Кал, меңди алдырарда онколог менен кеңешүү керек. Онкодерматологдун маеги

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук онкология жана дерматология борборунун онкодерматологу Алмаз Якубов
Улуттук онкология жана дерматология борборунун онкодерматологу Алмаз Якубов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Адамдын денесиндеги кал же меңдин да кооптуулугу бар. Буларга да өзү билемдик менен мамиле жасоо жарабайт. Адистер айрым учурда калдын ракка өтүп кетүү коркунучу бар экендигин айтышат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Улуттук онкология жана дерматология борборунун онкодерматологу Алмаз Якубов менен адамдагы мең, кал жана папилломанын табияты тууралуу маектешти.
—Алгач жаңы пайда болгон кал же меңдин эмнесине көңүл бөлүшүбүз керек?
— Адамдын денесинде элүүдөн жүзгө чейин мең болушу мүмкүн. Меңдер тубаса жана кийин пайда болгон түрү болуп бөлүнөт. Адамдын жашы өткөн сайын булар көбөйүп, өсөт. Ошондуктан өзү билемдик менен мамиле жасабоо керек.
—Алардын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Мунун организмдин өзгөчүлүгүнө таасири барбы?
— Калдын көбөйүшүнө күндүн нуру, химиялык заттар таасир этет. Ошол эле учурда тукум куушу да мүмкүн. Атасы же апасында кал көп болсо, балдарында да кездешет.
— Калдын зыяндуу же зыян эместигин, коопсуздугун кантип билсек болот?
— Калдын өңү бир өңчөй — кара болсо бир өңчөй кара, ал эми күрөң болсо бир өңчөй күрөң түстө болушу керек. Ошондой эле формасы да тегиз болушу абзел. Эгерде калдын түсү бир өңчөй болбосо, бул кооптуу. Мисалы, анын бир жагы карарып, экинчи чети кызарып турса, бат өсүп жатса муну жаман илдеттин пайда болушу катары кароого болот. Буга сырткы факторлор да таасир этиши мүмкүн. Күндүн нуру тийсе калдын өңү да өзгөрүп, чоңоё баштайт. Ошондой эле калды кесүүгө, канатууга болбойт. Бул калдын чоңоюусу менен андагы рак клеткасынын пайда болушуна алып келет.
© Sputnik / Асель СыдыковаАлмаз Якубов: адамдын денесинде элүүдөн жүзгө чейин мең болушу мүмкүн
Врач-онкодерматолог Национального центра онкологии и дерматологии Алмаз Якубов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алмаз Якубов: адамдын денесинде элүүдөн жүзгө чейин мең болушу мүмкүн
— Медицинада кал "невус" деп аталат экен. Мындан сырткары, денеге өсүп чыккан папиллома жана меланомалардын айырмасын кенен түшүндүрүп берсеңиз?
— Невус (кал, мең — ред.) ар бир адамда болот. Ал формасы жана түсү жагынан да көп жылдар бою өзгөрбөйт. Бул жөнөкөй невус катары сыпатталат. Меланома — бул калдан же меңден чыккан залалдуу шишик. Эгер сиздин калыңыз бат өсүп, түстөрү өзгөрүп, ооруп же кычышып, бир жагынан канай баштаса меңден мелонома өсүп жатат деп түшүнсө болот. Меланома жайылып өсүшү мүмкүн. Ал эми папиллома — бул кадимки эле сөөл. Ал адамдын мойнуна, колтугуна көп чыгат. Мунун өңү күрөң болуп, сырткы түзүлүшү майда-майда сөйкөгө окшош болот. Адамдын денесинде 40 жаштан нары көбөйө баштайт. Булардын меланомага тиешеси жок. Эскерте кетчү нерсе, башыңызда да күрөң түстөгү кал пайда болуп, анын тез өскөнүн байкасаңыз дарыгерге көрүнүңүз.
—Айрымдар дарыгерге кайрылбастан эле косметологдорго калдарын алдыра башташты. Буга сиздин оюңуз?
— Мунун кооптуу экенин айта кетейин. Себеби косметолог дарыгер эмес. Алар калдагы залалдуу шишикти аныктай алышпайт. Калдан кутулам десеңиз онкологго барып көрүнүп, анын кеңешин угуп, адистин макулдугу менен гана алдырыңыз.
Улуттук кардиология жана гипертония борборунун өпкө гипертониясы жана тоо медицинасы бөлүмүнүн башчысы Абдырашит Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Коңуруктун эки түрү бар, бири адамды инфаркт же инсультка кептейт. Адистин маеги
—Кал менен папилломаны алдыруунун өзү рак клеткаларын пайда кыларын айтышат. Бул канчалык деңгээлде негиздүү?
—Кал менен меңди алдырса болот. Бирок туура алдыруу үчүн адиске кайрылуу керек. Папилломаларды да күйгүзүп туруп алышат. Буларды алдыргандан кийин тамырлары калып калса, андан залалдуу шишик пайда болушу ыктымал. Ошол себептен дарыгердин макулдугусуз өз алдынча алдыруу жарабайт.
— Папиллома вирусу да бар. Ага карата вакцина да сайылат экен. Эгер ушул дарыны алсак, папиллома өсүндүсү чыкпайт деп айтууга болобу?
