Кош мутант. Кыргызстанда табылган COVID штаммдарына мүнөздөмө

© AFP / ADAM IHSEКоронавируска тест алып жаткан медицина кызматкери. Архив
Коронавируска тест алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Министрлик COVID-19дун чет жактардан чыккан штаммдары Кыргызстанда да табылгандыгын айтты. Ооругандардан британдык, түштүк африкалык, индиялык жана Россияда кездешкен штаммдар чыккан.
Мартта коронавирус менен ооруп калган кыргызстандыктардын биоматериалдары ар кыл штаммдардын бар-жогун аныктоо үчүн вирусология жана эпидемиология боюнча россиялык "Вектор" илимий борборуна жиберилген.
Кыргызстанда апрель айынан тарта коронавирус менен ооругандардын саны кайрадан өсө баштады. Өткөн суткада 272 адам аталган вируска кабылса, бейтаптардын ичинен жетөө көз жумган.
Sputnik редакциясы Кыргызстанда табылган коронавирустун штаммдары тууралуу билип көрдү.

Британдык штамм

Бул мутацияны декабрдын ортосунда Улуу Британиядан табышкан. Анда вирустун мурдагысына караганда 70 пайызга тез тарары жана андан көз жумуу кооптуулугу 30 пайызга жогору экендиги айтылган болчу. Бул кабардан кийин бир нече мамлекеттер аталган өлкө менен авиабайланышты дароо токтоткон. Анткен менен бул Европада ооруну арбытып, ал тургай кээ бир мамлекеттерде үчүнчү толкунду пайда кылды.
Ооруканадагы бош орундар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
COVID жуктургандарды дарылаган Бишкектеги ооруканалар. Канча бош орун бар?
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун апта сайын берген эпидемиологиялык бюллетенинде 13-апрелден тарта британдык штамм дагы беш өлкөдөн табылганы айтылган. Ошентип буга кабылган мамлекеттердин саны 137ге жетти.
Өткөн аптада Lancet илимий журналы илимий жаңы изилдөөлөргө таянып, британдык штаммдын мурда айтылгандай кооптуу эмес экендигин жазды.
Иликтөө ал COVID-19дун оор формаларына алып келбей тургандыгын жана азыркы вакциналардын ага алы жетерин аныктаган.
Бирок эксперттер британдык штамм балдарга да "кол сала" баштагандыгын билдирди. Акыркы учурда мындай тенденция Түркияда, АКШда жана европалык бир нече мамлекеттерде байкалган. Мутация кылган вирус тогуз жашка чейинки балдарга жугуп, мультисистемалык кабылдап кетүү (MIS-C) синдромун — коронавируска байланыштуу оор илдетти чакырат деп айтышты. Анын белгиси жүрөк, өпкө жана көз оорусун кабылдатып жиберген Кавасаки синдромуна окшош болуп чыккан.

Түштүк африкалык штамм

Муну былтыр октябрда Түштүк Африканын чыгыш тарабындагы Кейп провинциясынан табышкан. Окумуштуулардын айтымында, ал адамдын клеткасына оңой кирип кетүүгө жөндөмдүү. Жаштар арасында тез тарайт. Кээ бир вакциналардын бул мутациядан сактай албай турганы белгилүү болду.
Медициналык кызматкерлер ооруканада иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты
Кийинчерээк Түштүк Африканын саламаттык сактоо министри коронавирустун экинчи толкуну дал ушул вирустун мутацияланган түрүнөн улам жаралышы мүмкүндүгүн билдирген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун апта сайын берген эпидемиологиялык бюллетенинде акыркы жумада аталган штамм кеңири таралып, саны 85 мамлекетке жеткендиги айтылган.

Индия штаммы

Коронавирустун бул жаңы штаммы Индияда табылып, инфекционисттер аны "кош мутант" деп аташты. Ал биринчи ирет былтыр 5-октябрда Нагпур шаарында табылган. Вирустун 15 ирет өзгөргөн геномунун арасынан, керек болсо классикалык "ухань" вариантына салыштырмалуу бул штамм адистердин кооптонуусун жаратууда.
Индия штаммынын тарашы бир катар өлкөлөрдө калыптанып калган жамааттык иммунитетти жокко чыгарышы мүмкүндүгү айтылды. Себеби коронавируска каршы пайда болгон антителону жаңы штамм тоготпой коюшу мүмкүн дешти. Кептин баары РНК молекуласынын бир чынжырчада болуп жатканын билдиришүүдө. Индиялык вариантта ал эки жерде өзгөрүп кеткен, андыктан вектордук түрү да, ага кошумча РНК принцибине негизделген вакциналар да натыйжа бербей калышы мүмкүн.
Туристтер аэропортто. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат
Ал арада Индиядагы коронавирус масштабдуу мүшкүлгө айланды. Өлкөнүн түндүгү менен батышындагы ооруканалар бейтаптар үчүн кычкылтектин жетишпей жаткандыгын билдирсе, бийлик COVID-19дун төртүнчү толкуну тууралуу коңгуроо какты. Буга чейин өлкөдө суткада табылган оорулардын саны боюнча рекорд коюлду (314,8 миң учур). Ал эми кечээ, 23-апрелде, ооруп калгандар андан 18 миңге көп болуп, 332,73 миң адам ооруну жаңыдан жуктуруп алды. Буга чейин январда ооруп калгандардын саны суткасына 297,4 миңге жетип, рекордду АКШ койгон эле.

Россиялык штамм

Бул жуманын башында Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова Россиянын Илимдер академиясынын медицина илимдери боюнча бөлүмүндөгү жыйында Россияда коронавирустун чет өлкөдөгүгө окшошпогон жаңы варианттары кездешип жатканын айтты.
"Биз Сибирь жана Түндүк-Батыш варианттарынын калыптанып жаткандыгын көрүүдөбүз. Материалдар жарыялаганга даяр болору менен штаммдарды сүрөттөгөн маалыматтар чыгат", — деген ал.
Попова аны менен кошо эле Россияда коронавирустун алты штаммы бар экендигин, бирок аны россиялык деп атоого болбой тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0