Крымдын тизелөө ниети жок. Аймактын лидери Аксенов менен маек
16:49 18.03.2021 (Жаңыртылды: 22:29 16.12.2021)
© Sputnik / Константин Михальчевский
/ Жазылуу
Крым жана Севастополь жарым аралынын Россия курамына киргенине жети жылдын жүзү болду. Мындан улам Крым Республикасынын лидери Сергей Аксенов аймактагы абал тууралуу айтып берген.
Баарлашуу РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланды.
— Сергей Валерьевич, Коомдук пикирди изилдөөчү жалпы россиялык борбордун жакындагы эле сурамжылоосуна ылайык, россиялыктардын 81 пайызы Крымдын Россия менен биригишин оң баалай турганы белгилүү болду. 40 пайызы муну тарыхый адилеттүүлүк жагынан акталды деп эсептейт. Бул жыйынтыктарды сиз кандай баалайсыз?
— Тарыхый адилеттүүлүк, ошондуктан колдоонун жогорку деңгээли. Крым дайым Россиянын жери болгон. 1954-жылы Хрущев бир өлкөнүн алкагында чечим (Крымды УССРдин курамына өткөрүү жөнүндө) кабыл алган, ошондуктан адамдар анын айырмасын сезбей калышкан. Ал кезде бирдиктүү рубль эле, каалаган республикага жалпы жарандык паспортсуз баруу көйгөй жаратчу эмес.
Ошондуктан эл буга көңүл бурган эмес, дегеле согуштан кийин элдин түйшүгү башка эле. Эгер эмне болорун алдын ала көрө билсе, калк ошол кезде эле бул чечимге каршы болмок. Ал эми 2014-жылы крымдыктардын эрки менен президент тарабынан кабыл алынган чечим тарыхый болуп калды. Ал калктын басымдуу бөлүгү "макул" экенин көргөн, жарандарды коргоо биригүү жөнүндөгү бул чечимдин негизи болгон.
© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКрым Республикасынын лидери Сергей Аксенов: согуштан кийин элдин түйшүгү башка эле. Эгер эмне болорун алдын ала көрө билсе, калк ошол кезде эле бул чечимге каршы болмок. Ал эми 2014-жылы крымдыктардын эрки менен президент тарабынан кабыл алынган чечим тарыхый болуп калды.
Крым Республикасынын лидери Сергей Аксенов: согуштан кийин элдин түйшүгү башка эле. Эгер эмне болорун алдын ала көрө билсе, калк ошол кезде эле бул чечимге каршы болмок. Ал эми 2014-жылы крымдыктардын эрки менен президент тарабынан кабыл алынган чечим тарыхый болуп калды.
© Sputnik / Алексей Дружинин
/ — 2014-жылдын 7-мартындагы украиналык телеканалда видео байланыш аркылуу сүйлөгөн даңазалуу сөзүңүз крымдыктардын эсинде. Ал убакта Украинанын экс-президенти Леонид Кравчук камылгасы көрүлүп жаткан референдумдун мыйзамдуулугу боюнча сураган. Ошондо референдумду өткөрүү мүмкүн экенин, анткени бул сиздин жеке пикир эмес, Крым парламентинин чечими экенин айткансыз. Азыр ошол боюнча эмне дээр элеңиз?
— Дал ошондой, бул мыйзам чыгаруучу орган. Ал дайым жарандардын кызыкчылыгында, ушундай демилгелерди киргизе алат. Юридикалык жактан баары туура аткарылган.
Кравчук мырзага мен ушуну айткам. Жоопкерчиликти алар-албасымды сураганында: "Ооба, жоопкерчиликти алам", – деп жооп бергем. Анткени биз баарын туура жасап жатканыбызды так түшүнгөм.
— Владимир Зеленскийдин "сууруп алынган жүрөк" жөнүндөгү билдирүүлөрү жана "Крым платформасы" саммитин өткөрүү пландарынан Украина менен мамилени жакшыртуу мүмкүндүгү барбы?
