00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жогорку окуу жайдын алдыңкы студенттеринен абитуриенттерге кеңеш
11:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров Максатка барып, жаңжалда курман болгондорго өзү куран окуду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Баткен облусунда иш сапары менен
Президент Садыр Жапаров Баткен облусунда иш сапары менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн айткан.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында Тажикстандын кол салуусунан жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров талкаланган мектептин аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуду.
Эске салсак, Лейлек районунун Максат айылына тажикстандыктар 29-апрелде кирген. 60тан ашык үй, мектеп, бала бакча, ФАП жана милиция бөлүмү аткылоого алынып, өрттөлгөн. Жашоочулары коопсуздуктан улам эвакуацияланган.
Президент бүгүндөн баштап Максат жана бүлүнгөн башка айылдарды калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталганын, аны эки айдын ичинде бүткөрүү каралганын билдирген.
Тажикстан менен болгон жаңжалдан кийин Максат айылындагы өрттөлгөн мектептин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарда аткарыла турган иштердин тизмеси
Жапаров медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жиберилген мобилдик клиникалар жөнүндө да айтты. Донордук долбоор менен көчмө клиникалар беш жыл аралыгында республиканын бардык аймактарын кезек-кезеги менен кыдырып, бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.
Жапаров жакын арада Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, курман болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн айткан.
Эл Жапаровго мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси, пенсия жана жөлөк пулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроо узаткан.
Буга чейин Максат айылынын тургундары курулуш иштеринен мурда чек араны белгилеп, тосуп берүү баарынан маанилүү экендигин айтып, суранган.
Маалымат кызматы жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилгенин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0