https://sputnik.kg/20210508/batken-ujlodu-kuruu-bashtaldy-1052425381.html
Баткен жаңжалында көз жумгандардын жакындарына үйлөр курула баштады
Баткен жаңжалында көз жумгандардын жакындарына үйлөр курула баштады
Sputnik Кыргызстан
Тажик тараптын кол салуусунун кесепетинен Баткенде 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери... 08.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-08T13:00+0600
2021-05-08T13:00+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
баткен
садыр жапаров
үй
курулуш
https://sputnik.kg/img/07e5/05/08/1052425308_0:126:3087:1872_1920x0_80_0_0_e0129bf5f84a4d1cbfca797ccb436ef9.jpg
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Ал эми башка жабыр тарткандардын турак жайын, талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери жакын арада башталары кошумчаланды.29-апрелде Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда тажик аскер күчтөрү кыргыз чек арачыларына, карапайым тургундарга карата ок аткан. Бул чоң жаңжалга айланып, тажик тарап миномёт, гранатомёт сыяктуу куралдарды колдонгон. Муну менен гана чектелбей алар Ми-24 тик учагы менен кыргыз айылдарын аткылаган.Кол салуунун кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлкү күйүп жок болду.
https://sputnik.kg/20210506/okko-uchkan-turdubaj-sattarovdun-batken-1052405836.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/08/1052425308_0:29:3087:1969_1920x0_80_0_0_9ff3b1c15cdfa8ccd6fff8fb3449834f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, баткен, садыр жапаров, үй, курулуш
жаңылыктар, коом, кыргызстан, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, баткен, садыр жапаров, үй, курулуш
Баткен жаңжалында көз жумгандардын жакындарына үйлөр курула баштады
13:00 08.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Тажик тараптын кол салуусунун кесепетинен Баткенде 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлкү күйүп жок болгон.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй куруп берүү иштери башталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми башка жабыр тарткандардын турак жайын, талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери жакын арада башталары кошумчаланды.
29-апрелде Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда тажик аскер күчтөрү кыргыз чек арачыларына, карапайым тургундарга карата ок аткан. Бул чоң жаңжалга айланып, тажик тарап миномёт, гранатомёт сыяктуу куралдарды колдонгон. Муну менен гана чектелбей алар Ми-24 тик учагы менен
кыргыз айылдарын аткылаган.
Кол салуунун кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын
мүлкү күйүп жок болду.