Курманжан датка — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековНаступление осени в Бишкеке
Наступление осени в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Көпчүлүк Курманжанды Алай жергесинде туулган, алайлык кыз деп түшүнөт. Ал эми факты андай эмес, ал 1811-жылы Ош шаарындагы Ороке деген айылда жарык дүйнөгө келген.
Китептерде жазылып жүргөндөй, атасы Маматбай итке минген кедей деле болгон эмес экен, мал-жандуу эле киши болуптур. Маматбайдын уруусу мунгуш, анын ичинен жапалак уругунан делет. Курманжан он жетиге толгондо кудалашкан жерине — Жоош элиндеги Төрөкул бийдин уулу Кулсейитке беришет. Бирок ал качып келип, атасы Маматбайдын колунда дагы үч жыл жашап калат.
Курманжан Алымбек даткага 1832-жылы 21 жашында турмушка чыккан. Алымбек Асан бий уулу 32 жашында хандыктын датка наамын алган да, азыркы Өзбекстандын Анжиян, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо райондорунун аймактары караган Анжиян бектигине бек болуп жиберилген. Бектик менен кошо анын бүлөсүнө Курманжан кошулганда анын Кашкар, Ош, Анжиян, Кокон, Бухара шаарларында 160тан ашык соода дүкөндөрү, бул шаарларды бириктирип товар ташып турган кербендери болгон. Курманжан мына ушул бийликке жана байлыкка туш келүү менен өзүн Алымбек датканын жубайы гана эмес, кеңешчиси, акылгөйү катары да кызмат аткарган.
Курманжан датканын Алайдагы айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2019
Тоолук бир жөнөкөй кыргыз аял. "Курманжан датка" романы тууралуу 12 факты
1862-жылы Кокон хан сарайындагы кутумдардан улам Алымбек датка өлтүрүлөт. Мындан улам Алай элин жана жалпы кыргыздарды башкаруу милдети Курманжан датка менен уулдарына жүктөлгөн. Анын кадыр-баркын жогору баалаган Кокон ханы Кудаяр, Бухар эмири Музаффар Эддин расмий жолугушууга келип, датка наамын ыйгарган. Ал наам ошол кезде ислам шариятына ылайыкталган бүтүм менен Бухара-и Шарифтин шайх-уль-Исламынын ыйык фатвасы катары берилген. "Датка" фарсий тилинен которгондо "адилеттүүлүк" дегенди түшүндүрүп, ири диний ишмерге ыйгарылган. Ага жыл сайын 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман эгин алып турууга укук берилген. Бул жолу тарыхта биринчи жолу аталган наам аял кишиге, болгондо да элетте турган аял кишиге ылайык көрүлгөн.
Курманжан Алымбек датка менен 29 жыл бирге жашап, алты уулдуу болушкан. Алар: Абдылдабек, Оморбек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек. Алымбек датканын уул-урпактары Баатырбек, Мамытбек, Асанбек, Камчыбек ал кишинин көзү өткөндөн кийин Анжияндан Кашкарга чейинки азыркы Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Кара-Суу, Араван, Алай райондорунун, Ош шаарынын аймагында бийлик башчылары болуп келген.
Курманжан датканын уулу Камчыбек дарга асылып өлтүрүлсө, Мамытбек, небереси Мырзапаяз, он экиге жаңы гана чыккан Арстанбек Сибирге айдалат. Ал эми датка 1896-жылында Баатырбегинен айрылган.
Кыргыздарды 1876-жылы Гүлчөгө жакынкы Жаңы-Арыкта орус аскерлери жеңип чыккан соң тарых башка нукка өзгөрүп, Ак падыша менен тынчтык келишим түзүүгө Курманжан датка мажбур болгон.
Орус падышачылыгы менен жергилик элдин бир пикирге келүү кагазына Курманжан датка кол коюп, тастыктаган. Ал шартнаама боюнча орус аскерлерине каршы куралдуу көтөрүлүшкө катышкан элди жазадан бошотуу, туткунга түшкөн кыргыз жигиттерин азат кылуу, туткунга, түрмөгө, сүргүнгө кеткен аскерлердин туулган жерине келүүсүнө каршы чыкпоо, алардын мал-мүлкүнө тийбөө, салыктарды азайтуу, жергиликтүү элдин укуктарын тепсебөө, алардын динине, үрп-адаттарына кийлигишпөө керек эле. Бирок алар бузулуп, бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери Курманжан датканын алданганын айтып чыгышкан.
Тайлак баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Тайлак баатыр жөнүндө 10 факты. 42 жашында тыңчынын колунан өлүм таап...
Курманжан даткага "Алай канышасы" деген атакты да орус чиновниктери берген. Фергана облусунун башчысы Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов, Түркстан крайынын генерал-губернаторлору Кауфман, Черняев, Духовский, Россиянын келечектеги аскер министри Куропаткин жана башка таанымал адамдар менен сый болуп, белек-бечкек алышып-беришип турган. 1901-жылы 1-декабрда датка энеге император Николай II өзү асыл таштуу шакекти белекке берип жиберген.
1907-жылы 1-февралда Оштон он чакырымдай чыгыш жактагы Мады кыштаганда Курманжан датка акка моюн сунуп, анын сөөгү Оштун Сармазында коюлган. Бирок совет учурунда анын аты ашкере айтылбай, көрүстөнү да белгисиз болуп келсе, 180 жылдыгы жогорку шаң салтанат менен өтүп, "Алай канышасы" тарыхый баасын алган.
Курманжан датканын эстелиги Гүлчө, Ош жана Бишкек шаарларында орнотулган. Оштогу эң чоң көчө да датканын атында. Анын ысымы менен Бишкек шаарында да ири көчөлөрдүн бири аталат. Кыргыз акчасынын 50 сомдук банкнотуна да анын сүрөтү түшүрүлгөн. "Курманжан Датка" ордени да негизделген. Курманжан датка атындагы сыйлык көптөгөн саясатчы айымдарга ыйгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0