ЖККУ машыгууларынын зарылдыгы. Быйылкыга эмнелер пландалган?

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖККУ мамлекеттеринин машыгуулары. Архив
ЖККУ мамлекеттеринин машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жазылуу
Эл аралык терроризм коркунучу жана НАТОнун деструктивдүү аскердик активдүүлүгү күчөп турган шартта Жамааттык коопсуздук келишим уюму коргонуу дараметин жогорулатып, биргелешкен машыгууларды байма-бай өткөрүп келет.
Уюмдун мүчөлөрүнө Европада АКШнын аскердик күчтөрүнүн кеңейиши, бир катар батыш өлкөлөрүнүн коалициялык жана улуттук потенциалынын өсүшү, Афганистан жана Сириядагы быкшып турган согуштук жаңжалдар, эл аралык терроризм жана регионалдык экстремизм кооптуулук туудурат. ЖККУнун иш-аракеттери, мүчө-мамлекеттердин биргелешкен машыгуулары, Батыштын саясатынын эпкинине туруштук бериши тууралуу аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой толгогон.
Жамааттык коопсуздук тутуму коркунучтарга акыл калчоо менен ыкчам чара көрөт. Эң оболу аскердик даярдык жаатында чогуу иш-аракеттерди өткөрөт. Бул боюнча ЖККУнун Биргелешкен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров Москва калаасындагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын бул баасы орундуу.
Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы "Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндөгү келишимди" узартууга макул болду. Анткен менен Чыгыш Европада АКШнын ракетага каршы коргонуу тутуму чыңдалууда.
Стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү Спрут-СД. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?
Румыниядагы (Девеселу) ракетага каршы коргонуу тутумдар базасына кошумча 2022-жылы Польшадагы (Редзиково) ушундай эле объект ишке кирет. Дал ушул жайлардан 2000 чакырымдан ашуун ыраактыкка багытталган сокку уруучу "Томагавк" канаттуу ракеталары колдонулушу ыктымал.
Польша, Балтика өлкөлөрү, Болгария жана Румыниядагы алдыңкы базаларда аскердик күчтөрдү кабыл алуу жана жайгаштыруу үчүн Пентагондун курал-жарак, аскердик техника жана материалдык каражаттарын пландуу түрдө топтоо уланууда.
Вашингтон жана Варшаванын ортосундагы коргонуу багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү туурасындагы макулдашууда Польшанын аймагында 20 миң америкалык аскер кызматкерин туруктуу жайгаштыруу үчүн инфраструктура объектилерин куруу камтылган.

Чар тараптан

ЖККУ өлкөлөрү бир эле убакта Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кавказ багытындагы коркунучтарга жооп берүүгө аргасыз. 2021-жылдагы аскердик окуулар антитеррордук күрөшкө басым жасап, аскердик машыгууну жакшыртууга жана ЖККУнун коргонуу дараметин өстүрүүгө багытталган.
Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган "Аскердик бир туугандык - 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык машыгуулар кыйла маанилүү окуя болмокчу.
Иш-чара "Издөө-2021" чалгындоо күчтөрү жана каражаттарын тартуу менен ЖККУнун бөлүктөрүн материалдык-техникалык камсыздоо ("Эшелон-2021"), уюмдун алкагында Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн ("Өз ара аракет этүү - 2021") биргелешкен машыгууларын Жамааттык күчтөрдүн ар кыл компоненттеринин даярдыгын атайын окуулар форматында бириктирет.
Жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия чөлкөмүндөгү окуулардын жүрүшүндө Жамааттык күчтөр тобу ЖККУ аймагына эл аралык террордук уюмдардын согушкерлеринин киришине жол бербөө уламышы боюнча курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу заттарды ташуу каналдарын бөгөп, террорчулардын "жашыруун ячейкаларын" таап жок кылат.
Көп багыттуу F-35 Lightning II бомбалоочу истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
F-35тин солгундашы. Истребителди кайрадан "кара булут чулгоодо"
Иш-чаранын акыркы баскычында ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн "Бузулгус бир туугандык – 2021" биргелешкен окуусу РФ аймагына пландалган (аскерлер тынчтык орнотуу операция ыкмасы аркылуу кризистик зонада жаңжалдан кийинки жөнгө салуу сценарийине ылайык машыгышат).
Биргелешкен иштиктүү оюн ЖККУнун Москвадагы Кризистик чара көрүү (жооп кайтаруу) борборунда мүчө-мамлекеттердин тийиштүү министрлик жана мекемелеринин ыкчам топтору менен өз ара аракетте уюмдун башкы катчысынын жетекчилиги алдында өтмөкчү. Мында жамааттык коопсуздук факторлору майда-чүйдөсүнө чейин каралып, өнүгүшү божомолдонуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн бардык баскычтарында таасир этүүнүн компенсациялык чаралары жана механизмдери аныкталат.

Ырбатууга басым жасашкандай...

