Медетбеков: Сириядагы кыргыз жарандарын кайтаруу мамлекеттин милдети
12:46 16.03.2021 (Жаңыртылды: 11:34 01.11.2023)
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков
Жазылуу
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Жакынкы Чыгыштагы кандуу окуялар болгон аймакка 150гө чукул кыз-келиндер кеткенин белгиледи.
Медетбеков: Сириядагы кыргыз жарандарын кайтаруу мамлекеттин милдети
Медетбеков: Сириядагы кыргыз жарандарын кайтаруу мамлекеттин милдети
Сириядагы кыргыз жарандарын кайтаруудан мурда өлкө ичинде ар тараптуу жана комплекстүү даярдыктар жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын көпчүлүгү алданып, жазгырылып жана экономикалык себептер менен барган.
"Жакынкы Чыгышта болгон кандуу окуяларга кеткен кыргыз жарандарынын саны соңку 5-6 жылдын ичинде көбөйүп кеткен. Жалпысынан 1000ге чукул болсо, алардын 150-160тайы кыз-келиндер. Тилекке каршы, көпчүлүгү радикалдуу диндик топтордун мүчөлөрүнүн сөздөрүнө, иш-аракеттерине жазгырылып, айрымдар чет өлкөдө иштеп жүрүп же башка турмуштук жагдайларда алданган. Ошолордун тууган-туушкандары кайтарып келүү суранычы менен бийликке, эл аралык уюмдарга кайрылып жүрүшөт. Ошондуктан буларды кайтаруу жана кам көрүү мамлекеттин милдети. Себеби алар кыргыз жарандары. Бирок учурдагы пандемия шартында, экономикалык абал оор болуп турганда аларды кайтарардан мурда бир катар иш-аракеттер жасалышы керек. Маселен, укук коргоо органдарынан, психологдор, медиктерден, идеологдордон турган реабилитациялык борбор түзүлүшү зарыл. Кайтып келгендердин арасында "колу канга малынгандар" болсо, алар мыйзам чегинде жоопко тартылат", — деди Медетбеков.
Ошондой эле ал Сирияда башка өлкөнүн жарандарынан төрөлгөн балдардын маселесин дагы чечүүсү керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: