"Ишенимдүү": дүйнөнүн жарымын багындырган россиялык жүк ташуучу унаалар

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКамАЗ заводу. Архив
КамАЗ заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Мындан туура 45 жыл мурун, тагыраак, 1976-жылдын 16-февралында, СССРдин аймагындагы Кама автозаводунун короосунан алгачкы КамАЗ чыккан.
Ошол күндөн тарта россиялык жолдорду бул оор салмактуу унааларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Автогиганттын биринчи олуттуу үлгүлөрүн Николай Протопопов эстеп көрдү.

Тунгуч капотсуз унаа

1960-жылы кызуу өнүгүп келе жаткан советтик өнөр жайда жүк ташуучу ири автомобилдердин кескин жетишсиздиги сезилген.
Жаңы өндүрүш үчүн Набережные Челны калаасы тандалган, 1969-жылы ар он эки айда 150 миң машина чыгарууга ылайыкталган заводдун ири курулушу башталган.
Жолдордун сапаты жакшырып, бүт өлкө боюнча трассалар, жогорку ылдамдыкта жүрүүгө багытталган магистралдар курулуп жаткандыктан, конструкторлор жүк ташуучу унаалардын өтүмдүүлүгүнө гана эмес, алардын ыңгайлуулук жана жүрүү (шасси) мүмкүнчүлүктөрүнө да басым жасашкан. Кыймылдаткычы кабинанын алдына жайгаштырылган капотсуз унаа чыгаруу боюнча европалык тажрыйба да эске алынган. Мындай конструкция кабинаны ыңгайлуу, кенен, айдоочуга айлана алаканга салгандай көрүнгүдөй, ошондой эле автомобилдин узундугун да майнаптуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Эскиз перспективного авиационного комплекса дальней авиации РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2021
"Бардык кооптуулук эске алынган": Россиянын жаңы аба куралы кандай болот?
Долбоорго москвалык автогигант ЗиЛдин жүк ташуучу унааларды иштеп чыгуу жана өндүрүшүндө тажрыйбага бай адистери да катышкан. Ошол убакта алар ЗиЛ-170 индекси менен капотсуз унаанын сынамык үлгүсүн чыгарышкан, дал ошол биринчи КамАЗдын прототиби болгон. Анын негизинде жүк көтөрүмдүүлүгү сегиз тоннадан кем эмес үч октуу машиналардын бүтүндөй тобу иштелип чыккан. Ошол прототиптер Союздун түндүк жана түштүк аймактарындагы трассаларда зымырап, жол салына элек жерлерде да ыргагынан тайбаган. Машиналарды сыноолордун жыйынтыгы менен улам толуктап, кемчилигин жоюп, оптималдуу конструктивдүү жолдорду издешкен. Ошол убакта эле болочок КамАЗды чет өлкөлүк аналогдору, атап айтсак, "Форд", "Мерседес" жана "Интернэшнл" өңдүү жүк ташуучу унаалар менен салыштырышкан.

Оңдолгону бат

1976-жылдын февралында Набережные Челны шаарындагы заводдун конвейеринен тунгуч сериялык КамАЗ-5320 түшүрүлгөн. Советтик ченемдер боюнча ал абдан ыңгайлуу автомобиль болгон, үч орундуу кенен кабина, дабыш жана термоизоляция, коопсуздук курлары, ылдый-өйдө көтөрүлүүчү кресло, тегерекке көз чаптырууга мүмкүндүк берчү бийик отургуч.
Жүк ташуучу унаага жаңы сегиз цилиндрдик 11 литрлик дизелдик, 210 аттын күчүндөй кубаттуулуктагы жана беш баскычтуу кыймыл берүү коробкасы, маңызында он баскычтуу трансмиссия орнотулган. Ал эми суукта жеңил жүрүү үчүн от алдырардын алдындагы жылыткычтар каралган. Күйүүчү май куюлчу багынын сыйымдуулугу — 200 литр. Саатына 80 чакырымдык ылдамдыкта жүзүнө 30 литрден солярка ичкен. Пневматикалык барабандык тормоздору болгон.
Россия Федерациясынын аба-десант аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2020
"Жаңы деңгээлге секирик": россиялык десантчылар эмне менен куралданууда?
Алгачкы эки жылда завод КамАЗдардын үч түрүн: сегиз тонналык, курулуштук самосвал жана көтөрүмдүүлүгү он жана жыйырма тонна жүк ташуучу тракторду чыгарган. Кийин дөңгөлөктөрү чоңойтулган жүк ташуучу унаа, автопоезд үчүн трактор жана айыл чарбасы үчүн самосвал чыгарылган.
Камалык жүк ташуучу автомобилдердин артыкчылыгы – алардын тез оңдолушу болгон. Бузулуп калса бачым эле оңдоп алып айдап кете беришкен, СССРде өнүккөн авто оңдоочу жайлардын түйүнү болбогондуктан, бул абдан маанилүү эле. Анан да конструкторлор техникалык тейлөөнү жөнөкөйлөтүүгө аракет кылышкан. Майлоочу тетиктеринин санын азайтып, өзүн-өзү кулпулоочу бекиткичтерди пайдаланышкан.

Спорт жана согуш

1980-жылдардын башында Набережные Челны шаарында 4310 индекси менен алты тонналык жолтандабас машинанын өндүрүшүн жолго коюшкан. Ал эң оболу армия үчүн ылайыкталган. Лебедкасы (оордукту көтөргүч жабдыгы) ичинде орнотулган, 6х6 дөңгөлөктүү формуласы жана жогорулатылган клиренс жол салына элек жерлерде да жүрүүгө мүмкүндүк берген.
Армиялык КамАЗдын тушоосу Афганистанда кесилген. Бул машиналар кан күйгөн аймакта советтик аскердик бөлүктөрдүн кыймыл жана жүк ташуучу негизги каражатына айланган. Мыктылыгын да көрсөткөн. Кеп башка аскердик автомобилдерге салыштырмалуу ыңгайлуулугунда гана эмес эле. Таң калычтуусу, КамАЗдар көлөмүнө карабастан ынанымдуу жана маневрдүү болушкан.
Первая в мире вакцина от коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2020
Россиянын вакцинасын жок кылуу далалаты: чоң саясаттагы чакан "келишим"
Ошол убакта, афган согушу жүрүп турган кезде, завод алгач жолу батыш санкцияларына тушуккан. 1980-жылы америкалык Ingersoll Rand компаниясы мурдагы келишимдин алкагында тетиктер жана кыймылдаткычтардын цилиндрлерин иштеп чыгуучу автоматтык багыттагы шаймандары менен жабдууну Мамлекеттик департаменттин кысымы менен токтоткон. Импортту алмаштырууга СССРдин Илимдер академиясы жана алдыңкы илим-изилдөө институттары да тартылган. Ошентип бул жаатта чет өлкөлүктөрдөн көз карандылык жоюлган.
45 жыл ичинде Набережные Челны шаарындагы автозаводдун конвейеринен ар кыл модификациядагы эки миллиондон ашуун жүк ташуучу унаа чыгарылган.
Жүз миңдеген КамАЗ СССР жана Россиянын бардык жолдорун айланып чыккан. Далай үлгүлөр дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүн жабдып келген, азыр да жабдып турат.
1988-жылы жолтандабас жүк ташуучу унаалардын жарышына катышуу үчүн "КАМАЗ-мастер" деген аталыштагы заводдук тайпа түзүлгөн. Эч кимге тааныла элек советтик жарышчылар мелдештин атасын тааныткандардан да озуп, байгелүү орундарды ээлешет.
Түптөлгөнүнөн эки жыл өтпөй, тагыраак, 1990-жылы, камалык спортчулар "Дакар" эл аралык жарышында мыкты чеберчилигин көрсөтүшкөн. 1996-жылы алар жеңишке да жетишкен. Ошондон бери атайын даярдалган КамАЗдар 27 ирет автомобилдик өнөр жайдын дүйнөлүк лидерлери менен катар марафондо биринчилик үчүн ат салышып, 15 жолу утуп чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0