Президент Жапаровдун элге кайрылуусундагы урунттуу учурлар

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Президенттин бүгүнкү кайрылуусундагы сунуштар менен көрсөтмөлөр өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында камтылганы айтылды.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, жаңы Баш мыйзамга кол коюп, андан соң элге кайрылуу жасады. Sputnik агенттиги өлкө башчынын кайрылуусундагы урунттуу учурларды тизмектеди.
Президент эгемендүүлүккө ээ болгондон берки изденүүлөрдөн кийинки акыбалды төмөнкүчө сыпаттады:
  • элибиздин салт-санаасы, маданий жана рухий дөөлөттөрү деградацияга кириптер болду;
  • коомубуздун чар-жайыттыгы;
  • мамлекетти башкаруу системасынын сенектикке учурашы;
  • экономиканын чабалдыгы;
  • өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы.
  • Ички дүң продукциянын өсүш темпи өткөн жылы дээрлик 9 пайызга төмөндөдү. Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ички дүң продукцияга карата 3 пайызды түздү. Ал эми жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 58 пайызды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти;
  • Улуттук кызыкчылыктарды коргобостон, инвестицияны кор тутуунун натыйжасында стратегиялык тармактарыбыз — энергетика жана тоо-кен тармагы жабыркады;
  • Бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат. Анткени административдик кийлигишүүгө тыюу салынганы менен добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр кечээки жергиликтүү шайлоолор маалында байкалды;
  • Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл. Алар: мамлекетке инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү, экономиканы капитал менен камсыздоо жана өлкөнүн изоляцияда калуусуна жол бербөө;
  • Эгерде биз жүүнү бош, дарамети тайыз мажүрөө эл болсок, анда тарыхтын тегирменинде калып, ың-жыңсыз жоголгон эчендеген эл сыяктуу эле эбак атыбыз өчүп, жок болмокпуз. Бирок кыргыздар кең Евразиянын мейкиндигинде жемин жедирбеген өжөр эл;
  • Экономикалык моделибиздин өзүбүзгө ылайык ыгын табуу үчүн кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгеси көтөрүлдү;
  • Кадр саясатынын эффективдүүлүгү үчүн жана мамлекеттик кызматкерлерге социалдык пакеттердин каралышын эске алуу менен "Келечек" программасын иштеп чыгып, жакынкы арада сунуштоо тапшырылды;
  • Кыска мөөнөттүн ичинде жалпы мамлекеттик аппараттын ишин кайра карап, түп-тамырынан бери реформалап, кесипкөй жана коомдун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга ылайыкталган аткаруу бийлигинин системасынын жаңы моделин куруу сунушталды;
  • Бизнестин өнүгүшүнө шарт түзүлүшү үчүн себепсиз текшерүүлөрдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоо, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу маселеси каралууда;
  • Президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарып, бизнести угууга даяр;
  • 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет;
  • Соттук реформанын алкагында жеке менчик укугун коргоо күчөтүлөт жана третейдик сот институту өнүктүрүлөт;
  • "Бир алкак — бир жол" долбоорунун алкагында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашырууну тездетет;
  • Заманбап шарттары бар мультимодалдык негиздеги жүк ташуучу авиахаб түзүү мүмкүнчүлүгү каралат. Ага жер бөлүп берилет;
  • Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастаган соң менчиктештирүүгө жаткан мамлекеттик мүлктү жеке менчикке өткөрүп, Мамлекеттик мүк фондун жоюу пландалууда;
  • Энергетика сектору ири инвестицияларды талап кылган технологиялык модернизацияга муктаж. Электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоону камсыз кылуу. Энергияны керектөөнүн өсүшү жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү жана энергиянын башка, экологиялык жактан таза түрлөрүн пайдаланууну талап кылат;
  • Жерлерди башкаруу институттарын чыңдап, жер рыногун калыптандырууну аягына чыгаруу зарыл. Республиканын жер фондун инвентаризациялоо;
  • Улуттук тоо-кен компаниясы түзүлөт, ал компания мамлекеттин активдерин башкарат;
  • Азыркы заманда илимге таянган алдыңкы технологияларга жана инновациялык өндүрүшкө инвестиция салуу өтө актуалдуу. Учурда өлкөдөн чыкпай туруп эле каалаган дүйнөлүк компанияларга онлайн иштеп, өзүңө да, өлкөгө да пайда келтирсе болот;
  • Сууну керектөөнү оптималдаштыруу максатында сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, инфраструктураны калыбына келтирүү, суу коллекторлорун куруу зарыл. Бул багытта Глобалдык экологиялык жана климаттык фонддордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аракет жасалышы керек;
  • Үй-бүлө — коомдун негизи. Өлкөнү өзгөртүүнү үй-бүлөдөн баштоо зарыл.
  • Салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдеп, нарктуулугубузду сактап калуубуз керек. Ушуга байланыштуу дагы бир маанилүү кадам жасап, Конституцияга ушул маселелер менен да алектене турган Мамлекеттик катчы институту киргизилди;
  • "Умай эне" культун калыбына келтирип, күчтүү муундун пайдубалын түптөө керек. Ошол себептен эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программаны тез арада ишке киргизүү тапшырылды;
  • Адистештирилген "Кыргыз лицейлерин" түзүү жолу менен өзүбүздүн улуттук моделди издеп, билим берүүнүн системасын кайра карап чыгуу зарыл. Ар бир баланын жетишкендигине карап каржылоого өтүү, ваучердик системаны киргизүү керек;
  • Өлкө жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Жакынкы алты жылда 800 миң чарчы метр турак жайдын курулушун каржылоо үчүн мамлекеттик турак жай фондун каржылоого 30 миллиард сом тартылат;
  • Сот системасы жана укук коргоо органдары кыргыз коомчулугунун негизги баалуулуктары болгон адилеттикти жана эркиндикти тебелеп-тепсешүүдө. Мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн тармакты реформалоо жана кадрдык саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүү керек;
  • Акыркы учурларда калктын аялуу катмарларына, айрыкча аялдарга, балдарга, ошондой эле менчикке кол салуу сыяктуу кылмыштар коомчулукта чоң резонансты жаратууда. Мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдатуу керек;
  • Үстүбүздөгү жылы коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесинде бир бүтүмгө келебиз деген максат койду;
  • "Кыргыз ааламы" улуттук программасы иштелип чыгат. Долбоор өлкөдө жана чет жакта жашаган кыргыздардын маданий интеграциясын сактоо жана бекемдөө, кыргыздар жашаган тарыхый аймактар менен маданий-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө багытталат;
  • Куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу зарыл. Мисалы, тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруу керек. Экинчиси, "элдик кошуундарды" түзүү. Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат;
  • Президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын бири-бирин кайталоосу жакынкы күндөрдө жоюлат.
Бул сунуштар менен көрсөтмөлөр президенттин өлкөнү орто мөөнөттүү мезгил ичинде өнүктүрүү стратегиясында камтылган. Өнүгүү стратегиясы даяр экени белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0