Акаев тактан кантип тая баштаган? Түштүктө "жоогазын ыңкылабын" даярдашкандардын баяны

© AP Photo / Ivan SekretarevПрезидент Аскар Акаевдин кетишин талап кылган митингчилер. 21 март 2005 жыл
Президент Аскар Акаевдин кетишин талап кылган митингчилер. 21 март 2005 жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Мындан туура 16 жыл мурун Жалал-Абад, Ош облустарында бийликке нааразы болгондор көбөйүп, акциялар башталып, март айынын ортолорунда түрдүү оппозициялык күчтөр башын бириктирүүгө жетишкен.
Саясатчылар "Кыргызстан элдик кыймылын" түзүп, президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, жер-жерлерде жетекчилерди алмаштыруу аракеттери башталган эле. Sputnik Кыргызстан агенттиги окуялардын хронологиясына көз чаптырып, ал окуяга катышкандарды сөзгө тартты.
Ошол кездеги өлкө башчысы Аскар Акаевдин башкаруусуна каршы чыккандардын көпчүлүгү 2004-жылы Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып, өтпөй калган талапкерлер жана аймактагы жаштар болгон. Ошондой эле шайлоо жараянынан улам катышууга мүмкүнчүлүк ала албай калган Роза Отунбаева, Медетбек Шеримкулов, Үсөн Сыдыков сыяктуу саясатчылар бар болчу.
© AFP / NICHOLAS COLEMANЖалал-Абад шаарындагы облустук администрациянын алдына нааразычык акциясына чыккан аял, 2005-жыл, 11-март
Жалал-Абад шаарындагы облустук администрациянын алдына нааразычык акциясына чыккан аял,  2005-жыл, 11-март - Sputnik Кыргызстан
1/4
Жалал-Абад шаарындагы облустук администрациянын алдына нааразычык акциясына чыккан аял, 2005-жыл, 11-март
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЖалал-Абад шаарында президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдин катышуучулары, 2005-жыл, 15-март
Жалал-Абад шаарында президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдин катышуучулары, 2005-жыл, 15-март  - Sputnik Кыргызстан
2/4
Жалал-Абад шаарында президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдин катышуучулары, 2005-жыл, 15-март
© AFP / PAVEL GROMSKYЖалал-Абад шаарында өрттөлгөн милиция бөлүмүнүн имараты, 2005-жыл, 20-март
Жалал-Абад шаарында өрттөлгөн милиция бөлүмүнүн имараты, 2005-жыл, 20-март - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жалал-Абад шаарында өрттөлгөн милиция бөлүмүнүн имараты, 2005-жыл, 20-март
© AFP / STRӨлкө башчысы Акаевдин кызматынан кетүүсүн талап кылгандар, Жалал-Абад шаары, 2005-жыл, 23-март
Өлкө башчысы Акаевдин кызматынан кетүүсүн талап кылгандар, Жалал-Абад шаары, 2005-жыл, 23-март  - Sputnik Кыргызстан
4/4
Өлкө башчысы Акаевдин кызматынан кетүүсүн талап кылгандар, Жалал-Абад шаары, 2005-жыл, 23-март
1/4
Жалал-Абад шаарындагы облустук администрациянын алдына нааразычык акциясына чыккан аял, 2005-жыл, 11-март
2/4
Жалал-Абад шаарында президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдин катышуучулары, 2005-жыл, 15-март
3/4
Жалал-Абад шаарында өрттөлгөн милиция бөлүмүнүн имараты, 2005-жыл, 20-март
4/4
Өлкө башчысы Акаевдин кызматынан кетүүсүн талап кылгандар, Жалал-Абад шаары, 2005-жыл, 23-март
Бийликке каршы уюштурулган митингдер ага чейин кантип даярдалганын коомдук ишмер Замирбек Божонов мындайча эскерет.
"Революциялык алгачкы аракеттер 2004-жылы эле башталган. Ошондо эле Ноокатта мал союлуп, 500 килограмм күрүч даярдалып, эл чогултуп, жыйындар өткөрүлүп турган. Оппозиция өкүлдөрү райондорду кыдырып, эл арасында кадыр-баркы бар адамды топтой башташкан. Анан Курманбек Бакиевдин Каныбек деген иниси райондорго акча бөлүп турган. Биз аксакалдарды чайханага чогултуп тамак-аш берип, Үсөн Сыдыков келип сөз сүйлөп, Курманбек Бакиевди колдоп берүүнү суранып үгүттөп жүргөн. Ал бардык уюштуруу иштери менен алек болуп, башында турган. Биз, жаш активисттер, элди топтоп, түрдүү гезиттерди таратып эле жүрчүбүз", — деди Божонов.
Бийликке каршы чыккандар алгач 15-мартта Жалал-Абадда курултай өткөрүп, ал жакка башка облустардан келген саясатчылар да топтоло баштайт. Жыйында "Кыргызстан элдик кыймылынын" лидери болуп Курманбек Бакиев шайланган. Аталган оппозициялык кыймылга Үсөн Сыдыков, Азимбек Бекназаров, Ишенгүл Болжурова, Досбол Нур уулу, Исмаил Исаков кирген.
© AFP / STRINGERӨлкө башчысы Акаевдин кызматынан кетүүсүн талап кылгандар, Жалал-Абад шаары, 2005-жыл, 23-март
Тюльпановая революция в Кыргызстане. Март 2005-года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Өлкө башчысы Акаевдин кызматынан кетүүсүн талап кылгандар, Жалал-Абад шаары, 2005-жыл, 23-март
Божонов митингге чыккан жаштар алдыда чоң өзгөрүүлөр болоруна үмүт кылганын айтат.
