https://sputnik.kg/20210414/manastyn-kyrk-chorosunun-aty-zhonu-1052127494.html
Манастын кырк чоросунун аты-жөнү. Кырк жактан келген кыйындар
Манастын кырк чоросунун аты-жөнү. Кырк жактан келген кыйындар
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги Манастын кырк чоросунун аты-жөнүн сунуштайт. Материалдагы ысымдар Тоголок Молдо менен Сагынбай Орозбаковдун варианттары боюнча... 14.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-14T18:00+0600
2021-04-14T18:00+0600
2021-12-14T14:27+0600
коом
кыргызстан
маданият
манас
кырк чоро
тоголок молдо
эпос
ысым
https://sputnik.kg/img/102023/69/1020236973_0:44:1037:627_1920x0_80_0_0_31c429c47d1c3e5c172589360a6004ec.jpg
Манасчы Талантаалы Бакчиев белгилегендей, кырк чоро деп айтылып жүргөнү менен эпосто 42 же андан көп сан берилет. Тоголок Молдонун варианты боюнча, 48и чоро, 40ы алардын зардалы, мындайча айтканда, жардамчысы. Алар курал-жарак ташып, атын карап, керектүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Манаста "Себилдүүсү сексен төрт. Серп салган жагы кызыл өрт" деп бекеринен айтылбаса керек. Айрым манасчылардын варианттарында бардык чоронун аты аталат, кээ биринде толук айтылбайт.Манастын кырк чоросу кырк тараптан келген. Бир күндө эмес, аз-аздан келип куралган. Кээси Манастан кичүү болсо, айрымдары тең болгон. Чоролордун көбү азган-тозгондор. Өз элине, жерине батпай, куугунтукка алынгандыктан "Манас айкөл экен, баатыр экен, чыгаан экен" деп үмүт артып келишкен.Эпосто "Чокудан алтын табышты, чокусу ушул экен деп, чоро болуп жабышты. Кыргыздан чыккан кыраан деп, кыргыздан ушул табылды. Кыйыны экен кыргыздын, кырк чоро болуп жабышты" деп айтылат. Орой угулганы менен чындыгында чоролор Манаска "агалап-сагалап" келишкен. Кырк чоронун 12си Чоң казатта окко учкан. Калгандары Чоң казаттан кайтып келип, Манас жаракатынан улам эки дүйнө ортосунда болуп турганда, тилекке каршы, бийлик көздөгөндөр жакка ооп кеткени айтылат.Баатырдын кырк чоросу тууралуу кызыктуу фактыларды кабарчы Гүлдана Талантбекова даярдаган материалдан окуй аласыздар.
https://sputnik.kg
https://sputnik.kg/20210316/manastyn-kancha-ayaly-bolgon-1051785732.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102023/69/1020236973_0:0:1037:779_1920x0_80_0_0_709a2209f5894695f2b0c1ba408fc6e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, маданият, манас, кырк чоро, тоголок молдо, эпос, ысым
коом, кыргызстан, маданият, манас, кырк чоро, тоголок молдо, эпос, ысым
Манастын кырк чоросунун аты-жөнү. Кырк жактан келген кыйындар
18:00 14.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Sputnik Кыргызстан агенттиги Манастын кырк чоросунун аты-жөнүн сунуштайт. Материалдагы ысымдар Тоголок Молдо менен Сагынбай Орозбаковдун варианттары боюнча берилген.
Манасчы Талантаалы Бакчиев белгилегендей, кырк чоро деп айтылып жүргөнү менен эпосто 42 же андан көп сан берилет. Тоголок Молдонун варианты боюнча, 48и чоро, 40ы алардын зардалы, мындайча айтканда, жардамчысы. Алар курал-жарак ташып, атын карап, керектүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Манаста "Себилдүүсү сексен төрт. Серп салган жагы кызыл өрт" деп бекеринен айтылбаса керек. Айрым манасчылардын варианттарында бардык чоронун аты аталат, кээ биринде толук айтылбайт.
16 Бештин айы 2021, 18:37
Манастын кырк чоросу кырк тараптан келген. Бир күндө эмес, аз-аздан келип куралган. Кээси Манастан кичүү болсо, айрымдары тең болгон. Чоролордун көбү азган-тозгондор. Өз элине, жерине батпай, куугунтукка алынгандыктан "Манас айкөл экен, баатыр экен, чыгаан экен" деп үмүт артып келишкен.
16 Жалган Куран 2021, 15:03
Эпосто "Чокудан алтын табышты, чокусу ушул экен деп, чоро болуп жабышты. Кыргыздан чыккан кыраан деп, кыргыздан ушул табылды. Кыйыны экен кыргыздын, кырк чоро болуп жабышты" деп айтылат. Орой угулганы менен чындыгында чоролор Манаска "агалап-сагалап" келишкен. Кырк чоронун 12си Чоң казатта окко учкан. Калгандары Чоң казаттан кайтып келип, Манас жаракатынан улам эки дүйнө ортосунда болуп турганда, тилекке каршы, бийлик көздөгөндөр жакка ооп кеткени айтылат.
Баатырдын кырк чоросу тууралуу кызыктуу фактыларды кабарчы Гүлдана Талантбекова даярдаган
материалдан окуй аласыздар.