Кургак учукка кабылгандар кымызга кетип калып кыйналышат. Фтизиатрдын маеги
16:57 24.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Жазылуу
Жыл сайын 24-мартта Эл аралык кургак учук менен күрөшүү күнү белгиленип келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиргенине караганда, кургак учук ажал чакырган он оорунун катарына кирет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук фтизиатрия борборунун экинчи терапиясынын башчысы Кундуз Токторгазиева менен кургак учук оорусунун табияты жана аны дарылоо шарттары тууралуу маек даярдаган.
© Sputnik / Асель СыдыковаКундуз Токторгазиева: 4-5 жыл мурда ооругандардын саны 100 миң кишинин ичинен 190 адамды түзсө, азыр ал 80 адамга кыскарды. Ошону менен бирге эле каза болгондордун саны да кескин төмөндөгөн
Кундуз Токторгазиева: 4-5 жыл мурда ооругандардын саны 100 миң кишинин ичинен 190 адамды түзсө, азыр ал 80 адамга кыскарды. Ошону менен бирге эле каза болгондордун саны да кескин төмөндөгөн
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— 24-март кургак учук оорусуна каршы күрөшүү күнү болуп белгиленип келе жатат. Сиздерде дагы бул датага ылайык иш-чаралар өткөрүлсө керек...
— Ооба, жыл сайын бир айлык жарыяланып, иш-чаралар өткөрүлөт. Атайын конференция болуп, анда кургак учук тууралуу отчёттор берилет. Муну менен катар биз менен иштешип жаткан ПРООН өңдүү эл аралык уюмдар ооруканадагы балдарга сүрөт тарттырып, байге катары белек берип, бир катар иштерди уюштурат. Массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
— Учурда республикада кургак учук менен ооругандардын саны көбөйүп баратканы айтылууда.
— Жок, тескерисинче, жылдан-жылга азайып бара жатат. Статистика бөлүмүнүн жылдык отчётуна караганда, негизинен азайганы байкалат. Мисалы, 4-5 жыл мурда ооругандардын саны 100 миң кишинин ичинен 190 адамды түзсө, азыр ал 80 адамга кыскарды. Ошону менен бирге эле каза болгондордун саны да кескин төмөндөгөн.
— Кургак учук инфекциялык жугуштуу оору болуп эсептелинет эмеспи?
— Ооба. Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган киши дарыланбай жүрө берсе, аз убакытта он кишиге жугузушу мүмкүн. Көп эле кишиге жугузат, бирок активдүү түрдө он киши ооруп калышы ыктымал. Кургак учук алар байланышта болгон жакындарына жугушу мүмкүн. Же кичинекей балдары болсо аларга жугуп калат. Анткени жаш балдардын иммунитети бул ооруга алсыз келет.
— Жабык түрү да бар экени маалым.
— Ооба, жабык түрү жаңы башталып келе жатканы. Ал эми дарт өпкөсүнө өтүп кеткенде, ачык түрүнө айланып кетет. Ачыгы кооптуу болуп саналат.
— Бул оорудан толук айыкса болобу?
— Ооба, бул оорулуунун өзүнөн жана дарылап жаткандардан көз каранды. Эгер дарылануу курсун толук алып, башынан аягына чейин дарыланса кургак учуктан толук сакайып кетүүгө болот.
— Бул ооруну шарттаган факторлор кайсылар?
— Эң негизгиси — адамдын ден соолугу чың болушу керек. Кант диабети, алкоголизм менен жабыркаган, социалдык жактан жакыр жашаган адамдар кургак учукка бат чалдыгышы мүмкүн. Акыркы убакта мигранттардын арасында да көп катталып жатат. Себеби алар талаа-түздө медициналык кароодон өтпөй жүрүп калышууда. Негизи оору иммунитет начарлаганда жугат.
— Жакында эле Бишкекте он бир жоокер кургак учук жугузуп алгандыгы аныкталды...
— Мунун эми ар кандай себептери бар. Аны мен так айта албайм. Бири жуктуруп барып, ошол аркылуу башкаларына да жугушу мүмкүн. Убагында аларды скрининг кылып, ден соолугун текшерип туруу керек эле. Кургак учуктун пневмониядан айырмасы — ал дароо эле жөтөлүп башталбайт. Алгач өпкөдө чекиттей так пайда болуп башталгандыктан ооруну байкабай калуу толук мүмкүн. Белги бербейт. Ал өрчүп отуруп инфильтративдик түрүнө айланганда гана кургак учуктун белгилери байкалат. Ал эми пневмония илдети дароо эле дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп белги берет. Кургак учукта башында жөтөл болбойт.
