеп жатат, иштей беришет. Тескерисинче, Кыргыз Республикасы Centerra Gold Inc. менен болгон алакасында коррупциялык элементтерге чекит коюп, бүткүл дүйнө кайдыгер карабаган экологиялык маселелерди көтөрүп чыгып, адилеттүүлүктү орнотууга ташталган кадам катары баалоо зарыл. Өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет дегендер — улуттун эмес, Centerra Gold Inc. компаниясынын кызыкчылыгын коргоп жаткандар. Кумтөр менен болгон келишим Аскар Акаевдин учурунда адилетсиз түзүлүп калган. Андан кийин Максим Бакиевдин учурунда коррупциялык элементтер орун алып, ал келишимде өлкөнүн позициясы начарлаган. Андан тышкары, экологияга эбегейсиз зыян келтирүүдө. Ошондуктан бул ишти аягына чейин чыгаруу зарыл. Ал үчүн саясий чечкиндүүлүк бар жана артка кылчактабай мыйзамдуу жол менен өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо керек", — деди Шыкмаматов.
Ошондой эле ал соңку 30 жыл ичинде Кумтөр кандайдыр бир деңгээлде саясий туруксуздуктун себеби болуп келгенин кошумчалады.