Трампка таандык 39 кабаттуу мейманкананын жарылган видеосу жарыяланды

Жазылуу
Мындан дээрлик 40 жыл мурун курулган имараттын кыйраганын көрүү үчүн шаардын көптөгөн тургундары чогулганы айтылды.
АКШнын Атлантик-Сити шаарындагы экс-президент Дональд Трампка таандык 39 кабаттуу казино жана Trump Plaza мейманканасы атайын жардырылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Окуянын видеосу жергиликтүү маалымат порталдын Youtube каналына жарыяланган.
Жергиликтүү басылма шаардагы белгилүү имараттын кыйраганын көрүү үчүн көптөгөн тургундар чогулганын жазган.
Петарда жардырам деп киши оз колунда жарылган. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2020
Фейерверк атам деген киши өзү кошо "жарылып" кетти. Видео
Бул имарат 1984-жылы курулуп, шаардагы белгилүү казинолордун бири болчу. Бирок 2014-жылы ишин токтоткон, буга байланышту көптөгөн адамдар жумушсуз да калганы айтылды. Казино 2016-жылы ага ээлик кылуучу Trump Entertainment Resorts компаниясынан Icahn Enterprises компаниясына өткөн.
Атлантика шаарынын мэри Марти Смолл өзүнүн администрациясына 2020-жылы ошол маалда имараттын дубалдары урай баштагандыктан аны бузууга буйрук бергени кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0