Суусу тартылган Токтогул суу сактагычынын түбүнөн эмнелер чыкты. Сүрөт, видео

© Sputnik / Нуржан НайзабековаТоктогул суу сактагычындагы суу азайып кеткен учурда
Токтогул суу сактагычындагы суу азайып кеткен учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өтө аз, тагыраагы, 8,6 миллиард кубометр. Мындан улам президент электр кубатынын баасын карап чыгууну сунуштады.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы суу өтө азайып кетти.
"Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, учурда суунун көлөмү 8,6 миллиард кубометрди түзөт. Агып кирген суунун орточо көлөмү секундасына 463 кубометрди, ал эми агып чыкканы 371 кубометрге жетүүдө.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычында болуп, объектинин азыркы абалын сүрөткө тартып келди. Анын кургап калган бөлүктөрүндө мындан бир нече ондогон жыл мезгил мурун суу сактагыч курулганда суу алдында калган курулуштардын, тамдардын жерпайы, калдыктары көрүнүп калган. Ал тургай оргуп чыгып жаткан булакты байкоо кыйын эмес.
© Sputnik / Нуржан НайзабековаКыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы суу өтө азайып кетти
Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы суу өтө азайып кетти - Sputnik Кыргызстан
1/8
Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы суу өтө азайып кетти
© Sputnik / Нуржан Найзабекова"Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, учурда суунун көлөмү 8,6 миллиард кубометрди түзөт
Электр станциялары ишканасынын маалыматына караганда, учурда суунун көлөмү 8,6 миллиард кубометрди түзөт - Sputnik Кыргызстан
2/8
"Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, учурда суунун көлөмү 8,6 миллиард кубометрди түзөт
© Sputnik / Нуржан НайзабековаАгып кирген суунун орточо көлөмү секундасына 463 кубометрди, ал эми агып чыкканы 371 кубометрге жетүүдө
Агып кирген суунун орточо көлөмү секундасына 463 кубометрди, ал эми агып чыкканы 371 кубометрге жетүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/8
Агып кирген суунун орточо көлөмү секундасына 463 кубометрди, ал эми агып чыкканы 371 кубометрге жетүүдө
© Sputnik / Нуржан НайзабековаSputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычында болуп, объектинин азыркы абалын сүрөткө тартып келди
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычында болуп, объектинин азыркы абалын сүрөткө тартып келди - Sputnik Кыргызстан
4/8
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычында болуп, объектинин азыркы абалын сүрөткө тартып келди
© Sputnik / Нуржан НайзабековаАнын кургап калган бөлүктөрүндө мындан бир нече ондогон жыл мезгил мурун суу сактагыч курулганда суу алдында калган курулуштардын, тамдардын жерпайы, калдыктары көрүнүп калган
Анын кургап калган бөлүктөрүндө мындан бир нече ондогон жыл мезгил мурун суу сактагыч курулганда суу алдында калган курулуштардын, тамдардын жерпайы, калдыктары көрүнүп калган - Sputnik Кыргызстан
5/8
Анын кургап калган бөлүктөрүндө мындан бир нече ондогон жыл мезгил мурун суу сактагыч курулганда суу алдында калган курулуштардын, тамдардын жерпайы, калдыктары көрүнүп калган
© Sputnik / Нуржан НайзабековаАл тургай оргуп чыгып жаткан булакты байкоо кыйын эмес
Ал тургай оргуп чыгып жаткан булакты байкоо кыйын эмес - Sputnik Кыргызстан
6/8
Ал тургай оргуп чыгып жаткан булакты байкоо кыйын эмес
© Sputnik / Нуржан НайзабековаТоктогул ГЭСин куруу үчүн 1974-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген
Токтогул ГЭСин куруу үчүн 1974-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген - Sputnik Кыргызстан
7/8
Токтогул ГЭСин куруу үчүн 1974-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген
© Sputnik / Нуржан НайзабековаОшондой эле кирпич заводу менен аэропорт суу алдында калган
Ошондой эле кирпич заводу менен аэропорт суу алдында калган - Sputnik Кыргызстан
8/8
Ошондой эле кирпич заводу менен аэропорт суу алдында калган
1/8
Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы суу өтө азайып кетти
2/8
"Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, учурда суунун көлөмү 8,6 миллиард кубометрди түзөт
3/8
Агып кирген суунун орточо көлөмү секундасына 463 кубометрди, ал эми агып чыкканы 371 кубометрге жетүүдө
4/8
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычында болуп, объектинин азыркы абалын сүрөткө тартып келди
5/8
Анын кургап калган бөлүктөрүндө мындан бир нече ондогон жыл мезгил мурун суу сактагыч курулганда суу алдында калган курулуштардын, тамдардын жерпайы, калдыктары көрүнүп калган
6/8
Ал тургай оргуп чыгып жаткан булакты байкоо кыйын эмес
7/8
Токтогул ГЭСин куруу үчүн 1974-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген
8/8
Ошондой эле кирпич заводу менен аэропорт суу алдында калган
Токтогул ГЭСин куруу үчүн 1974-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген. Ошондой эле кирпич заводу менен аэропорт суу алдында калган. Ал кезде 10 миңге чукул мүрзөдөгү сөөктү кайра көмүшкөнү менен алардын бир бөлүгүн таштоого аргасыз болушкан. Жакында эле Токтогул суу сактагычынын жээгине чыгып калган сөөктөр чогултулуп, жалпы 22 мүшөк менен Кара-Тектир айылындагы мүрзөгө көмүлгөнү айтылган болчу.
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Жарык кайрадан өчүрүлө баштайбы?
Эске салсак, суу сактагычтагы эң көп көлөм — 19,5 миллиард куб метр, минималдык деңгээл 5,5 миллиардды түзөт.
Токтогул ГЭСи — өлкөнүн ири станциясы жана энергетикалык кыркасы, Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугунун үчтөн бир бөлүгү. Жылытуу мезгилин өткөрүү көбүнесе ушундай эле аталыштагы суу сактагычтагы көлөмгө байланыштуу.
Жакында эле президент Садыр Жапаров электр кубатынын баасын карап чыгууну сунуштады.
Ал төмөнкүчө:
  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу;
  • жашоо-шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу;
  • жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу;
  • суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан эсептөө.
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев лимит жана 1000 киловатт-сааттан ашкандан кийин төлөй турган электр кубатынын жогорку баасы колдонууну көбөйтүп жибербей кармап туруу үчүн сунушталганын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0