© Фото / Сонун ЕсембаеваКундуз Токторгазиева: кургак учуктун ачык түрү менен ооруган киши дарыланбай жүрө берсе, аз убакытта он кишиге жугузушу мүмкүн. Көп эле кишиге жугузат, бирок активдүү түрдө он киши ооруп калышы ыктымал
Кундуз Токторгазиева: кургак учуктун ачык түрү менен ооруган киши дарыланбай жүрө берсе, аз убакытта он кишиге жугузушу мүмкүн. Көп эле кишиге жугузат, бирок активдүү түрдө он киши ооруп калышы ыктымал
© Фото / Сонун Есембаева
— Ошентсе да кургак учуктун жөнөкөй белгилери кандай болот?
— Алгач адамдын алы кетет. Арыктап, тамак ичкени да азайып баштайт. Түнкүсүн тердейт. Андан кийин жөтөл башталып, ал эки жумага чейин басылбайт. Мындан соң дене табы көтөрүлүп, бирок ал 37-38ден ашпайт. Негизинен кургак учукка кабылгандар ички миграция көп катталган Бишкекте жана Чүй облусунда арбын. Кайрылгандардын көбү кургак учуктун белгилерин билбейт экен. Ошол себептен массалык маалымат каражаттары аркылуу көп маалымат берилиши керек деп ойлойм. Жогорудагы белгилери байкалганда эле дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек.
— Ооруну аныктоо шарттары жөнөкөй элеби?
— Биринчи эле какырык тапшырат. Ал бардык аймакта бекер жасалат. Экинчиден, өпкөсүн рентгенге тарттырат. Ушул эки жолу менен эле аныктап коёт.
— Дарылоо ыкмасына токтолсоңуз?
— Негизи дарылануу курсу алты ай. Ал эми мурда ооруп айыгып, кайра ооругандарга дарылоо курсу сегиз айга созулат. Кургак учуктун туруктуу жана туруктуу эмес эки түрү бар. Алгачкы жолу ооругандар биринчи катардын дарыларын ичишет. Кайталанып, экинчи жолу ооругандар бир аз узагыраак дарыланышат. Анткени алардын өпкөсү көптө калыбына келет. Ошондой эле кээ бир оорулар кургак учуктун биринчи катардагы дарыларына туруктуу болуп калат. Алар экинчи же үчүнчү катардын дарылары деп эсептелген башка препараттарды ичишет. Дарылоо системалары ар кандай. Дарыга туруктуу болуп калгандар тогуз же 12 айлык дарылоо курсунан өтүшөт. Бул медикаменттердин баары бизде бар, бейтаптарга бекер берилет. Алардын 30 пайызы мамлекеттик бюджет аркылуу алынса, калгандары эл аралык уюмдар тарабынан алынат.
— Оорунун сезимтал түрүнөн туруктуу түрүнө өтүп кетиши дарылоого кыйын экендигин айтышат. Окурмандарга кеңеш берсеңиз, эмнеге туруктуу түрүнө өтүп кетет?
— Туруктуу түрүнө өтүп кеткени бейтаптын өзүнөн көз каранды, алар дарыны ичип жүрүп токтотуп салышат же убагы менен күнүгө ичпей коет. Ушундан улам туруктуу түрүнө айланып кетип жатат. Бул бейтаптар тыкыр дарыланбай, кетип калып, кайра келип жатып башкаларга да жугузушууда. Аларга туугандары да түшүндүрүп айтышы керек. Биз бейтаптар дарыланып жатканда жана чыгып жатканда баарын түшүндүрүп айтып беребиз. Бизден чыккандан кийин ошол жактагы медициналык пунктка чалып, маалымат берип каттатабыз. Бирок батирде жашагандарда бул жаатта көйгөй бар. Бизге ооруканага жатканда башка дарек менен келишет да чыккандан кийин кайра башка дарекке кетип калышат. Негизи мыйзам боюнча бейтап кайсы жерде жашаса ошол жерден дарыланышы керек. Бул жагын да бейтаптарга түшүндүрөбүз. Ошентсе да бир-эки жолу дарылануу үзгүлтүккө учураган соң ал оору туруктуу болуп кетет. Ал эми дарыланып, дары ичип жаткан учурда оору жугуштуу болбой калат. Ооруканада жаткан бейтаптын жатканына эки жума өткөндөн кийин какырыгын алып текшерип көрөбүз. Ошондо эле оорусу 60-70 пайызга жугуштуу болбой калганы билинет.
