БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Алай районунун Гүлчө айылындагы турак үйдө өрт чыгып, 56 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.Билдирүүгө караганда, өрт 8-апрель күнү түшкө маал чыккан.Кийин үйдүн ичинен эркек кишинин сөөгү табылып, куткаруучулар аны Алай райондук милициясына өткөрүп берген.Тилсиз жоо 103 чарчы метрге жайылган. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.
Өрттөнүп кеткен үйдүн ичинен табылган эркек кишинин сөөгү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилген.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Алай районунун Гүлчө айылындагы турак үйдө өрт чыгып, 56 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, өрт 8-апрель күнү түшкө маал чыккан
Билдирүүгө караганда, өрт 8-апрель күнү түшкө маал чыккан.
"Саат 13:33тө Гүлчө айылындагы борбордук базарынын артында жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ кызматкерлери кырсык болгон жерге 13:40та барып, саат 13:44тө тилсиз жоону чектөөгө алган", — деп айтылат билдирүүдө.
Кийин үйдүн ичинен эркек кишинин сөөгү табылып, куткаруучулар аны Алай райондук милициясына өткөрүп берген.
Тилсиз жоо 103 чарчы метрге жайылган. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.