Жапаров менен Путин эмне жөнүндө сүйлөшөт. Тышкы иштер министринин маеги

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүКыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаров Россияга боло турчу сапарында кайсы маселелерди көтөрөрүн айтып берди.
Министр Руслан Казакбаевден ТИМдин маалымат кызматы интервью алган. Ал кыргыз тарап көтөрө турган маселелер менен бере турган сунуштары тууралуу кенен маалымат берген.
— Президент Садыр Жапаровдун Москвага боло турган биринчи расмий сапарын эксперттер стратегиялык туура кадам деп аташууда, анткени Россия Федерациясы Кыргызстандын бирден-бир негизги өнөктөшү жана союздашы болуп саналат. Сиз эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасын атай аласызбы, биринчи кезекте расмий Бишкек үчүн кайсы маселени чечүү маанилүү?
— Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чет өлкөгө болгон биринчи сапарын Россиядан башташынын маанилүүлүгү жөнүндөгү эксперттердин пикирин толугу менен колдойм жана бул түшүнүктүү болсо керек деп ойлойм.
Россия – биздин ишеничтүү союздашыбыз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз. Кыргызстан менен Россияны бир чоң мамлекеттин курамындагы жалпы тарых бириктирип турат. Кыргызстандыктар Россия элинин тарыхый мурастарына, маданиятына жана салттарына дайыма урматтоо жана кызыгуу менен мамиле жасашат. Көптөгөн тагдыр чечүүчү сынактардан бирге өтүү менен биз достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы өз ара пайдалуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз болгон ата-бабаларыбыздын маданий-рухий баалуулуктарын сактап кала алдык.
Россия Федерациясын салттуу түрдө эл аралык саясат, коопсуздук, экономикалык жана маданий өнүгүү маселелери боюнча өзүбүздүн башкы өнөктөшүбүз катары көрөбүз. Биз Россия менен эл аралык уюмдардын жана регионалдык интеграциялык бирикмелердин алкагында бир позицияда турабыз. Ага КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ уюмдары далил.
Эгемендүүлүк мезгилинин аралыгында бул курс Кыргызстандын тышкы саясий артыкчылыктарында өзгөрүүсүз бойдон калууда.
Муздаткыч бөлүгүндөгү Спутник-V вакцинасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Казакбаев: вакцина чыгарууну үйрөнүү үчүн Россияга адистерди жиберүү каралууда
Кыргызстан Россия Федерациясы тарабынан көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жана ар тараптуу техникалык жардамдарга, колдоолорго, ошондой эле биздин өлкөдөгү 2020-жылдын 5-10-октябрындагы шайлоодон кийинки саясий кризисти жөнгө салууга көрсөткөн көмөгүнө ыраазы жана аларды жогору баалайт. Россия тарап ошол татаал транзиттик мезгилде дагы бир ирет биздин республикабызга колдоо көрсөттү.
Мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан орус тилинин макамы өлкөнүн Конституциясында жана мыйзамдарында расмий түрдө бекитилген аз сандагы өлкөлөрдүн бири болуп саналарын өзүнчө белгилегим келет. Кыргызстанда орус тили – расмий тил жана турмуштун бардык чөйрөлөрүндө колдонулат: медиа чөйрөсүндө, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият тармактарында. Биздин өлкөдө калкыбыздын орус тилдүү бөлүгү өздөрүнүн руханий, социалдык, маданий жана илимий талаптарын толук өлчөмдө канааттандыруусу үчүн биз көп иштерди жүргүзүп жатабыз.
