https://sputnik.kg/20210429/bishkek-miting-ehldin-talaby-1052308371.html
Бишкекте митингчилер Жапаров, Ташиев жана Мариповдун чыгышын талап кылышууда. Видео
Бишкекте митингчилер Жапаров, Ташиев жана Мариповдун чыгышын талап кылышууда. Видео
Sputnik Кыргызстан
Ушул тапта өкмөт башчы менен атайын кызматтын төрагасы өлкөдө жок. Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн... 29.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-29T17:04+0600
2021-04-29T17:04+0600
2021-12-14T14:27+0600
коом
жаңылыктар
кыргызстан
азия
дүйнөдө
баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
чек ара
абал
улукбек марипов
баткен
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1d/1052307602_0:133:2730:1677_1920x0_80_0_0_8bb697eb0cfbd42f4f68df116c79bd8e.jpg
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында өтүп жаткан митингдин катышуучулары президент Садыр Жапаров, премьер-министр Улукбек Марипов жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин эл алдына чыгышын талап кылып жатышат.Эске салсак, Баткен облусундагы чек ара жаңжалына бийлик тарабынан көңүл бурулуп тез арада чечилишин талап кылган 100гө чукул жаран митингге чыккан.Ушул тапта Кыргызстанда өкмөт башчы менен атайын кызматтын төрагасы жок. Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Татарстанга (Россия) учуп кеткен. Ал эми Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн Германияга кеткенин бүгүн УКМКдан билдиришти. Бирок көп өтпөй ал артка кайтып келе жатканын билдирди.Баткендеги жаңжал28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.Окуя учурунда сегиз кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
https://sputnik.kg/20210429/chek-ara-4-adam-zharakat-aldy-1052305398.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1d/1052307602_0:47:2730:1763_1920x0_80_0_0_ea016810d5aa7ad42687175415a87e21.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, жаңылыктар, кыргызстан, азия, дүйнөдө, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, чек ара, абал, улукбек марипов, баткен
коом, жаңылыктар, кыргызстан, азия, дүйнөдө, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, чек ара, абал, улукбек марипов, баткен
Бишкекте митингчилер Жапаров, Ташиев жана Мариповдун чыгышын талап кылышууда. Видео
17:04 29.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ушул тапта өкмөт башчы менен атайын кызматтын төрагасы өлкөдө жок. Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Татарстанга учуп кеткен. Ал эми Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн Германияга кеткенин бүгүн УКМКдан билдиришти.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында өтүп жаткан митингдин катышуучулары президент Садыр Жапаров, премьер-министр Улукбек Марипов жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин эл алдына чыгышын талап кылып жатышат.
Эске салсак, Баткен облусундагы чек ара жаңжалына бийлик тарабынан көңүл бурулуп тез арада чечилишин талап кылган 100гө чукул жаран
митингге чыккан.
Ушул тапта Кыргызстанда өкмөт башчы менен атайын кызматтын төрагасы жок. Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Татарстанга (Россия) учуп кеткен. Ал эми Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн Германияга кеткенин бүгүн УКМКдан билдиришти. Бирок көп өтпөй ал артка
кайтып келе жатканын билдирди.
28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга
киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда сегиз кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип
жабыркаганын айтууда.
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.
Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин
депутаттары жыйынга чогулмай болду.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан
тексттик трансляциядан билсеңиз болот.