https://sputnik.kg/20210503/indiyadagy-covid-apaaty-avstraliya-1052366453.html
Келсеңер камайбыз! Австралия Индиядан келүүгө тыюу салды
Келсеңер камайбыз! Австралия Индиядан келүүгө тыюу салды
Sputnik Кыргызстан
Февраль айынан бери Индияда COVID жуктургандар көбөйүп, күнүнө 3 миңге чукул киши каза болууда. Алардын сөөгүн крематорийлер өрттөп жетишпей, көчөдө күйгүзүп... 03.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-03T08:32+0600
2021-05-03T08:32+0600
2021-12-14T14:27+0600
дүйнөгө жайылган коронавирус
коом
жаңылыктар
дүйнөдө
индия
австралия
коронавирус
эреже
абак
https://sputnik.kg/img/07e5/04/18/1052247201_0:0:3069:1735_1920x0_80_0_0_b1bec92623f2ce3c66420c90d8c53605.jpg
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Индияда кайрадан күч алган коронавирус мизин кайтарбай, күнүнө 400 миңден ашык кишиден оору аныкталып жаткандыктан, Астралия бийлиги бул мамлекеттен келгендерди камакка алганга чейин барарын жар салды. Бул тууралуу ВВС жазды.Эске салсак, ушул жылдын февраль айынан бери Индияда COVID-19 кайрадан күчөп, күн сайын 3 миңге чукул киши каза болууда. Алардын сөөгүн крематорийлер өрттөп жетишпей, көчөдө эле күйгүзүп салууга аргасыз болууда.Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Австралияда COVID-19ду 29,8 миң адам жуктурган. Өлкөдө жалпысынан 25 миллиондон ашык киши жашайт.
индия
австралия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/18/1052247201_0:0:3069:1929_1920x0_80_0_0_e0933d66e565130c7f1af6ef4bd1b50f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөгө жайылган коронавирус , коом, жаңылыктар, дүйнөдө, индия, австралия, коронавирус, эреже, абак
дүйнөгө жайылган коронавирус , коом, жаңылыктар, дүйнөдө, индия, австралия, коронавирус, эреже, абак
Келсеңер камайбыз! Австралия Индиядан келүүгө тыюу салды
08:32 03.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Февраль айынан бери Индияда COVID жуктургандар көбөйүп, күнүнө 3 миңге чукул киши каза болууда. Алардын сөөгүн крематорийлер өрттөп жетишпей, көчөдө күйгүзүп жатышат.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Индияда кайрадан күч алган коронавирус мизин кайтарбай, күнүнө 400 миңден ашык кишиден оору аныкталып жаткандыктан, Астралия бийлиги бул мамлекеттен келгендерди камакка алганга чейин барарын жар салды. Бул тууралуу
ВВС жазды.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айынан бери Индияда COVID-19 кайрадан күчөп, күн сайын 3 миңге чукул киши каза болууда. Алардын сөөгүн крематорийлер өрттөп жетишпей, көчөдө эле
күйгүзүп салууга аргасыз болууда.
"Австралия өкмөтү 3-майдан тарта абал турукташканга чейин акыркы эки жума ичинде Индияда болгон же ал өлкөгө тийип өткөн адамдарды өз аймагына киргизбей турган болду. Бул эреже жадагалса Австралиянын өз жарандарына дагы тиешелүү. Шартты бузгандар 25 миңден 51 миң долларга (АКШ) чейин айып пул төлөп же беш жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп жазылат кабарда.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Австралияда COVID-19ду 29,8 миң адам жуктурган. Өлкөдө жалпысынан 25 миллиондон ашык киши жашайт.