ϴткөн кылымдын башында кыргыздар үчүн дал ушул орус тили дүйнөлүк адабиятты жана илимди таанып-билүү куралы болгон, ал аркылуу кыргыздар дүйнө маданиятына кошулган. Муну четке кагууга болбойт, Кыргызстан менен Россия бүгүнкүгө чейин бир тил мейкиндигинде болуусун биз баалайбыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековКазакбаев: Россия – биздин ишеничтүү союздашыбыз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз
Принесение присяги новыми членами Правительства - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Казакбаев: Россия – биздин ишеничтүү союздашыбыз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз
Мамлекет башчысынын Россияга боло турган биринчи сапары, албетте, эки элдин достугун бекемдөөгө, узак мөөнөттүү союздук мамилелерди өнүктүрүүгө, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн негиздерди жана түз байланыштарды орнотууга, толук өз ара түшүнүү жана ишенүү атмосферасында өз ара аракеттерди курууга багытталат.
Ушул кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинин биринчи планына саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, коопсуздук жаатындагы актуалдуу маселелер коюлду.
Биз түзүлгөн келишимдерге инвентаризация жүргүзүүнү жана көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү мындан аркы кызматташуунун стратегиялык багыттарын аныктоону көздөп турабыз.
Ырас, эки тарап тең бекемдөөгө жана байытууга гана кызыкдар болгон биздин маданий-гуманитардык байланыштарыбыз, ошондой эле миграциялык өз ара кызматташуу маселелери сүйлөшүүлөрдүн өзүнчө темасы болмокчу.
Москвага болгон сапардын жүрүшүндө биздин делегациянын мүчөлөрү көтөрүүнү ниет кылган негизги маселелер - бул Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду аркылуу кредиттик каражатты, гранттык жардамдарды, Евразия экономикалык биримдиги алкагында техникалык жардам көрсөтүү, COVID-19 пандемиясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча кызматташуу болмокчу. 
Жогорку басымдагы газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Казакбаев: президент Россияга барганда газды арзандатуу маселеси талкууланат
Жаратылыш газына болгон тарифти төмөндөтүү жана улуттук валюталар менен өз ара эсептешүүгө өтүү, гидроэнергетикалык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду жандантуу, КР аймагында темир жол тармагын этап-этабы менен өнүктүрүүнү мындан ары илгерилетүү маселелерин да талкуулоону пландап жатабыз.
Мындан тышкары, күн тартибинде өнөр жай кооперацияларын, анын ичинде КР аймагында биргелешкен ишканаларды жана соода-логистикалык борборлорду куруу жолу менен аларды активдештирүү, регулярдуу авиа жана темир жол каттамдарын толук кандуу жандандыруу, ошондой эле алдыда боло турган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биз тараптан көтөрүлө турган бир катар башка маселелер турат.
Эл аралык келишимдердин ратификациялангандыгына жана олуттуу сүйлөшүү процесстерине карабастан, Россия тарап менен иштелип чыккан энергетика тармагындагы айрым долбоорлордун каржы булактары аныкталбагандыгына байланыштуу убактылуу токтотулган. Алдыда боло турган сапардын алкагында биз бул багыттагы иштерди жандантууну талкуулоого ниеттенүүдөбүз.
— Биз ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Россиядан дайыма жардам сурап келебиз. Президент Садыр Жапаров да бул жолу жардам суроого ниеттенип жатабы жана кайсы муктаждыктарга?
— Биздин өлкөдөгү туруксуз саясий кырдаал, реалдуу, радикалдуу реформалардын жоктугу, жашоонун жана мамлекетти башкаруу тутумунун бардык чөйрөлөрүнө коррупциянын жана криминалитеттин тереңдеши бизге социалдык-экономикалык өнүгүүдө тез, сапаттуу секирик жасоого мүмкүндүк бербей жатат.
Бүгүн бул факторлор өлкөбүздүн өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн эл аралык жардамдарга таянууга бизди мажбур кылууда. Бирок ачык айтуубуз керек, биз дүйнөлүк коомчулук алдында дайыма суранып жүргөндөрдүн катарында болбошубуз керек. Кыргызстандын ар бир жараны биздин өнүгүүбүз, биздин бакубат жашообуз өзүбүздүн колубузда экенин түшүнүүсү зарыл. Күн сайын ак ниет эмгегибиз, маңдай терибиз, өз күчүбүз менен гана Кыргызстанды көтөрө алабыз. Ошону менен бирге биздин өлкөдөгү ар бир бийлик адамы ишкерлерибиздин, инвестициялардын, бизнестин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого тийиш экенинен башташыбыз керек. Биз аларга эркиндикти, чакан жана орто бизнес үчүн мыйзамдарды мүмкүн болушунча тез арада либералдаштырып берүүгө тийишпиз. Белгилүү болгондой, саясаттын туусун экономика көтөрөт, биз муну унутпашыбыз керек.