"Кыргызстанда ага чейин революция болгон эмес да, башында жаштар 1917-жылдагы Улуу Октябрь революциясындай эле өзгөрүү болот деп үмүт кылганбыз. Кийин жыйынтыгы такыр башкача болуп кетти. Андан сөзсүз сабак алышыбыз керек жана мамлекет андай тарыхый баскычты да басып өтүш керек деп ойлойм", — деди ал.
© AFP / PAVEL GROMSKYОш шаарындагы администрация имаратын коргогон милиция кызматкерлери. Кийин ал мекемени митингчилер кайра басып алышкан. 2005-жыл, 18-март
Тюльпановая революция в Кыргызстане. Март 2005-года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ош шаарындагы администрация имаратын коргогон милиция кызматкерлери. Кийин ал мекемени митингчилер кайра басып алышкан. 2005-жыл, 18-март
Акаевдин кызматынан кетүүсүн талап кылган "Ата-Журт" кыймылы да өз ара кызматташкан. Алардын катарында Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков, Дүйшөнкул Чотонов, Анвар Артыков бар болчу.
Митингчилер Жалал-Абад облустук администрациясын 18-мартта басып алып, 19-март күнү ошондой сценарий Ош шаарында да катталган. Ошентип, Акаев колундагы бийлигин акырындан алдыра баштаган. Бирок ошол түнү укук коргоо кызматкерлери спецназ менен келип, мамлекеттик мекемелерге кирип алгандарды сүрүп чыгып айрымдарын камакка алган. Ар кайсы жерге тарап кеткен миңдеген адам 21-март күнү кайра Ош шаарынын борбордук аянтына жакын жерге чогулуп, түштөн кийин администрацияны кайра басып алган.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOОш шаарында бийликке каршы чыккандар президент Аскар Акаевдин портретин айрып жатышат. 2005-жыл 21-март
Тюльпановая революция в Кыргызстане. Март 2005-года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ош шаарында бийликке каршы чыккандар президент Аскар Акаевдин портретин айрып жатышат. 2005-жыл 21-март
Өлкөнүн түштүгүндө болгон ыңкылапка Керимберди Макеев да жигердүү катышкан. Анын айтымында, бийлик башындагылардын аны болтурбай коюуга мүмкүнчүлүгү бар болчу.
"Элдик толкундоого Аксы окуясы, күздөгү парламенттик шайлоонун адилеттүү өтпөгөнү, Акаевдин үчүнчү мөөнөткө барганы себеп болгон. Нааразычылык акциялары республиканын көп райондорунда болуп, жер-жерлерде бийликтин өкүлдөрү алмаштырыла баштаган. 19-март түнү укук коргоо кызматкерлери митингчилерди катуу сабаган, арабызда колу-буту сынып түрдүү жаракат алгандар да бар болчу. Нооруз күнү түштөн кийин кайра бийлик биздин колдо болгондуктан погончондор да биз тарапка ооп кеткен. Топтолгон эл 22-мартта жолго чыгып 23 күнү Бишкекке жетип, кийинки күнү "Ала-Тоо" аянтындагы окуяларга активдүү катышканбыз. Менимче, эгер Акаев өзүн жана балдарын шайлоого катыштырбаганда чет өлкөгө качып кетмек эмес", — деди Макеев.
© AP Photo / IVAN SEKRETAREVОш шаарында бийликке каршы чыккандар президент Аскар Акаевдин портретин айрып жатышат. 2005-жыл 21-март
Тюльпановая революция в Кыргызстане. Март 2005-года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ош шаарында бийликке каршы чыккандар президент Аскар Акаевдин портретин айрып жатышат. 2005-жыл 21-март
Көпчүлүк кыргызстандыктар ал кезде өлкөнүн түштүгүндө болуп жаткан окуялар жөнүндө толук маалымдар эмес эле. 23-март күнү КТР алгачкы маалыматтарды чыгара баштап, 24-мартта КРдеги болгон ыңкылапты дүйнө жүзү билген. Ошол күнү президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет бийлик күч менен алмашып, алгачкы жолу президент өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгон. Аны "жоогазын ыңкылабы" же "мамлекеттик төңкөрүш" деп атап жүрүшөт. Жыйынтыгында бийлик бутактары өз ишмердүүлүгүн толук жүргүзө албай, башаламандык жаралып, борбор калаада талап-тоноочулук башталган. Анын кесепетинен ондогон ишкерлер жабыркаган.
Ал эми митингчилердин башында тургандар бийликти ич ара бөлүштүрүүгө киришип, Курманбек Бакиев президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр, Роза Отунбаева тышкы иштер министри, Азимбек Бекназаров башкы прокурордун милдетин аткаруучу, Феликс Кулов республикадагы бардык күч түзүмдөрүнүн координатору, Туйгунаалы Абдраимов БШКнын төрагасы болгон. Көп өтпөй Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланган.
Россияга чыгып кеткен президент 5-апрелде гана өз ыйгарым укуктарын тапшырып берген. Кыргызстанды 15 жылга жакын башкарган биринчи президент азыр Москвада жашап, илим менен алектенип келет. Ал 2005-жылдын 24-мартынан бери мекенине келе элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0