Коронавирустан кийин жүрөккө операция жасаткандар көбөйдү. Абдрамановдун маеги

© SputnikБелгилүү кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов. Архив
Белгилүү кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Чет элдик адистер коронавирустун кесепети адамды өмүр бою коштошу мүмкүндүгүн айтышат. Өнөкөт оорулар күч алып, жаңы илдеттер пайда болуп, ошондой эле адам психикалык жактан жабыркашы мүмкүн.
Өнөкөт оорулардын ичинен жүрөк-кан тамыр системасында көйгөйү барлар коронавирусту оор кабыл алары башынан эле айтылып келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бул жаатта белгилүү кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов менен маектешти.
— Жүрөк-кан тамыр оорулары мурда эле көп эле, коронавирустун фонунда алар өстү деген божомолдор бар. Азыр абал кандай болуп жатат?
— Коронавирустун эпкини адамдын бардык органдарына жана системага тиет. Бизге мурун же кийин жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларына кабылып, коронавирус жуктургандан кийин ошол илдеттери күчөп кеткендер беш-алты эсе көп кайрылууда. Бөтөнчө айылда буту-колу шишип, энтигип, жүрөгү кысылып жүргөн 60-65 жаштан өткөн адамдар бар, анан убагында келишпейт. Жашы өткөн адамдардын кан тамырлары ичкерип, ийкемдүү болбой калат, абалды өнөкөт оорулар ого бетер татаалдаштырып жиберет. Ошолорду вирус ооруканага алып келип жатат. Коронавирустун айынан жүрөк илдеттеринин саны өсүп кетти деп айта албайм, бирок ооруканага кайрылгандар көп.
— Коронавирус түздөн-түз пайда кылган жүрөк дарты менен келгендер болдубу?
— Өтө аз. Маселен, 30-40 жаштагы кишилер коронавирустун айынан миокардит — жүрөк булчуңунун сезгениши, жүрөк жетишсиздиги менен кайрылууда.
— Жаш балдар дагы келип жатабы?
— Коронавирус жаш-кары дебейт, бардыгы аны менен ооруйт. Бирок ар башкача көтөрө турганы белгилүү. Жакында Кыргызстанда коронавирустун балдарга тийгизген таасири боюнча алгачкы жолу Жалал-Абадда конференция өткөрдүк. Ошондо тубаса жүрөк кемтиги жана башка жүрөк оорусу бар балдар коронавирусту оорураак көтөрүп жатканы айтылды.
— Коронавирус жүрөк-кан тамыр ооруларын кандайча козгоп жатат?
Подлинная история Исы Ахунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Комуздун кылы менен адамды өлүмдөн алып калган. Алтын колдуу хирургдун баяны
— Вирустун организмге негизги кирүү жолдорунун бири — чел кабыктар. Алар мурунда, ооздо, өпкөдө, кекиртекте, кызыл өңгөчтө жайгашкан. Ошол чел кабыктагы рецепторлор аркылуу организмге кирет. Алгач чел кабыктын клеткаларын талкалап, анан кан менен денеге тарайт.
Ал эми кан тамырга түшкөн вирус анын да ички чел кабыктарын жабыркатып, мунун кесепетинен майда тамырлар жабыркайт. Кан коюуланып, майда кан тамырларда кан уюп калат. Кандын уюшу бара-бара чоң кан тамырларга өтүп, өпкөнүн майда тамырлары жабылып, адамда дем жетишпей баштайт. Негизинен өпкөдөгү майда тамырлар канды жүгүртүп, кычкылтек менен байытып, аны жүрөккө, анан чоң кан тамырлар аркылуу организмге өткөрөт. Коронавирус ошол  кычкылтекти таратуу процессин начарлатат. Сатурация түшүп кетти деп ушуну айтат.
Экинчиден, вируска адамдын организми түрдүүчө жооп кайтарат. Кээде инфекция менен күрөшөм деп жатып организмдеги коргоо системасы өзүнүн соо клеткаларын талкалап салат.
— Элдин көбү коронавирус менен ооруп бүттү деген божомол бар. Айрымдары кесепети менен күрөшүп жатат десек болот. Сиздердин ооруканага операция жасатам дегендер көппү?
— Бейтаптар жүрөгүм ооруп жатат, ооруканага жаткыргыла деп келет. Мындай учурда дагыгерлерге да кыйын. Алар бейтаптардын же коронавирустан, же жүрөк оорудан кыйналып жатканын билишпейт. Диагностикалык шаймандар жетишпейт. Элди ара жолго таштап дагы коё албайсың. Дарыгерлер атайын кийимдерди кийип карап жүрүшөт. Эки-үч ай мурун, өзгөчө жайында кайрылгандар көп болуп кыйналганбыз.
