Журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жашында каза болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков70-летие победы Великой Отечественной Войны
70-летие победы Великой Отечественной Войны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Журналист эмгек жолун КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасында баштаган. Өмүрүнүн акыркы жылдары парламенттин маалымат кызматында иштеген.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Журналист, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын эксперти Майрамбек Тойгонбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
ЖКнын мурдагы депутаты Токтогул Туманов пневмониядан каза болду
Ал 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Большевик айылында туулган. 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Журналистика" адистиги боюнча аяктаган.
2009-2013-жылдары КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасында кабарчы болуп эмгектенген. 2013-2014-жылдары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында маалымат катчы болгон.
2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында сектор башчы, андан соң эксперт кызматын аркалап келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0