https://sputnik.kg/20210414/kyrgyzstan-ehkonomikasy-artka-ketti-1052119046.html
Өлкөнүн ички дүң продукциясы 9,4 пайызга төмөндөдү. Үч айлык статистика
Өлкөнүн ички дүң продукциясы 9,4 пайызга төмөндөдү. Үч айлык статистика
Sputnik Кыргызстан
Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаган. 14.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-14T09:25+0600
2021-04-14T09:25+0600
2021-12-22T23:16+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
ички дүң продукциясы
статистика
төмөндөө
https://sputnik.kg/img/104433/94/1044339443_0:217:3068:1951_1920x0_80_0_0_bd335b8d08888144a9a04d3f54faba91.jpg
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) үстүбүздөгү жылдын январь-мартында 118,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Көрсөтүлгөн сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкө экономикасы 9,4 пайызга артка кеткенин айгинелейт. Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 105,6 миллиард сом болуп 4,5 пайызга кыскарган.Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаганы белгиленет. Бир гана айыл чарба тармагында 0,9 пайыз өсүү байкалган.Ошону менен бирге жыл башынан берки үч айда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча элдик керектөөчү товарлардын баасы 3,2 пайызга кымбаттаганы айтылды.Ал эми тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 800 миллион долларды түзүп, 18,3 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинен экспортко чыккан товарлар 25,5 пайызга, импорт 15 пайызга азайган.Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,9 пайызга төмөндөгөнү маалым болгон.
https://sputnik.kg/20210404/salyk-kyzmaty-zh-21-7-mlrd-som-chogulttu-1051994852.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104433/94/1044339443_0:120:3068:2048_1920x0_80_0_0_31ce11a13297cb500b1db04a72c43717.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, ички дүң продукциясы, статистика, төмөндөө
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, ички дүң продукциясы, статистика, төмөндөө
Өлкөнүн ички дүң продукциясы 9,4 пайызга төмөндөдү. Үч айлык статистика
09:25 14.04.2021 (Жаңыртылды: 23:16 22.12.2021) Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаган.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) үстүбүздөгү жылдын январь-мартында 118,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Көрсөтүлгөн сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкө экономикасы 9,4 пайызга артка кеткенин айгинелейт. Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 105,6 миллиард сом болуп 4,5 пайызга кыскарган.
Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаганы белгиленет. Бир гана айыл чарба тармагында 0,9 пайыз өсүү байкалган.
Ошону менен бирге жыл башынан берки үч айда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча элдик керектөөчү товарлардын баасы 3,2 пайызга кымбаттаганы айтылды.
Ал эми тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 800 миллион долларды түзүп, 18,3 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинен экспортко чыккан товарлар 25,5 пайызга, импорт 15 пайызга азайган.
Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы
8,9 пайызга төмөндөгөнү маалым болгон.