Андыктан бүгүн өлкөнүн жаңы жетекчилиги кардиналдуу реформаларга барууга ниеттенген учур, аны өткөрүү үчүн биз эл аралык колдоолорго муктажбыз.
Америка доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Садыр Жапаров Россияга барганда Евразия фондунан 100 млн. доллар кредит сурайт
Өнөктөштөрүбүзгө, эң оболу биз эгемендикти алган биринчи күндөрдөн тартып практикалык көп форматтуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн союздашыбыз жана жакын досубуз болгон Россияга ыраазыбыз. Маселен, жакында Россия тарап салыкты башкаруу тутумун өнүктүрүү жана идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо тутумун түзүү максатында Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам берүү чечимин кабыл алды.
Ошондой эле күн тартибинде Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан Кыргызстанга жеңилдетилген насыя түрүндө 100 миллион доллар өлчөмүндө кредиттик каражат берүү маселеси турат. Бул Фонддун каражаты экономиканы, социалдык секторду колдоо боюнча кризиске каршы чараларды ишке ашырууга, финансылык жана макроэкономикалык туруктуулук үчүн тобокелчиликтерди азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары, мурда жетишилген келишимдерге ылайык, Россия тарап жыл сайын гранттык жардам берип турат, биз аны социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана экономиканы турукташтыруу үчүн пайдаланып келүүдөбүз. Ар түрдүү ведомстволор ортосунда финансылык, техникалык, эксперттик колдоолорду көрсөтүү жөнүндө макулдашуулар бар.
Бул жардамдын баары биз үчүн абдан маанилүү, анткени өлкөдө реформа баштоо үчүн туруктуулук, анын ичинде экономикалык жана социалдык стабилдүүлүк болушу керектигин түшүнүп турабыз.
© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүКазакбаев: кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинин биринчи планына саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, коопсуздук жаатындагы актуалдуу маселелер, ошондой эле көп тараптуу кызматташтык коюлду
Встреча главы МИД России и Киргизии С. Лаврова и Р. Казакбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Казакбаев: кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинин биринчи планына саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, коопсуздук жаатындагы актуалдуу маселелер, ошондой эле көп тараптуу кызматташтык коюлду
— Ыш көйгөйү өлкө жашоочуларын ойго салып келет. Кырдаал жыл өткөн сайын коркунучтуу болууда. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында биздин өлкө үчүн "Газпром" белгилеген газдын баасын төмөндөтүү жөнүндө маселе талкууланабы? Кыргызстан үчүн көк отундун кубометринин наркы бардык ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде эң жогору экени жалпыга белгилүү.
— Энергетикалык ресурстарга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөө динамикасын эсепке алуу менен жаратылыш газына коюлган тарифти төмөндөтүү маселеси кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн бирден-бир башкы темасы болмокчу. Биз ошондой эле доллардын ордуна улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү мүмкүндүгүн талкуулоону сунуш кылууга ниеттенип жатабыз.
Кыргызстан Россия тараптын алдында бул маселени бир нече жолу көтөргөн. Мындан тышкары, эки өлкөнүн компетенттүү ведомстволорунун деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул маселе бүгүнкү күндө ачык бойдон калууда жана бул багытта сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл.
