Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Адис: Кыргызстанда уранды чалгындоого тыюу салган мыйзам — караңгылык

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүКендеги уран топурагын алып чыгаруусу. Архив
Кендеги уран топурагын алып чыгаруусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
"Кыргыз тоо-кен тармактарынын эксперттик коомунун" аткаруучу директору Аркадий Рогальский мамлекет эмне байлыгы бар экенин билиши керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Кыргыз тоо-кен тармактарынын эксперттик коомунун" директору Ишимбай Чунуев Кыргызстандын аймагындагы уран кендерин геологиялык чалгындоого уруксат берүү керек деп эсептейт. Мындай оюн ал Sputnik Кыргызстан агенттинин маалымат борборундагы видеокөпүрө маалында билдирди.
Журналист ага Кыргызстанда келечекте уран казып алуу мүмкүнбү деген суроо менен кайрылды.
Чунуев уран кендери тууралуу маселени КРдин Тоо-кен кодексин иштеп чыгуу учурунда көтөрөрүн айтты. Анын маалыматына караганда, инвестор фирмалар тыюу салынганына карабай Кыргызстандагы уранды изилдөөсүн улантууда.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Кыргыз тоо-кен тармактарынын эксперттик коомунун" директору Ишимбай Чунуев
Президент КОЭН Ишимбай Чунуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Кыргыз тоо-кен тармактарынын эксперттик коомунун" директору Ишимбай Чунуев
"Алар ишин улантуу менен эки башка отчет жазып коюп жатат. Биринчиси – мамлекеттик текшерүүчү органдарга теория жүзүндө, уран тууралуу маалымат кошушпайт. Ал эми өздөрүнүн маалымат базасына бул элементтерди кошушат. Жаратылыш баарыбызга бирдей. Эгер анда бир нерсе болуп, аны изилдөөгө чалгындоо иштери, технологиялык мүмкүнчүлүктөр мүмкүндүк берсе, изилдеш керек", — деди Чунуев.
Ал эми "Кыргыз тоо-кен тармактарынын эксперттик коомунун" аткаруучу директору Аркадий Рогальский мамлекет эмне байлыгы бар экенин билиши керек деп эсептейт.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз тоо-кен тармактарынын эксперттик коомунун" аткаруучу директору Аркадий Рогальский
Исполнительный директор КОЭН Аркадий Рогальский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Кыргыз тоо-кен тармактарынын эксперттик коомунун" аткаруучу директору Аркадий Рогальский
"Уранды изилдөөгө тыюу салган мыйзам — чынын айтканда караңгылык. Мыйзам алдында кайсы бир актыда уран жок деп айтып койсок эле ал жер кыртышында жок болуп кетпейт да. Уранды изилдөө аны казып алуу үчүн гана керек эмес. Мамлекет кандай байлыгы бар экенин билиши зарыл. Жок эле дегенде ошол жактарга адамдарды жолотпош үчүн деп ойлойм", — деди Рогальский.
Анын пикирин консультант-геолог, монголиялык адис Бат-Эрдене дагы колдоду.
© Sputnik / Табылды КадырбековКонсультант-геолог, монголиялык адис Бат-Эрдене (экранда)
Видеомост о проблемах в горнорудной отрасли - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Консультант-геолог, монголиялык адис Бат-Эрдене (экранда)
"Монголияда дагы уран бар. Ошол себептүү силердикиндей эле окуялар башыбыздан өткөн. Конституция боюнча бизде минералдык ресурстар элге тиешелүү. Андыктан биз эл өз жеринин алдында эмнелер бар экенин билиши керек деген бүтүмгө келгенбиз. Мындан улам уранды издөө жана чалгындоо иштери жүрүп жатат. Ал эми аны казып алуу же албоо бул башка маселе", — деди чет элдик адис.
Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо иштерине тыюу салган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган.
Ал Жогорку Кеңештин кароосуна Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензия боюнча коомчулукта нааразычылык жаралгандан кийин киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0