00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өткөн жылы Кыргызпатент авторлорго 29 миллион сомдон ашуун гонорар төлөдү
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бөбөктөрдүн иммунитети: баланын сасык тумоого чалдыгышы кадимки көрүнүшпү?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что говорят цифры: главные тенденции 2025 года по данным Нацстаткома КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы банк секторунун жана Кыргызстан банктар бирикмесинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Мекемеден маалымдашкандай, жолугушууда салык мыйзамдарына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөр жана “Транзакцияга салык” атайын салык режими талкууланды. Анын ичинде аталган салыктын ставкасын 0,2 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүү демилгеси каралды. Ошондой эле транзакцияга салыкты башкарууну автоматташтыруу жана мамлекеттик органдар менен банктардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу маселелерине көңүл бурулду. Эске салсак, учурда транзакцияга салыкты эсеп ачылган банк кармап, бюджетке которот. Бул режимди колдонгон субъекттер башка ишмердүүлүк менен алектене албайт.Мындан тышкары, транзакциялык иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин атайын салык режимин колдонуу боюнча арызды салык органына тапшырууга милдеттүү.
Кыргызстанда таксисттерге лицензия берүү мөөнөтү узартылбайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Sputnik агенттигине билдирди. Мекеме 2-февралдан тарта өлкө боюнча рейддер башталарын эскертти. Бүгүнкү күнгө карата лицензияны 7 миңден ашуун жеке айдоочу жана 300дөн ашык таксопарк алган. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев лицензия ала элек айдоочулар көп болгондуктан таксинин баасы 200-300 сомдон 800 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирген.
Кыргызстандын президентинин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили менен жолугушту.Жолугушууда тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүү маселелери талкууланды.Динара Кемелова Кыргызстан менен Грузия тоолуу өлкөлөр экенин белгилеп, климаттын өзгөрүшү жана табигый катаклизмдерге байланышкан окшош чакырыктарга көңүл бурду. Ал ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды.Мындан тышкары тараптар БУУ алкагындагы биргелешкен аракеттерди жана “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитин уюштуруу маселесин карашты. Грузия тарап тоо күн тартиби боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.
2025-жылы Баткен облусуна тартылган чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 63 миллион 135 миң долларга жетти. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен тикелей инвестициялар 40 миллион доллардан ашты. Бул көрсөткүч облус инвесторлор үчүн ишенимдүү жана келечектүү аймакка айланып жатканын билдирет.Ошондой эле Баткен облусу коңшу Фергана жана Согдий облустары менен кызматташтыгын бекемдеди. Монголиянын Дунговь провинциясы менен жүндү кайра иштетүү жана кашемир эчкилерин алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан тышкары президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Кытайдан келген инвесторлор менен жолугуп, ири инвестициялык долбоорлорду талкуулады.Аймактын туристтик потенциалы да өсүп, 2025-жылы Баткен облусуна 31 миңден ашуун турист келгени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0