Белгилүү болгондой, өтүп бара жаткан кыш борбордогу экологиялык көйгөйдүн бетин ачты. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн азыркы убакта Бишкек жылуулук борборунун (БЖБ) ишин газга өткөрүү маселеси иликтенүүдө. Ушуга байланыштуу Бишкектеги Жылуулук борборун биргелешип реабилитациялоо жана аны жаратылыш газына өткөрүү мүмкүндүгүн кароо "Газпром" компаниясынын тобуна сунушталууда.
— КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан коронавирус инфекциясынан вакцинациялоону алигече баштай элек жалгыз өлкө болууда. Биздин чиновниктер мезгил-мезгили менен кыргызстандыктарды тигил же бул вакцина менен вакцинациялоону пландагандыгы жөнүндө билдирип келет. Россия биринчилерден болуп "Спутник V" вакцинасын сунуштаган. Сүйлөшүүлөр канчалык алдыга жылды, аны алып келүүнү тездетүүгө эмне тоскоолдук кылууда? КРге вакциналарды жеткирүү үчүн кандайдыр бир өзгөчө шарттар барбы, эгерде болсо, алар кайсылар?
— Кыргызстан клиникалык сыноодон ийгиликтүү өткөн жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө катталган Россиянын "Спутник V" вакцинасын алууга кызыкдар. Россия илими дагы бир жолу илимий чөйрөдөгү өзүнүн лидерлик позициясын көрсөттү, өз потенциалын бүтүндөй дүйнөгө даңазалады. Орус өндүрүүчүлөрүнүн продуктуларына кыргызстандыктар ишеним артып пайдаланып жаткандыгы Кыргызстанда салттуу көрүнүш экенин өзгөчө белгилегим келет.
Кыргызстана жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жапаров: тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралган эмес
Кыргызстанга вакцинаны берүү маселеси өткөн жылдын декабрында Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарынын деңгээлинде талкууланган. Ар кандай деңгээлдерде консультациялар болду. Үстүбүздөгү жылдын январында КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун атынан Россиянын президенти Владимир Путиндин дарегине COVID-19 боюнча Кыргызстандын муктаждыгын камсыздоо үчүн 500 000 вакцина дозасын бөлүү тууралуу кат жөнөтүлгөн.
Азыркы убакта Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Россиянын "Спутник V" жана "ЭпиВакКорона" вакциналарын сертификациялоо боюнча иштер жүрүүдө. Бу жол-жоболор аяктагандан кийин биздин компетенттүү ведомстволор вакциналарды берүүнү уюштурууга, анын ичинде транспортировкалоого жана сактоого байланышкан маселелерди мындан ары иштеп чыгууну улантышат.
Мындан тышкары, жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан COVID-19га каршы вакциналарды өндүрүү боюнча орус тажрыйбасын окуп үйрөнүү үчүн Россияга биздин адистерди жөнөтүү маселеси каралууда.
© Фото / пресс-служба МИД КРКащакбаев: КР аймагында темир жол тармагын этап-этабы менен өнүктүрүүнү мындан ары илгерилетүү маселелерин да талкуулоону пландап жатабыз
Встреча Межпарламентской ассамблеи стран СНГ с главой МИД КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кащакбаев: КР аймагында темир жол тармагын этап-этабы менен өнүктүрүүнү мындан ары илгерилетүү маселелерин да талкуулоону пландап жатабыз
— КР өкмөтүндө биологиялык лабораторияларды түзүү жана ачуу зарылдыгы жөнүндө маселени талкуулоого кайрадан кайрылышты. Бул долбоордо тарапташтар жана каршылаштар бар. Бул маселе Москвада талкууланабы?
— ЕАЭБ өлкөлөрү дайыма жаңы чакырыктарга кабылып келет. 2020-жылы коронавирус пандемиясы биздин региондун өлкөлөрүнүн ар бир жаранынын гана эмес, ошондой эле ашык-кеми жок биздин планетанын ар бир жашоочусунун өмүрүнүн дээрлик бардык аспектилерин кардиналдуу өзгөрттү. Андыктан бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык өлкөлөрү биокоопсуздукту алдыңкы орунга койгону толук түшүнүктүү. Ошол эле убакта бул маселе, анын ичинде COVID-19 вирусунун жасалма же табигый чыгышы тууралуу талаштар көбөйүүдө. Биокоопсуздук темасы ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн да чоң актуалдуулукка ээ болууда, ал эми бул маселе ЖККУ жана ШКУ форматында 2020-жылдын декабрында эле көтөрүлгөн.
