00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
18:57
2 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бишкекте белгисиз вирус тарап жатабы? Санэпидемкөзөмөл борборунун жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин көчөсүндө маска кийген кыз. Архив
Бишкектин көчөсүндө маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Буга чейин Бишкек шаарындагы дарыгер Эрмек Исмаилов өзүнүн Telegram-каналы аркылуу ордо калаада белгисиз вирус тарап жатканын айткан.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкек саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова менен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова Бишкекте белгисиз вирус тарап жатат деген маалымат боюнча жооп беришти.
Адистер Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтүп жаткан маалымат жыйынына катышкан.
Буга чейин Бишкек шаарындагы дарыгер Эрмек Исмаилов өзүнүн Telegram-каналы аркылуу ордо калаада белгисиз вирус тарап жатканын айткан.
"Тааныштарымдын көбү ооруп, дене табы 39 градуска чейин жетип жатканын айтышууда. Ошондой эле тамактары ооруп, жөтөлүп, денеси оорлошуп жатканын кошумчалашты. Белгилери коронавирустукуна окшош, бирок алар жайында андан айыгышкан. ПЦР-тесттери да терс чыгууда. Бул коронавирустун жаңы штаммыбы же жыл сайын кайталанган курч респиратордук инфекциябы?" — деп жазган Исмаилов.
Рыскулбекованын айтымында, октябрдан мартка чейин Бишкекте курч респиратордук вирустук оору адаттан тыш көп катталган эмес.
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Радио
Нурматов: кыргызстандыктардын 30,8 пайызынан антитело табылган
"Мониторинг жүргүзүлүп, пробалар алынып, Санэпидемкөзөмөл борборуна жеткирилүүдө. Быйыл да былтыркыдай сасык тумоо аныкталган жок. Коронавирус жана башка аденовирус, риновирус жана респиратордук-синциталдык вирус деген респиратордук инфекциялар аныкталды", — деди адис.
Журналист сасык тумоолоп калгандардын айрымдары коронавирус деп ойлоп жатканын айтып, оору оор өтүп жатканын белгилеген. Ал адистерден бул сасык тумоонун мутацияланган түрү эмеспи деп сураган.
"Сасык тумоо учурлары катталган жок. Бул вирустук инфекция. Эгер адамдар бул коронавирус деп ойлосо же оору оор өтүп жатса, анда call борбордун 118 номерине чалса, атайын бригада келет", — деди Исмаилова.
Буга чейин конференцияда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары 15-марттан тарта Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал начарлап, оору аныкталгандардын саны өсө баштаганын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0