https://sputnik.kg/20210420/kara-balta-iim-avtounaa-atkyloo-1052194128.html
Кара-Балтада аткыланган автоунаа. ИИМ жетекчилиги окуяны көзөмөлүнө алды
Кара-Балтада аткыланган автоунаа. ИИМ жетекчилиги окуяны көзөмөлүнө алды
Sputnik Кыргызстан
Арыздануучунун айтымында, түндө катуу чыккан үн угуп маани берген эмес. Эртең менен гана автоунаасы аткыланганын көргөн. 20.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-20T12:08+0600
2021-04-20T12:08+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
кара-балта
автоунаа
ок атуу
милиция
кылмыш иши
https://sputnik.kg/img/103866/05/1038660577_0:196:2312:1497_1920x0_80_0_0_2651140c10cf1e1a0a463a6a05a7f02e.jpg
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балтада белгисиз адамдар автоунааны аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.Бүгүн, 20-апрелде, саат 08:00дөр чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Б.Н. аттуу жарандын короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар аткылап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлерине 45 жаштагы Б.Н. түнкү саат 03:30дар чамасында катуу үн угуп, бирок маани бербегенин, эртең менен унаасын көргөндөн кийин гана милицияга кабарлаганын айткан. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага эки ирет ок чыгарылган.Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Тергөөнү ИИМ менен ИИББ жетекчилери көзөмөлдөөдө.ЖМКлардын маалыматына караганда, автоунаа саясий партиялардын биринин лидерине таандык. Айрым маалыматтар боюнча, кеп "Элдик-Народная" партиясын жетектеген Назми Бадалов жөнүндө болуп жатат.
кара-балта
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103866/05/1038660577_158:0:2154:1497_1920x0_80_0_0_e7ef4029eddc8cb3a99aaaacf6e2a596.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, кара-балта, автоунаа, ок атуу, милиция, кылмыш иши
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, кара-балта, автоунаа, ок атуу, милиция, кылмыш иши
Кара-Балтада аткыланган автоунаа. ИИМ жетекчилиги окуяны көзөмөлүнө алды
12:08 20.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Арыздануучунун айтымында, түндө катуу чыккан үн угуп маани берген эмес. Эртең менен гана автоунаасы аткыланганын көргөн.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балтада белгисиз адамдар автоунааны аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Бүгүн, 20-апрелде, саат 08:00дөр чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Б.Н. аттуу жарандын короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар аткылап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлерине 45 жаштагы Б.Н. түнкү саат 03:30дар чамасында катуу үн угуп, бирок маани бербегенин, эртең менен унаасын көргөндөн кийин гана милицияга кабарлаганын айткан. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага эки ирет ок чыгарылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Тергөөнү ИИМ менен ИИББ жетекчилери көзөмөлдөөдө.
"Окуяга эмне себептен милициянын жетекчилиги көңүлүн бурду" деген суроого ИИББдин маалымат кызматы буга ок атуучу куралдын колдонулганы себеп болгонун билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, автоунаа саясий партиялардын биринин лидерине таандык. Айрым маалыматтар боюнча, кеп "Элдик-Народная" партиясын жетектеген Назми Бадалов жөнүндө болуп жатат.