Мурдагы СССРдин айрым өлкөлөрүнүн аймагында чет өлкөлүк биолабораториялар иштеп жатканы маалым. Мында ал өлкөлөрдө чыккан эпидемияларды көп учурда дал ошол лабораториялардын болушу менен байланыштырышат. Айрым биолабораториялар окумуштуулар тарабынан гана эмес, ошондой эле аскер биологдору тарабынан да пайдаланылып жаткандыгы жана аларда ар түрдүү штаммдарды жана өтө кооптуу инфекциялык ооруларды алгандары жана тестирлегендери жөнүндө пикирлер бар.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан тартып окумуштуулар тобу жана коомдук ишмерлер да биздин өлкөдө 3-деңгээлдеги биолаборатория куруу боюнча батыш өнөктөштөр менен ишти активдештирүү максатка ылайыктуу экени тууралуу маселени кайрадан көтөрө башташты.
Бирок Кыргызстандагы коомчулуктун, илимпоздордун жана интеллигенциянын арасында мунун максатка ылайыктуу экенине жана эң башкысы, мындай объектилерди куруунун коопсуздугуна чоң шектенүүлөр бар. Тактап айтканда, алар тарабынан тигил же бул эпидемиянын "чыгып кетүү" жана жайылып кетүү коркунучу, ошондой эле биолабораториянын аркасында айрым өлкөлөрдүн аскерлери же геосаясий кызыкчылыктар туруусу мүмкүн экендиги сыяктуу жүйөлөр келтирилип жатат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Садыр Жапаров орус тилинин Кыргызстандагы орду тууралуу кеп салды
Эгерде мындай жүйөлөр негиздүү болсо, анда Кыргызстанда ушундай биолабораториянын пайда болушу толугу менен өлкөгө жана Борбордук Азия регионуна масштабдуу кесепеттерди алып келери шексиз. Анын себептери көп: биздин өлкөдөгү туруксуз ички саясий кырдаал, оор экономикалык абал, бардык баскычтардагы адистерди даярдоо деңгээлинин төмөндүгү.
Эпидемия үчүн чек ара жок экендигине 2020-жылы баарыбыз ынандык. Ушуну эске алуу менен Кыргызстанда биолабораториянын пайда болуу мүмкүндүгүнө биздин жакынкы кошуналарыбыз да өтө кооптонуу менен мамиле жасашууда, бул маселе Кыргызстан үчүн да, башка өлкөлөр үчүн да улуттук коопсуздук маселеси болуп саналат. Биз аны түшүнөбүз.
2018-жылдан тартып Россия тарап аймагында биолаборатория жайгашкан КМШ өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө Евразия мейкиндигинде биокоопсуздукту камсыз кылуу маселеси бир кыйла кеңири регионалдык көз карашта да, анын ичинде ЖККУ үчүн да артыкчылыктуу маселе болуп саналат. Бул дагы кезектеги ШКУнун саммитинин күн тартибине киргизилет деп ойлойм. "Россия - Борбор Азия" жаңы мамлекеттер аралык диалог форматынын алкагында бул маселе бирден-бир негизгилерден болмокчу.
ϴз кезегинде Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте биокоопсуздукту камсыз кылуу боюнча Россиянын демилгесин колдоп келет. Биз өзүбүздүн союздаштарыбыз менен бирге ЕАЭБга, ЖККУга, ШКУга кирген бардык өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшоого жана зарыл практикалык чараларды көрүүгө тийишпиз.
