https://sputnik.kg/20210320/turkiyanyn-turistter-bargan-zhajlary-teksherilet-1051835718.html
Бүгүндөн тарта Түркиянын туристтер барган жайлары катуу текшерилет
Бүгүндөн тарта Түркиянын туристтер барган жайлары катуу текшерилет
Sputnik Кыргызстан
Мындай чечимдин кабыл алынышына өлкөдө коронавирустун кайрадан көбөйүп бара жатышы себеп болгону айтылууда. 20.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-20T08:30+0600
2021-03-20T08:30+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
түркия
турист
полиция
текшерүү
коронавирус
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/17/1050525045_0:196:3071:1932_1920x0_80_0_0_17016f7f23d15ee58f4de6225299e018.jpg
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Түркиянын Ички иштер министрлиги 20-марттан тарта бир апта бою мейманкана, ресторан, мончо, коомдук транспорт, кафе, чачтарачкана, базар, мечит сыяктуу эл көп чогулган жайларды тыкыр текшерүүгө алат. Бул тууралуу Turizm Ajansi басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.Маалыматка караганда, мындай чукул чечимдин кабыл алынышына коронавирустун кайрадан көбөйүп бара жатышы себеп болууда.Бирок текшерүү учурунда өлкө бийлиги койгон талаптар туристтер тарабынан бузулганы аныкталса, кандай чара көрүлөрү айтылган эмес.Эске салсак, Түркия 15-марттан тарта өз аймагына кирген туристтер үчүн жаңы эреже кабыл алган. Ага ылайык, алты жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр Түркияга учуп кетердеги 72 сааттын ичинде Regist.Health.Gov.tr сайты аркылуу "Саякатчылардын Түркияга кирүү" формасын толтурушу керек.Авиакомпаниялар менен турист токтогон мейманканалар форманын толтурулганын мобилдик тиркеме же кагаз жүзүндө талап кылышат.
https://sputnik.kg/20210314/ozbekstanga-kiruu-sharttary-zhenildedi-1051766505.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/17/1050525045_0:99:3071:2029_1920x0_80_0_0_ff270cebd39a19bee5d26c1818feb151.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, түркия, турист, полиция, текшерүү, коронавирус
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, түркия, турист, полиция, текшерүү, коронавирус
Бүгүндөн тарта Түркиянын туристтер барган жайлары катуу текшерилет
08:30 20.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мындай чечимдин кабыл алынышына өлкөдө коронавирустун кайрадан көбөйүп бара жатышы себеп болгону айтылууда.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Түркиянын Ички иштер министрлиги 20-марттан тарта бир апта бою мейманкана, ресторан, мончо, коомдук транспорт, кафе, чачтарачкана, базар, мечит сыяктуу эл көп чогулган жайларды тыкыр текшерүүгө алат. Бул тууралуу Turizm Ajansi басылмасына шилтеме берип
РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, мындай чукул чечимдин кабыл алынышына коронавирустун кайрадан көбөйүп бара жатышы себеп болууда.
14 Жалган Куран 2021, 14:05
Бирок текшерүү учурунда өлкө бийлиги койгон талаптар туристтер тарабынан бузулганы аныкталса, кандай чара көрүлөрү айтылган эмес.
Эске салсак, Түркия 15-марттан тарта өз аймагына кирген туристтер үчүн
жаңы эреже кабыл алган. Ага ылайык, алты жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр Түркияга учуп кетердеги 72 сааттын ичинде
Regist.Health.Gov.tr сайты аркылуу "Саякатчылардын Түркияга кирүү" формасын толтурушу керек.
Авиакомпаниялар менен турист токтогон мейманканалар форманын толтурулганын мобилдик тиркеме же кагаз жүзүндө талап кылышат.