Кыргызстанда кайрадан башталчу менчиктештирүү кандайча ишке ашат. Шарты
15:06 11.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Акылбек БатырбековЭкономика министрилгинин имараты. Архив
Жазылуу
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, мамлекеттик мүлктүн курамында 170 акционердик коом, ЖЧК жана мамлекеттик ишканалар бар. Алардын бардыгы бир нече бөлүккө бөлүнөт.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бүгүн, 11-майда, Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эльдана Сатарова мамлекеттик активдер кандайча реформаланарын жана кайсы объектилерди сатуу пландалып жатканын журналисттерге айтып берди.
Төмөндө Сатарованын айткандарынын урунттуу учурлары жана суроолорго берген жооптору жазылды.
Маселенин көтөрүлүшүнүн себеби
- 5-майда президент Садыр Жапаров мамлекеттик менчик боюнча бир нече билдирүү жасаган:
- мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялап келечекте жеке менчикке берүү маселеси турат;
- стратегиялык объектилердин иш функциялары менен көрсөтүлгөн сервистик кызматтарын приватташтыруу зарыл;
- бул иштер аткарылгандан кийин Мамлекеттик мүлк фондун жоюу кажет;
- менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлк министрликтерге, ведомстволорго жана жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлүшү керек;
Жапаровдун айтымында, бул пландарды ишке ашыруу үчүн бир жыл жетиштүү.
Төрт группа
Экономика министрлигинин өкүлүнүн айтымында, мамлекеттик объектилердин функциясына жана финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө анализ жасалат. Ар бир объект боюнча өзүнчө чечим кабыл алынмакчы. Анализ аяктаган соң ишканалар бир нече топко бөлүнөт:
- Менчиктештирүү жана жоюу үчүн. Мыйзамдарга ылайык, сатыкка коюла турган объектилердин тизмеси Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Адис белгилегендей, баанын коюлушунан соодалашууга чейинки процесс ачык чагылдырылат. Көзөмөлдөөгө жарандык коомчулук тартылат;
- коммерциялык эмес функцияны аткарган жана мамлекет тарабынан каржыланган объектилер мамлекеттик мекемеге айланат;
- айрым ишканалар менен объектилер жергиликтүү бирикмелер кошумча каражат таап, маселелерин өздөрү чечип алышына шарт түзүү үчүн берилет;
- калган мамлекеттик ишканалар. Реорганизация жүргүзүп, кийин акционерлештирүү сунушталууда. Башкача айтканда, мамлекеттик ишканалардын ордуна чарба субъектилери түзүлүп, 100 пайыз үлүшү мамлекетте болот.
Сатарованын айтымында, бардык өзгөртүүлөрдүн финалдык этабында акциялардын мамлекеттик пакети мамлекеттик башкаруучу компанияларга өткөрүп берилет.
"Биздин божомол боюнча, эки-үч мамлекеттик холдинг болот. Алар отун-энергетика комплекси, тоо-кен тармагы жана активдерди башкаруу сферасында болуп, жеке башкаруучу компаниялар сыяктуу эле иштейт", — деди ал.
Сатарова мындай өзгөрүүлөр учурунда бардык объектилер приватизацияланат деп түшүнбөш керектигин айтты.
"Приватизациянын стратегиялык объектилерге тиешеси жок. Башкача айтканда, улуттук коопсуздук жана улуттук кызыкчылыктар менен байланышкан ишканалар менчиктештирилбейт. Калк менен бизнеске социалдык кызмат көрсөткөн объектилерди менчиктештирүү маселеси каралбайт дагы", — деди Сатарова.
Аутсорсинг тууралуу
Стратегиялык ишканалардын анча маанилүү эмес бизнес-процесстери аутсорсингге жөнөтүлөт.
Канча мамлекеттик объект бар жана канчасы чыгашалуу
Экономика министрлигинин өкүлүнүн айтымында, мамлекеттик активдердин портфели төмөнкүчө:
- 48 акционердик коом, анын 30га чукулу иштейт;
- 17 ЖЧК, анын алтоо гана иштейт;
- 104 мамлекеттик ишкана. Булардын 35и кирешелүү, 20сы чыгашалуу, тогузу бюджеттен каржыланса, бешөөнүн кирешеси да, чыгашасы да жок. Калгандары эптеп-септеп иш алып барууда же таптакыр токтоп калуу стадиясында. Кээ бирлеринин финансылык маалыматтарын алуу оор.
Сатыкка коюла турган объектилердин тизмеси кантип аныкталат
Менчиктештириле турган же жоюла турчу объектилердин тизмесин ведомстволор аралык комиссия түзөт. Анын курамына жарандык сектордун өкүлдөрү да кирет.