00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тажикстанды уул-кыз, күйөө балдары менен башкарган Рахмон. Чексиз бийлик

© AP Photo / Alexei DruzhininТажикстан президенти Эмомали Рахмон. Архив
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
27 жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон уул-кыздарын артынан ээрчитип, мамлекеттик чоң кызматтарга дайындаган президенттердин бири.
Эмомали Рахмондун Тажикстанды башкарып келе жатканына чейрек кылымдан ашты. Азыр аны өз эли бир гана президент дебестен, "тынчтыкты орнотуучу жана улуттук биримдиктин лидери" деп аташат.
Рахмон биздин чөлкөмдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча дагы көп балалуу президенттердин бири. Жубайы Азизмо Асадуллаева менен эки уул, жети кызды тарбиялаган. Ичинен экөө кызмат жагынан баш айланткан ийгиликке жетишкен.

Президенттик аппаратты жетектеген кызы

© Фото / пресс-служба президента Республики Таджикистан43 жаштагы кызы Озода президенттик аппараттын жетекчиси
Глава аппарата президента РТ Озода Рахмон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
43 жаштагы кызы Озода президенттик аппараттын жетекчиси
Рахмондун бир уулу менен бир кызы өлкөдөгү жогорку саясий кызматтарды аркалайт. 43 жаштагы кызы Озода президенттик аппараттын жетекчиси. Мурда Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген. Андан соң ТИМдин консулдук бөлүмүн жетектеп, 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Жолдошу Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын жетекчисинин биринчи орун басары. Ошондой эле Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунда Тажикстандын расмий өкүлү экени айтылат. Жубайлардын беш баласы бар.
© Фото / пресс-служба Национального банка Республики ТаджикистанЖолдошу Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын жетекчисинин биринчи орун басары
Первый заместитель председателя Национального банка РТ Джамолиддин Нуралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жолдошу Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын жетекчисинин биринчи орун басары

Парламентти башкарган уулу

Улуу баласы Рустам Эмомали 33 жашта, учурда ал Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы.
© Фото / пресс-служба президента Республики ТаджикистанУлуу баласы Рустам Эмомали 33 жашта, учурда ал Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы
Спикер верхней палаты парламента РТ Рустам Эмомали - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Улуу баласы Рустам Эмомали 33 жашта, учурда ал Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы
Ал мамлекеттик кызматка 2006-жылы кадам таштаган. Бир катар ведомстволордо иштеп, 2013-жылы мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болгон. Эки жылдан кийин Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигине башчы болуп дайындалган. 27 жашында Душанбе шаарынын мэри болуп шайланган. Атасынын колунан II даражадагы "Алтын таажы" төш белгиси менен сыйланган. Үч баланын атасы.
Мындан тышкары, Рустам Эмомали өлкөнүн Футбол федерациясынын президенти кызматын аркалайт.

Үчүнчү кызы жана кайнатанын колунан сыйлык алган күйөө бала

ЖМКлардагы маалыматтар боюнча президенттин үчүнчү кызы Рухшона Рахмон Тажикстан ТИМинин бир башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. Анын жолдошу — Шамсулло Сохибов Тажикстандын Кышкы спорт түрлөрү боюнча улуттук ассоциациянын президенти, ишкер.
2019-жылы кайнатасынын колунан II даражадагы "Шараф" медалын (Даңк медалы) алган.

Башка кыздары жана күйөө балдары

Тун кызы Фируза тажик темир жолунун мурдагы жетекчисине келин болгон. Болгону Хокумовдун уулу боюнча маалымат жокко эсе, ысымы, кесиби боюнча эч бир жерде айтылбайт.
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2019
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө
Бешинчи кызы Парвина мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Шерали Гуловдун уулу Ашрафка турмушка чыккан. Ал Улуттук банк, кийин ИИМ тутумунда иштеп, андан соң Москвадагы тажик элчилигинин консулдук кызматынын башчылыгына дайындалган.
Алтынчы кызы Зарина 16 жашында Тажикстандын биринчи каналында диктор болгон. Кийин "Ориенбанк" ААКнын башкаруу тобунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бир нече жыл илгери ал Байланыш кызматынын башчысы Бег Зухуров-Сиевуштун уулуна турмушка чыккан.
Башка эки кызы жана уулу тууралуу ачык булактарда так маалыматтар жокко эсе.

Небереси асыл тукум жылкыларга ээлик кылат

Рустам Эмомалинин баласы Анушервони (айрым маалымат булактарында Анушервон деп жазылган) бир топ ат чабыштарда жеңип жүргөн асыл тукум күлүктөрдүн ээси. Белгилей кетсек, ал эрезеге жете элек (ата-энеси 2009-жылы баш кошкон). Ошондой эле футболду жакшы ойной турганы айтылат. Атургай эки жыл мурда ал тууралуу президенттин расмий сайтында да жазылган. Анда Рахмон Согди облусунда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы президенттик кубоктун ачылышына катышып, небереси ошол жерде ойногон. Макалада Анушервони бир оюнда атаандаштын дарбазасына "өзгөчө чеберчилик менен гол киргизген таланттуу футболчу" деп жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0