— Мындай аянтчалардын баары ойдон чыгарылган, болгону саясатчы сөрөйлөр булар туурасында жар салат. Бул орундалгыс тилек экенин алар билишет, бирок жашоо деңгээли төмөндөп, тарифтер өсүп турганда кандайдыр бир аракет көрүп жатканын элге көрсөтүү керек эмеспи.
Менимче, азыркы жетекчиликтин тушунда (Киевдеги – ред. тактоосу) алакалардын жакшырышын күтүп болбойт. Акыры украиналыктар башка чечим кабыл алышат, балким адилеттүү чечимдерди кабыл ала турган жетекчилерди тандашар. Бирок Украинанын радасында азыркы саясатчылар турганда, абалдын оңолушу, ынтымактуу коңшулук мамилени түзүү, менимче, мүмкүн эмес.
© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСергей Аксенов: Украинанын радасында азыркы саясатчылар турганда, абалдын оңолушу, ынтымактуу коңшулук мамилени түзүү, менимче, мүмкүн эмес.
Сергей Аксенов: Украинанын радасында азыркы саясатчылар турганда, абалдын оңолушу, ынтымактуу коңшулук мамилени түзүү, менимче, мүмкүн эмес.
© Sputnik / Валерий Мельников
/ — Сиздин оюңузча, украиналык бийлик тарабынан олуттуу жаңжал тутантуу, Крымга Кара деңиз аймагындагы НАТО өлкөлөрүн тартуу аракетинде аскердик чагымчылдыктарга жол берилеби?
— Америкалыктар үчүн жаңжал чыкканы жакшы, бирок ага өздөрү катышпайт эмеспи. Бүгүнкү күндө аскердик планда Россия менен мамилени териштирүүгө эч ким даай албаса керек. Эч кандай коркунучтун жоктугуна ишенем. Кимдир бирөө ниеттенген күндө да Россиянын күчү жетишерлик. Америкалыктар Украинаны, менимче, украиналык бийликти буга шыкактайт. Коргонуу жагынан Крым да бүтүндөй Россия сымал эле кол тийгис.
Жер-жерлерде, чек арада, Донбасс, Луганск элдик республикасында чагымчылыктар болот. Бизге белгилүү бир тапшырмалар менен ар кандай диверсиялык топтор да келген. Бул улана берет, кандайдыр бир жол менен кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылышат.
— "Бирдиктүү Россия" партиясынын крымдык бөлүмү РФтин Мамдумасына шайлоого камынып жатабы? Крымдан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси жаңыртылабы?
— Ооба, өзгөртүүлөр болот, 1-апрелге дейре бардык талапкерлердин аты-жөнү жарыяланат. Саясий кеңеш карап чыгууга тийиш, ошондуктан азыр атабайм.
© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСергей Аксенов: Жер-жерлерде, чек арада, Донбасс, Луганск элдик республикасында чагымчылыктар болот. Бизге белгилүү бир тапшырмалар менен ар кандай диверсиялык топтор да келген.
Сергей Аксенов: Жер-жерлерде, чек арада, Донбасс, Луганск элдик республикасында чагымчылыктар болот. Бизге белгилүү бир тапшырмалар менен ар кандай диверсиялык топтор да келген.
© Sputnik / Константин Михальчевский
/ — Сергей Валерьевич, аймакты жети жылдан бери жетектеп келесиз. Бул мезгил аралыгында жеке өзүңүз үчүн кайсы окуя өтө оор болду?
— Керчь. Бул абдан татаал убак болгон. Канчалаган балдар, педагогдордон айрылдык, кайтара албайт экенсиң. Орду толгус жоготуу. Армянск, суу, электроэнергия жагдайын баштан кечирдик. Бир топ кыйнады, бирок кырдаалдан татыктуу чыга алдык. Бирок Керчь — өзгөчө, бул чоң апаат. Калгандарынын баарын оңдой алабыз. Крымда өзгөчө кырдаалсыз бир да жыл өтпөдү. Көпчүлүгүнө даяр жооп жок эле. Биз баарын, анын ичинде суу чыгаруучу орнотмолорду да биринчи ирет жасадык. Өлкө мындай тажрыйбага ээ эмес эле. Ал түгүл КМШ аймагында да болгону Казакстанда гана бир орнотмо бар экен.