Дарыгер-невролог, Иса Ахунбаев атындагы КММАнын Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2020
Радио
Дарыгер неврологиялык ооруну шарттаган негизги факторлорду атады
Пандемияга чейин күнүнө бир-эки, кээде гана үч жолу операция жасачумун. Азыр күнүнө 3-5 операция кылып калдым. Ошондо дагы кезекке тургандар бар. Эмгек өргүүгө чыгып, бирок ортодон бейтаптар үчүн беш-алты күнгө кайра кайтып келип жасап жаттым. Тыныгуу, кайра жумушка чыга калуу менен коштолгон эки ай убакытта 63 операция жасаптырмын. Азыр дагы кезек күткөн отуздай оорулуу бар.
— Бейтаптарга айтар сөзүңүз бардыр...
— ЖМКдан, социалдык тармактардан элди дарыгерлерге убагында кайрылгыла деп какшап келем. Жүрөккө операция жасатып өмүрүн 20-30 жылга узарткандар арбын. Мүмкүнчүлүктөр көп, жакшы дарыгерлер бар. Акчасын ден соолукка эмес утурумдук нерселерге короткондор көп. Кенебей жүрө бербегиле, коронавирус бизден эми кетпей калды көрүнөт. Медициналык сабаттуулукту жогорулатуу керек. Айрымдар кайсы доктур эмне ооруну карай турганын, кайсы ооруканага баруу керектигин билишпейт, тааныш издешет.
Деги эле калктын саламаттыгына көңүл бурууда жана медицина тармагын реформа кылууда жогорку жактагы жетекчилер жасалма кагаз жүзүндө реформа эмес, реалдуу кадамдарга барышы керек.
— Мүмкүн болсо УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин ден соолугу тууралуу суроо берейин дегем. Өзү социалдык тармактагы баракчасына сиздин сунушуңуз менен чет өлкөгө дарыланууга барганын жазды эле...
— Камчыбек Кыдыршаевичтин ден соолугун көптөн бери көзөмөлдөп жүрөм. Анын өтө кооптуу оорусу жок, ден соолугу жакшы негизи. Бир убакта коронавирус инфекциясы менен катуу ооруган. Мен да ошол убакта ооруп, бири-бирибизге колдоо сөздөрүн айтып турдук. Ал иним деле жаш эмес, жашы 50дөн ашып калды. Ооруганыбызга алты ай өтсө дагы коронавирустун таасири баарыбызда азыркыга чейин болуп жатат. Мындан бир нече ай мурун текшерилгенде жүрөгүнүн тамырларында өзгөрүүлөр бар болчу. Шашылыш эмес, пландуу түрдө комплекстүү изилдеп, тамыр аркылуу операция жасаса болорун айткам. Кийин мамлекеттин, элдин иши деп жумушуна алаксып жүрүп ден соолугуна көп көңүл бурбай калгандай болду. Анан биз, профессорлор, чогуу консилиум өткөрүп, мүмкүнчүлүк болсо өнүккөн медицинасы бар жерге барып калсаң ошол операцияны жасата кел деп жолдомо бергенбиз. Мен анда кайсы жакка барарын билген эмесмин. Өнүккөн мамлекеттерде адамдын организмин 1-2 күндүн ичинде эле комплекстүү түрдө текшерип, бат эле изилдеп сакайтып коюшат.
Ошону биз да жасайлы, жаңы оорукана, жабдык алалы деп келген өкмөт жетекчилерине айта берип тилим тешилди. Атайы мамлекеттин медицинасын өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыккам, ЖМКдан айтып келе жатам, 10 жылдан бери эч бир өкмөт көңүл бурбай койду.
Эми жаңы бийлик ушуга көңүл буруп, биздин  өзүбүздүн  мүмкүнчүлүктөрдү, билимибизди, тажрыйбабызды пайдаланып, медицинаны көтөргөнгө жол ачат деп ишенип турам.
— Камчыбек Кыдыршаевич операциядан көп өтпөй эл аралап кеткени да таң калтырды...
— Ал ошондой операция. Тамырларды бат эле кеңейтип коёбуз, адам эки-үч күндө басып кетет. Камчыбек иним дагы ошол сыяктуу жумушуна бат чыкты, ден соолугу азыр жакшы.
— Ошондо ал кишинин диагнозу эмне?
— Адатта дарыгерлер бейтаптардын диагнозу тууралуу айтышпайт. Ал киши дагы өзү элге айтууну каалай бербейт. Анын оорусу элдин бардыгында эле болот. Жакшы медициналык көзөмөл болсо узак өмүр сүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0