Жаңы рекорд! Мессинин 644-голун киргизгенде кийген бутсасы 143 миң еврого сатылды

© REUTERS / Albert Gea"Барселона" футбол клубунун чабуулчусу Лионель Месси. Архив
Барселона футбол клубунун чабуулчусу Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Аргентиналык футболчунун наамына кезектеги дүйнөлүк рекорд жазылды. Буга чейин бир да футболдук бут кийим мындай ири суммадагы акчага сатылган эмес.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. "Барселона" футбол клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин аталган клуб үчүн 644-голун киргизгенде кийген бутсасы 143 миң еврого сатылды. Бул тууралуу eurosport маалымат булагы жазды.
Балдар футбол боюнча машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Кыргызстандык жаш футболчулар Гиннесс рекордун жаратууга аракет кылып жатат
Месси ал бутсаны 22-декабрда Испания чемпионатынын 15-турунун алкагында "Вальядолид" клубу менен беттеште кийип ойногон. Аргентиналык спортчу бул оюнда өзүнүн 644-голун киргизип, атактуу Пеленин (643) рекордунан ашкан. Муну менен Месси футбол тарыхында бир клубдун курамында ойноп жүрүп киргизген голдор боюнча эң мыкты бомбардир болгон.
Бутсага футболчу өзүнүн кол тамгасын калтырган. 
​Аталган бут кийим буга чейин Каталониянын улуттук искусство музейине тапшырылган болчу. Ал аукцион аркылуу сатылып, түшкөн каражат кайрымдуулук үчүн жумшалары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0