— Крымдын эл аралык аренада тааныла электиги коюлган максаттарга жетишүүгө тоскоолбу?
— Санкциялык режим жолтоо болууда, бирок биз баары бир аракет көрүп келебиз. Салыктын негизин бүгүн бюджеттик инвестициялар түзөт. Албетте, бизнес азыркыдан да өнүксө болмок, бирок канткен күндө да бюджеттик инвестициялардын ошол эле көлөмү алдыга жылуубузга көмөкчү болууда. Жагдай жөнгө салынат, андан шек санабайм. Биз эффективдүү аракеттебиз, тизелөөгө ниетибиз жок.
— Сиз —аймактагы социалдык медиада активдүү лидерлердин бирисиз. Батыштык социалдык медианы пайдаланууда кооптуулукту сезбейсизби? Маселен, корпорациялар тарабынан тескелген, айрым белгилүү саясатчы жана таанымал инсандардын ишин чектей алган Facebook жана Instagram.... Буларды иште пайдалануудан баш тартуу зарыл деп эсептейсизби?
— Жеке пикиримде, батыштык корпорациялар тарабынан көзөмөлдөнгөн социалдык медиа жүргүзгөн саясатта коомго анын пайдасынан зыяны көп. Социалдык медианы иш жүзүндө курал, геосаясий инструмент катары адамдардын аң-сезимин манипуляциялоо жана бурмалоо, жек көрүү, цензура жана каршы пикирдегилер менен күрөштү тутантуу үчүн пайдаланышат.
Көрүнүктүү мисал – ойлоп табылган себептерди же россиялык каналдардын, анын ичинде "Крым" ТРКсын эч түшүндүрмөсүз бөгөттөө. Мындан тышкары, социалдык медиа оозуна келгенин жарыялай берген ар кыл чагымчылардын, кээде акылынан тайган адамдарга көп миллиондуу аудиторияга чыгууга чексиз жол ачып берет.
© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСергей Аксенов: Санкциялык режим жолтоо болууда, бирок биз баары бир аракет көрүп келебиз. Салыктын негизин бүгүн бюджеттик инвестициялар түзөт.
Сергей Аксенов: Санкциялык режим жолтоо болууда, бирок биз баары бир аракет көрүп келебиз. Салыктын негизин бүгүн бюджеттик инвестициялар түзөт.
© Sputnik / Константин Михальчевский
/ Мындай жагдайда чындап эле эң катаал, керек болсо, жабууга чейинки чараларды көрүү абзел. Анан албетте, атамекендик маалыматтык платформаларды жаратуу зарыл. Бул тармакта импорттун болушунча ордун толтурууга тийишпиз. Маселе чечилерине ишенем.
Крымдын бийлик органдары туурасында айтсак, социалдык медиа бутактары коомчулук менен кайтарым байланыштын инструменти болуп саналат. Бул – көйгөйлөрдү аныктоо, ыкчам маалымат алуу үчүн түз баарлашуу инструменти. Бийликтин тигил же бул чечимдери жана аракеттерине коомчулуктун реакциясына көз салууга мүмкүндүк берет.
— Сергей Валерьевич, сиз менен мындан мурун, 2019-жылы Ялта форумунда маектешкенбиз. Ал эми былтыр пандемиядан улам баарлаша албай калдык. Быйыл форум эмне болот?
— Бул боюнча жыйын өттү, кырдаалга көз салып, маалымдайбыз. Катышуучулардан ким келип, скайпка ким чыгат, форматын аныктайбыз. Бул вице-премьер Марат Хуснуллиндин көзөмөлүндө. Ал киши уюштуруу комитетин жетектейт.