https://sputnik.kg/20210325/kyrgyzstan-ekonomikasy-artka-ketti-1051885364.html
Жыл башында өлкө экономикасы 5,3 пайызга артка кетти. Статистика
Жыл башында өлкө экономикасы 5,3 пайызга артка кетти. Статистика
Sputnik Кыргызстан
Расмий катталган жумушсуздардын саны 78,4 миң адамды түзүп, былтыркыдан 2,1 пайызга көбөйгөн. Ал эми орточо айлык 17 966 сом болуп, эмгек акынын реалдуу өсүшү... 25.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-25T09:04+0600
2021-03-25T09:04+0600
2021-12-22T23:16+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
ички дүң продукциясы
статистика
өндүрүш
https://sputnik.kg/img/104432/92/1044329288_0:322:3068:2048_1920x0_80_0_0_70b10453a045c7690d854de14984acc2.jpg
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) анык өсүшү 8,9 пайызга төмөндөп, номиналдык көлөмү 71,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.Аталган көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,6 пайыздык пунктуга төмөн экенинен кабар берет."Кумтөр" кенин эсепке албаганда, өлкө экономикасы 5,3 пайызга артка кеткен, былтыр январь-февралда 3 пайызга жогорулаганы белгиленет.Ал эми доллардын курсу бир жылда 21,33 пайызга кымбаттап, февралдын аягында 84,75 сомго жеткен.Өнөр жай продукцияларын өндүрүү 13 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсү 7,3 пайызга, дүң жана чекене соода, автоунааларды, мотоциклдерди оңдоо кызматтарында 15,8 пайызга төмөндөө байкалган. Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 34,5 пайызга чейин түшүп кеткен.Бир гана айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо жаатында 0,9 пайыздык өсүш байкалган.Расмий катталган жумушсуздардын саны февраль айынын этегинде 78,4 миң адамды түзүп, былтыркыга караганда 2,1 пайызга көбөйгөн.Ошондой эле орточо айлык 17 966 сом болуп, эмгек акынын реалдуу өсүшү 5 пайызга азайган.Тышкы соода жүгүртүү январь айында 352,4 миллион доллар болуп, 27,5 пайызга кыскарган.
https://sputnik.kg/20210311/kyrgyzstan-import-kyskaruu-1051740158.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104432/92/1044329288_337:0:3068:2048_1920x0_80_0_0_19752715138b51df869cc696dbb6ce33.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, ички дүң продукциясы, статистика, өндүрүш
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, ички дүң продукциясы, статистика, өндүрүш
Жыл башында өлкө экономикасы 5,3 пайызга артка кетти. Статистика
09:04 25.03.2021 (Жаңыртылды: 23:16 22.12.2021) Расмий катталган жумушсуздардын саны 78,4 миң адамды түзүп, былтыркыдан 2,1 пайызга көбөйгөн. Ал эми орточо айлык 17 966 сом болуп, эмгек акынын реалдуу өсүшү 5 пайызга азайган.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) анык өсүшү 8,9 пайызга төмөндөп, номиналдык көлөмү 71,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Аталган көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,6 пайыздык пунктуга төмөн экенинен кабар берет.
"Кумтөр" кенин эсепке албаганда, өлкө экономикасы 5,3 пайызга артка кеткен, былтыр январь-февралда 3 пайызга жогорулаганы белгиленет.
Ал эми доллардын курсу бир жылда 21,33 пайызга кымбаттап, февралдын аягында 84,75 сомго жеткен.
11 Жалган Куран 2021, 18:58
Өнөр жай продукцияларын өндүрүү 13 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсү 7,3 пайызга, дүң жана чекене соода, автоунааларды, мотоциклдерди оңдоо кызматтарында 15,8 пайызга төмөндөө байкалган. Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 34,5 пайызга чейин түшүп кеткен.
Бир гана айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо жаатында 0,9 пайыздык өсүш байкалган.
Расмий катталган жумушсуздардын саны февраль айынын этегинде 78,4 миң адамды түзүп, былтыркыга караганда 2,1 пайызга көбөйгөн.
Ошондой эле орточо айлык 17 966 сом болуп, эмгек акынын реалдуу өсүшү 5 пайызга азайган.
Тышкы соода жүгүртүү январь айында 352,4 миллион доллар болуп, 27,5 пайызга кыскарган.