Эшенгулов: Балыкчы шаарына "Кызыл" деген аталыш берүү сунушталган
12:03 06.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Табылды КадырбековТопонимист, географ Темиркул Эшенгулов
Жазылуу
Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов 1988-жылдан тарта 1990-жылдын аягына чейин Балыкчы шаары кайра түзүлгөн Ысык-Көл облусунун борбору болуп турганын айтты.
Жыргалаң, Түп тарап көлдүн башы, Балыкчы жагы аягы болуп эсептелет. Илимге салып айтканда, көлдүн аягынан куйган суу дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эшенгулов: Балыкчы шаарына "Кызыл" деген аталыш берүү сунушталган
Анын айтымында, Балыкчы шаары Кыргызстандагы жамгыр эң аз жааган чөлкөм.
"Жер, суулардын тарыхый аталыштарын кайтаруу иштери жүрүп жатканда Балыкчыга жазуучу Орозбек Айтымбетов Кызыл деген аталышты сунуштаган. Географиялык жана тарыхый багытта бул туура келмек. Ал аймакта Кызыл-Омпол деген жер бар. Аймакта улан деген шамал согот. Ал эми Монголиянын борбор калаасы Улан-Батор. Бул "кызыл баатыр" дегенди түшүндүрөт. Демек, Балыкчынын айтылуу шамалы кыргызча кызыл шамал. Бирок ошол кездеги парламент шаарды Ысык-Көл деп атап салган. Мындай аталыш менен калаа эки жыл жашады. Андан соң тарыхый аты катары Балыкчы кайтарылды. Бул аталышын да Баачин деген ошол аймакта жашап кеткен бир солдаттын аты менен байланыштыргандар болду, бирок бул жаңылыш маалымат. Анткени кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө таянсак, Баачин эч убакта Балыкчы болуп өзгөрмөк эмес. Кыргызда "-чы" мүчөсү кесипке карата айтылат. Мисалы: улакчы, койчу, уйчу жана башка. Ошондуктан кадимки эле балык кармаган адам деп түшүнсөк болот. Кезегинде Калыгул олуя "бул жер шаар болот" деп урмат көрсөтүп, даарат албай, Сары-Камышка барып аттан түшкөнүн айтып жүргөндөр бар", — деди топонимист.
Ал калаанын Балыкты деген да тарыхый аталышы бар деген маалыматтар кездешерин кошумчалады.