https://sputnik.kg/20210405/manas-aeroportu-tyshky-bashkaruu-1052011329.html
"Манас" аэропорту тышкы башкарууга берилеби? Компаниянын жообу
"Манас" аэропорту тышкы башкарууга берилеби? Компаниянын жообу
Sputnik Кыргызстан
Аэропорттун маалымат кызматынан билдиришкендей, "Манас" ААКсы инфраструктуранын ишин жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу боюнча активдүү иш алып барып жатат. 05.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-05T13:42+0600
2021-04-05T13:42+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
кыргызстан
коом
саясат
"манас" эл аралык аэропорту
инвестор
башкаруу
https://sputnik.kg/img/104722/45/1047224548_450:167:1600:814_1920x0_80_0_0_f49ab1fdfb3516091f7394c57ddff108.jpg
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы аэропортту чет элдик компаниялардын башкаруусуна өткөрүп берүү ниети бар делген маалыматты расмий түрдө четке какты.Аэропорттун маалымат кызматынан билдиришкендей, "Манас" ААКсы инфраструктуранын ишин жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу, кирешени көбөйтүү, түз жана кыйыр киреше боюнча жаңы багыттарды иштеп чыгуу аракетин көрүп жатат.Учурда кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүү жүргөнү айтылды. Татарстандын "Ядран" финансылык компаниясынын жетекчилиги менен дагы жолугушуулар болгон."Манас" аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев компаниянын инвестицияны талап кылган багыттары, "Манас" менен "Ош" аэропортторуна жаңы учуп-конуу тилкелерин куруп, эскилерин оңдош керектигин айтты. Сүйлөшүүлөр таанышуу иретинде жүрдү. "Манас" аба майданын тышкы башкарууга өткөрүп берүү маселеси жетекчилик тарабынан каралган жок", — дешти компаниядан.Татарстандагы компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга рынокту изилдөөгө, кызыктыра турган инвестициялык долбоорлорду кароо үчүн келишкени белгиленди. Ошондой эле инвесторлор аэропорттун инфраструктурасынан сырткары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу маселесин карап жатышканы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20210402/osh-aehroportun-rekonstrukciyaloo-myjzam-buzuu-1051976032.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104722/45/1047224548_289:0:1600:983_1920x0_80_0_0_d66b5e611e9c96869d1ed0dd02048c08.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом, саясат, "манас" эл аралык аэропорту, инвестор, башкаруу
жаңылыктар, кыргызстан, коом, саясат, "манас" эл аралык аэропорту, инвестор, башкаруу
"Манас" аэропорту тышкы башкарууга берилеби? Компаниянын жообу
13:42 05.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Аэропорттун маалымат кызматынан билдиришкендей, "Манас" ААКсы инфраструктуранын ишин жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу боюнча активдүү иш алып барып жатат.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы аэропортту чет элдик компаниялардын башкаруусуна өткөрүп берүү ниети бар делген маалыматты расмий түрдө четке какты.
"Аба майдандын жетекчилиги инвестициялык же дагы башка долбоорлордун алкагында мындай сценарийди караган жок, карабайт дагы", — дешти компаниядан.
Аэропорттун маалымат кызматынан билдиришкендей, "Манас" ААКсы инфраструктуранын ишин жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу, кирешени көбөйтүү, түз жана кыйыр киреше боюнча жаңы багыттарды иштеп чыгуу аракетин көрүп жатат.
Учурда кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүү жүргөнү айтылды. Татарстандын "Ядран" финансылык компаниясынын жетекчилиги менен дагы жолугушуулар болгон.
"Манас" аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев компаниянын инвестицияны талап кылган багыттары, "Манас" менен "Ош" аэропортторуна жаңы учуп-конуу тилкелерин куруп, эскилерин оңдош керектигин айтты. Сүйлөшүүлөр таанышуу иретинде жүрдү. "Манас" аба майданын тышкы башкарууга өткөрүп берүү маселеси жетекчилик тарабынан каралган жок", — дешти компаниядан.
Татарстандагы компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга рынокту изилдөөгө, кызыктыра турган инвестициялык долбоорлорду кароо үчүн келишкени белгиленди. Ошондой эле инвесторлор аэропорттун инфраструктурасынан сырткары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу маселесин карап жатышканы кошумчаланды.