—Жок, папиллома вирусу аялдын жатын рагына кабылуусуна себепчи болот. Ошого каршы эмдөө жасалат. Бул вакцинаны 14 жашка чейинки өспүрүмдөргө да сайса болот. Ал эми кадимки сөөлгө (папиллома —ред.) бул эмдөө эч кандай таасир этпейт. Бирок бардык папилломалардын аталган вирус менен байланышы бар.
© Sputnik / Асель СыдыковаАлмаз Якубов: калдын көбөйүшүнө күндүн нуру, химиялык заттар таасир этет
Врач-онкодерматолог Национального центра онкологии и дерматологии Алмаз Якубов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алмаз Якубов: калдын көбөйүшүнө күндүн нуру, химиялык заттар таасир этет
— Кал, сөөлдөр оорудан же витаминдердин жетишсиздигинен пайда болушу мүмкүнбү?
— Адамдын иммунитети түшүп кеткенде денесинде папилломалар пайда болот. Меңдердин меланомага айланып кетиши да адамдын ооруганынан жана иммунитеттин түшүп кетишинен улам кездешет. Эгерде адам алкоголдук ичимдиктерди ичсе да терс таасирин берет. Боор ооруганда да денеде ар кандай тактар пайда болуп, меңдин меланомага айланып кетүү коркунучу бар. 
Өпкөнүн рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Кургак учукка кабылгандар кымызга кетип калып кыйналышат. Фтизиатрдын маеги
— Азыркы учурда мең, кал, меланомаларды изилдөөнүн кандай ыкмалары бар?
— Дермаскоп аппараттары Кыргызстанда да азыр көбөйүп калды. Бул аппарат менен кал, меңди изилдеп туруп, дартын так аныктоого болот. Муну менен катар онкотест, онкомаркер деген кандын тесттери көбөйүп калды. Ошондой эле биопсия, ситология, гистология деген медициналык жолдор менен да дартты аныктайбыз.
—Мисалы, калды алдыра турган болсок, анын да ыкмалары болсо керек. Кайсынысы кооптуу?
— Калды, папилломаны алдыруунун үч ыкмасы бар. Хирургиялык жолу, лазер менен алуу жана суюк азот. Папилломаларды суюк азот менен алууга болот. Эгер мең чоң болуп же туура эмес өсүп жатса, андай учурда көбүнчө хирургиялык ыкманы пайдаланабыз.
— Ошону менен бирге денеде пайда болчу кызыл тактарды анар деп да атап коёбуз. Муну денедеги купероз десек болобу же кандай сүрөттөйт элеңиз?
— Тубаса анардын эки жолу бар. Биринчиси өспөй токтоп калса, экинчиси чоңоюп жүрүп отурат. Бала чоңойгон сайын айрым тубаса анарлардын өсүүсү токтоп, ал акырындап жок боло баштайт. Экинчи түрүндө, баланын чоңоюшу менен денесиндеги анарлар да чоңоюп отурат. Анарды медицинада тубаса гемангиома деп коёбуз. Бул баланын төрөлгөндөгү салмагына, жынысына жана кош бойлуу кезде эненин оорусуна жараша болот. Анарды да жогорудагыдай эле хирургиялык, лазердик жана суюк азот өңдүү үч жол менен алууга болот.
© Sputnik / Асель СыдыковаАлмаз Якубов: меланома — бул калдан же меңден чыккан залалдуу шишик
Врач-онкодерматолог Национального центра онкологии и дерматологии Алмаз Якубов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алмаз Якубов: меланома — бул калдан же меңден чыккан залалдуу шишик
— Биздеги ишенимдер боюнча кал көп чыккан наристеге Калбүбү же Калыбек деп ат коюп коёт эмеспизби. Адис катары буга кандай карайсыз?
— Кыргыздарда бир үй-бүлөдө жалаң кыздар төрөлсө, кыздарга Уулбү же Уулжан деп ат коё башташат. Ушундай эле тубаса калы же анары менен төрөлгөн наристеге Калыбек же Анар деп ат коюуда эч кандай майнап чыкпайт. Мунун калга таасири болбойт. Кээде адамдар өзү билемдик менен калды күйгүзүп же аттын кылы менен тартып коюшат. Мындан рак оорусу пайда болушу толук ыктымал. Аны өз алдынча жок кылууга болбойт.
— Дарыгерлер калды күн ысыкта алдырбагыла деген өңдүү кеңештерин берет экен...
— Ооба, мунун косметикалык жагынан да мааниси бар. Күн ысыкта кал алдырганда так калат. Ал эми кышында алдырса натыйжасы жакшы болот. Ушул эле калды алдырууда адамдын өмүрүнө, ден соолугуна таасир этүүчү коопсуздугу да каралат. Көздүн алдында, кулактын жанында жайгашкан калдан кутулууга шашпаш керек. Онкологдун кеңеши менен гана иш кылган туура. Айрым адамдардын көз чарасынын ичинде кал пайда болуп калат. Бул деле химиялык заттар менен көп иштегендин, күнгө көп чыккандын жана боор ооругандын кесепети.
—Сактанууга мүмкүнбү?
—Күнгө көп күйбөй, күн нурунан сактоочу бет майларды сыйпанып жүрүү керек. Ошондой эле тамак-ашты да карап, химиялык заттарды азыраак колдонуу зарыл. Мында кал көбөйбөйт жана чоңоюп кетпейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0