Кыргызстандагы биолабораториялар жөнүндө конкреттүү маселе мамлекет башчысынын Москвага боло турган визитинин күн тартибинде турбаса да, анын өтө актуалдуу экендигин эске алуу менен биологиялык коопсуздук жөнүндөгү маселе күн тартипте болбойт деп айта албайм, деген менен биздин мамлекеттерибиздин лидерлеринин ортосунда тигил же бул контекстте бул маселе талкууга алынат.
© Sputnik / Табылды КадырбековКазакбаев: күн тартибинде Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан Кыргызстанга жеңилдетилген насыя түрүндө 100 миллион доллар өлчөмүндө кредиттик каражат берүү маселеси турат
 Министр иностранных дел КР Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Казакбаев: күн тартибинде Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан Кыргызстанга жеңилдетилген насыя түрүндө 100 миллион доллар өлчөмүндө кредиттик каражат берүү маселеси турат
— Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуунун күн тартибинде биздин өлкөлөр ортосундагы чек араны ачуу жөнүндө маселе барбы?
— Сиз чек аранын жабылышы деп Россия Федерациясына барууну ниет кылган биздин жарандардын кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын айтып жатсаңыз керек. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы авиакаттамдарды толук кандуу жандандыруу маселесинин бир нече айга созулушу Россия менен эки тараптуу сүйлөшүүнүн күн тартибинин бирден-бир негизги маселеси болуп саналат. Алдыда боло турган сапардын жүрүшүндө бул маселе сөзсүз түрдө талкууга алынат.
Россия тарап менен жетишилген макулдашууларга ылайык, 8-февралдан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосунда регулярдуу авиарейстердин саны көбөйдү, ал биздеги эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгынан улам, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жаңы штаммын алып келүүгө жана анын жайылышына жол бербөөгө багытталган чараларды күчөтүүдөн, анын ичинде республикага келүүчү бардык жүргүнчүлөр, аны менен катар КР жарандары үчүн оорунун (COVID-19га ПЦР-тесттин терс натыйжасы) жоктугу жөнүндө маалым каттын болушу тууралуу милдеттүү талаптарды киргизүүдөн улам мүмкүн болду.
Кыргыз тарап биздин өлкөлөр ортосундагы толук кандуу эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык интеграция биздин жарандардын эркин кыймылысыз мүмкүн эмес деп эсептейт. Ушуга байланыштуу биз алгач Кыргызстан менен Россиянын шаарларынын ортосундагы авиарейстердин санын мүмкүн болушунча тез арада мурунку, жумасына 100 рейстен ашык болгон деңгээлге көтөрүү керек деп эсептейбиз.
— Мурда Россияда иштөө менен Кыргызстандагы өз үй-бүлөсүн багууга мүмкүндүгү болгон биздин он миңдеген мекендештерибиз жумушсуз калышты. Ошону менен бирге эмгек мигранттарына муктаж болгон тармактарда мигранттардын келиши үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы бир нече жолу Кремлде көтөрүлдү. КР жарандарына жардам берүү үчүн бул маселе талкууланабы?
— Бардык өлкөлөрдөгү биздин мекендештерибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо биз үчүн эң бир актуалдуу жана артыкчылыктуу маселе.
Россияга Кыргызстандын жарандарынын келишине чектөө 2020-жылдын октябрында алып салынган болчу. Бирок көйгөй дагы да болсо толук чечилген эмес жана өлкөлөр ортосундагы авиарейстер аз санда түзүлгөн, орус чек арасындагы, ошондой эле транзиттик өлкөлөрдүн аймактарындагы өткөрмө пунктулар жабык режимде иш жүргүзүүдө.
Россиядагы биздин эмгекчил жарандарыбыздын жумушка орношуу көйгөйүн чечүү толугу менен мамлекеттер ортосундагы транспорттук каттамдарды жандандырууга көз каранды. Бул маселе артыкчылыктуу болуп саналат жана бардык деңгээлдеги эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине киргизилет. Биз евразиялык мейкиндиктеги экономикалык интеграция жумушчу күчтүн эркин кыймылысыз мүмкүн эмес деген позицияны карманабыз.
