Бишкекте акын Зайырбек Ажыматовдун элесине арналган спектакль коюлат

© Фото / Улан АсаналиевАкын Зайырбек Ажыматов
Акын Зайырбек Ажыматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Жазылуу
Ажыматов 2020-жылдын 29-апрелинде көз жумган. Ал "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкекте белгилүү акын, журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун элесине арналган спектакль коюлат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Иш-чара 17-18-март күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында боло турганы маалым болду.
"Жүрөктөгү бороон" аттуу спектаклин "Учур" жаштар телетеатры коёт. Анда акындын бир күнү баяндалып, көрсөтүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Спектакль саат 18:00дө башталат.
Эске салсак, Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 29-апрелинде көз жумган.
Журналист, акын Зайырбек Ажыматов жана кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2020
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык
Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында жана "Азаттык" радиосунда иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0