Чыгыш Европа багытында америкалык топтордун улам көбөйтүлүп жаткан сокку уруучу-чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрү Беларусь жана Россияга реалдуу коркунуч болуп саналат. "Алдыңкы катарда болууну күчөтүү" жана "Атлантикалык чечкиндүүлүк" операцияларында жана Балтика өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин кайтаруу боюнча миссияга НАТОнун бириккен куралдуу күчтөрүнүн 12 миңден ашуун аскер кызматкери тартылган.
"Түндүк" (Латвия), "Түндүк-Чыгыш" (Польша), "Түштүк-Чыгыш" (Румыния) көп улуттуу дивизияларынын штабдары түзүлгөн. Румынияда көп улуттуу корпустун штабын уюштуруу макулдашылууда. Польшанын аймагында 2020-жылдын ноябрында АКШнын Кентукки штатынан келген кургактагы аскердик бөлүктөрдүн 5-армиялык штабынын ишмердиги жандандырылган.
Литванын Куралдуу күчтөрүнүн Беларустун мамлекеттик чек арасына жакын жердеги "Пабраде" полигонуна америкалык танктык батальон жайгаштырылган. НАТО чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүн чыңдап, өзөктүк потенциалды аскердик багытта колдонууну жактайт.
Абу-Дабидеги IDEX-2021 көргөзмөсүндө оор ТОС-1А огнеметтук тутумун макети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Абу-Дабидеги көргөзмөгө коюлган россиялык коргонуу комплексинин саамалыгы
Европалык согуштук аракеттер театрында альянстын ыкчам жана аскердик даярдык иш-чараларынын саны эки эсе артты. Ал түгүл машыгууларга өзөктүк курал ташуучу америкалык стратегиялык бомбалоочу учактар да тартылды.
Окуулардын көпчүлүгүнүн сценарийинде Германиядан түндүк-чыгыш (ФРГ – Польша – Балтия өлкөлөрү) жана түштүк-чыгыш (ФРГ – Венгрия – Болгария) коридорлору аркылуу аскердик бөлүктөрдү көчүрүү, кийин аларды чабуул коюучу көп улуттуу ири топтордо пайдалануу ниети камтылат.
НАТОнун ишмердигинин негизги багыттары Вашингтондун түздөн-түз көзөмөлүндө жана "россиялык агрессияны ооздуктоого" даярдык уюмдун дээрлик бардык доктриналык документтеринде бекитилген.
АКШ бийлигинин тышкы саясатынын негизги багыты – аскердик күчтүн эсебинен глобалдык лидерликти камсыздоо. Мамлекеттер аралык алакалардын жаңы "нормалары" пайда болгон карама-каршылыктарды чечүүдө күч ыкмаларын пайдалануу чегин төмөндөтөт.
Борбор Азия чөлкөмүндө ЖККУ өлкөлөрүнө исламдык террорчу топтор негизги кооптуулукту туудурат. Генерал-полковник Анатолий Сидоровдун маалыматында, "Талибан" кыймылынын катарында (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм) 70 миңге чукул согушкер бар, алардын 15 миңи Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен түндүк райондорунда аракет этишет.
Талибдер Афганистан Ислам Республикасынын территориясынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт. Өлкөнүн азыркы жетекчилигин кулатып, "Афганистан Ислам эмирлигин" кайра калыптандырууга умтулат.
Аймактык коопсуздукка "Ислам мамлекетинин" (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм) 4000дин тегерегиндеги согушкери бар афгандык филиалы коркунуч келтирет.
Айрыкча чыгыш жана түндүк провинцияларындагы отряддар активдешкен. Террорчулар Тажикстан жана Пакистан менен чектешкен райондорду көзөмөлдөөгө, ыңгайлуу плацдармдарды түзүүгө, кийин аларды Борбор Азия мамлекеттеринде кеңейтүүгө умтулушат.
С-300 зениттик-ракеталык система. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Кыргызстандын армиясы россиялык С-300 системасын алмай болду
Афганистанда ошондой эле "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Аль-Каида", "Чыгыш Түркестандын ислам кыймылы" (2500гө жакын согушкер) террордук топтору да бар. Муну менен катар чет элдик (АКШ жана НАТО) аскерлердин дагы кыскарышы, афгандык күч структураларынын куралдуу оппозицияга майнаптуу туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү исламчылардын кызыкчылыгын жайылтууга жана алардын тарапташтарынын санын арттырууга ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө.
Жамааттык коопсуздуктун Кавказ аймагында Грузия менен НАТОнун аскердик кызматташуусу күч алып, региондо АКШнын аскердик орун алышы, анын ичинде республиканын территориясынын жана Кара деңиз акваториясынын аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн кеңейип келе жатканы байкалат.
Брюсселдеги жакындагы эле жолугушуулардын жыйынтыгында аталган өлкөнүн жетекчилиги жана түндүк атлантикалык альянс тарабынан "НАТО – Грузия орчундуу чаралар топтому" толукталып, эки жак быйыл биргелешкен ыкчам жана аскердик даярдык машыгууларды, альянстын согуштук кемелеринин грузиялык портко карай алган сапарларын улуттук армиянын НАТО стандарттарына жетишүүсү "аяктаганча" каржылык жардамды көбөйтүү боюнча макулдашты.
Ошол эле убакта Грузия, Молдова, Украина союзун түзүү демилгеси да ортого салынууда. Кошмо Штаттардын Кавказда абалды ырбатууга жана туруксуздукту жаратууга басым жасаганы мыйзам ченемдүү түрдө чөлкөмдөгү коопсуздуктун доо кетишине кептегени турат.
Тышкы кооптуулук жана коркунучтарга карабастан ЖККУнун аскердик кызматташтыгы коргонуучу мүнөздө гана жүрөт, Жамааттык күчтөрдүн жоопкерчилигиндеги аймактарда террордук топтор менен күрөштө Россия армиясы сириялык тажрыйбасын колдонууга аргасыз болбойт деген үмүт бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0