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Садыр Жапаров Россия менен эриш-аркак жылын узартууну сунуштады
Азыркы убакта Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте өлкөнүн "COVID-19суз саякат жаса" программасына кошулуусунун техникалык камсыздалышы боюнча иштерди жүргүзүп жатат, ал биздин жарандардын ЕАЭБ өлкөлөрүнө барууларын камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт, ошондой эле регулярдуу авиарейстердин санын көбөйтөт жана ага жараша авиабилеттерге болгон баалар төмөндөйт.
Сапардын алкагында биз миграциялык өз ара аракеттер чөйрөсүндөгү маселелерди, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууну тариздөө көйгөйлөрүн чечүү, "кара тизмеден" Кыргызстандын жарандарын чыгаруу жана биздин жарандарды Россияда миграциялык эсеп-каттоого коюу маселелерин сөзсүз түрдө талкуулайбыз.
Чет өлкөлөрдө биздин жарандардын укуктук жана социалдык абалдарын жакшыртууга умтулуу Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун башкы себеби болгон. Эмгек миграциясынын маселесине кыргыз тарап Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын ишмердигин жүзөгө ашыруу шарттарын жакшыртуу жана аларды социалдык жактан коргоо максатында кызматташууну алдыга жылдырууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле евразиялык интеграциянын алкагында жетишилген бардык ченемдик-укуктук келишимдерди ишке ашырууга кызыкдар.
© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүКазакбаев: Энергоресурстарга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөө динамикасын эсепке алуу менен, жаратылыш газына коюлган тарифти төмөндөтүү маселеси кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн бирден бир башкы темасы болмокчу
Встреча главы МИД России и Киргизии С. Лаврова и Р. Казакбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Казакбаев: Энергоресурстарга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөө динамикасын эсепке алуу менен, жаратылыш газына коюлган тарифти төмөндөтүү маселеси кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн бирден бир башкы темасы болмокчу
— Сиз ТИМдин башчысы катары бул сүйлөшүүдөн эмнени күтөсүз?
— Эң оболу биз бардык деңгээлде түз байланыштарды орнотууну жана күн тартибинин бардык маселелерин өз ара түшүнүү атмосферасында жана биримдик мамилелер менен стратегиялык өнөктөштүк духунда чечүүнү күтөбүз. Азыркы убакта биздин өлкөнүн алдында бардык иштебеген механизмдерди натыйжалуу пайдалануу, болгон потенциалды толук ачуу жана ишке ашыруу турат.
Эгерде конкреттүү алсак, анда визиттин алкагында биз өлкөбүздө кардиналдуу реформаларды жүргүзүү, нефть-газ продукцияларына болгон тарифтерди төмөндөтүү, Кыргызстанга орус вакциналарын берүү, гидроэнергетикалык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду жандандыруу, ЕТϴФ багыты жана башка жардамдар боюнча кредиттик каражатты бөлүү маселесин илгерилетүү, регулярдуу авиакаттамдарды толук кандуу калыбына келтирүү, өнөр жай кооперацияларын жана региондор аралык өз ара аракеттерди илгерилетүү маселелеринде Россия тараптан колдоолорго ишеним артабыз.
Биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык, өнөктөштүк, бир туугандык мамилелер ачык, ирети менен жана ишеним көрсөтүү нугунда болот, ошондой эле кызыкчылыктарды, эки жана көп тараптуу форматтагы бири-биринин демилгелерин өз ара колдоого алат деп эсептейм.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чет өлкөгө болгон биринчи сапары Россия Федерациясына болгондугу эки өлкө ортосундагы союздаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө дем берүүчү кошумча фактор болуп каларына жана эки тараптуу кызматташуунун бардык комплексинин чечкиндүү өнүгүшүнө жаңы импульс берерине ишеним артам.
Жаңылыктар түрмөгү
0