© Sputnik / Асель СыдыковаКундуз Токторгазиева: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору кургак учукка кабылгандарды убагында аныктап, таап дарылоого алышы керек. Экинчиден, тамактанууну жакшыртуу зарыл. Ичимдик ичпей, тамеки чекпей дени сак жашоо образына өтүп, колдон келсе дене тарбия менен алектенүү абзел
Кундуз Токторгазиева: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору кургак учукка кабылгандарды убагында аныктап, таап дарылоого алышы керек. Экинчиден, тамактанууну жакшыртуу зарыл. Ичимдик ичпей, тамеки чекпей дени сак жашоо образына өтүп, колдон келсе дене тарбия менен алектенүү абзел
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Дарылануудан тышкары ооруп жаткандар эмнелерди билүүсү кажет?
— Бул учурда күчтүү, витаминдүү тамактар берилет. Негизи бейтаптарды көп жатпастан туруп баскыла дейбиз. Андан сырткары, дене тарбия көнүгүүлөрүн жана гимнастика жасагыла деп кеңеш беребиз. Бирок оорусу өтүшүп кеткендер дароо басып, гимнастика жасай албайт.
Ошондой эле биздин дарыларга кошуп иммунитетти көтөрө турган витаминдерди да беребиз. Ал эми кант диабети, жүрөк оорусу өңдүү кошумча оорусу барларга тийиштүү адистин кеңеши менен комплекстүү дарылануу жүрөт.
— Элдик медицинага көз карашыңыз кандай? Мисалы, кымыз ичип, иттин этин жесе кургак учукка жардам берерин айтышат...
— Менин буга көз карашым тескери. Себеби кургак учукка элдик медицина жардам бербейт. Бизге келген бейтаптар да муну көп сурашат. Аларга "ооруп калганга чейин кымыз, бээнин сүтүн ичип, оорубаш үчүн аракет кылсаңыз болмок. Эми ооруп калгандан кийин алгач дары ичип, дарыланыңыз", — деп көп айтам. Кээ бирлери эки ай дарылангандан кийин түшүндүрүп жатсаң деле кымыз ичем деп дарысын таштап кетип калат. Кайра аябай оор акыбалда келишет. Ошондойлор менен көп баарлашабыз. Элдик дарылоо ыкмасы, менимче, онкологиялык оорулар менен кургак учукка жардам бербейт. Муну менен катар өпкөсүндө өнөкөт оорусу бар адамдар кургак учукту тез жугузушу мүмкүн.
— Коронавирус пандемиясы кургак учукка кандай таасир берди?
— Улуттук фтизиатрия борборунда 38 койкалуу кызыл зона ачылды. Ага биздин борбордун медиктери кирип иштеп жатты. Ушундан алган тажрыйбам боюнча айтсам, жөтөлгөн бейтаптын баарын эле коронавирус деп эле жаткыра беришкен экен. Айылдарда рентгенге да тартышпаптыр. Бизге ошол кургак учук болгондор эми келип жатышат. Сурасаң "жайында коронавирус болуп дарылангам, анан азыр да ооруй бергенден текшерилсем кургак учук экенмин" дешет. Жайында кургак учук менен кайрылгандар такыр эле жок болуп кеткен.
Мындан тышкары, коронавирус менен бирге кургак учук да болгон бейтаптар бар. Бул боюнча азыр илимий изилдөө да жүргүзүп жатабыз. Кант диабети, өнөкөт жүрөк оорулары менен коронавирус болгон бейтаптарга караганда кургак учук менен ооруган оорулуулардыкы бир аз жеңилирээк өттү. Алардын симптомдору өтө курч болбойт экен. Ушундай түрдөгү 24 бейтапты аныктадык. Кант диабети менен жабыркагандар коронавирусту аябай оор көтөрүштү, каза болгондор да көп болуп жатты. Бизде кургак учук менен коронавирус жуктуруп алган бир эле бейтап каза болуп калды. Калгандары жакшы болуп кетти.
— Алдын алуу, профилактика иштери кандай болушу керек?
— Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору кургак учукка кабылгандарды убагында аныктап, таап дарылоого алышы керек. Экинчиден, тамактанууну жакшыртуу зарыл. Ичимдик ичпей, тамеки чекпей дени сак жашоо образына өтүп, колдон келсе дене тарбия менен алектенүү абзел. Балдарды да жашынан таза абада сейилдеп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого үйрөтсөк жакшы болот эле. Болбосо азыр балдардын көбү телефон чукуп эле үйдөн чыгышпайт. Ата-энелерден да көп нерсе көз каранды. Ошону менен бирге өнөкөт ооруларды да убагы менен дарылап туруу керек.