Кымбатка түштү: Европа Россиянын айынан миллиарддаган чыгым тарткан

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГерманиянын канслери Ангела Меркель. Архив
Германиянын канслери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Брюссель Москвага каршы жаңы санкцияларды камдоодо. Анткен менен өз ара чектөөлөрдөн Россияга караганда Европа биримдигинин жоготуусу көбүрөөк.
Экономикалык чыгым он миллиарддап саналат. Чектөөлөрдөн Европа кандай жабыркап жана ким көбүрөөк чыгым тартканы туурасында Наталья Дембинскаянын макаласынан окуңуздар.

Жөндүү чыгымдар

Санкциялар Евробиримдиктин максаты эмес, болгону Россияга карата таасирдүү инструмент экенин Брюсселдеги брифингде ЕБ тышкы саясий кызматтын өкүлү Питер Стано билдирди. Европалык дипломатия башчысы Жозеп Боррель Алексей Навальныйдын камалышынан кийин адам укугун бузгандыгы үчүн да жаза аларын кошумчалады.
Европа биримдиги Россияга каршы экономикалык санкцияларды 2014-жылдын жайында киргизген. Ага Украина жаңжалы себеп болгон. Кийин аларды дагы кеңейтишкен. ЕБге мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери 2015-жылдын март айында бул чараларды Минск келишимдерин аткарууга байланыштырышкан. Бирок Москва Россия украиналык ички жаңжалдын катышуучусу да, Минск макулдашуусунун субъектиси да эместигин, тек гана жөнгө салуу процессинде ортомчу экенин белгилеген. Ага удаа эле европалык чараларга карата өз чектөөлөрүн кабыл алган.
Встреча главы МИД РФ С. Лаврова и верховного представителя ЕС Ж. Борреля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Европа — Россия мамилеси: Боррелдин сапары алдын ала чалгындоо беле?
Бир жыл өтпөй Европа андай чаралардан көбүрөөк чыгым тартканы анык болгон. 2014-жылдын мартынан 2015-жылдын март айына дейре эки тараптуу чектөөлөрдүн айынан Москва 55 миллиард доллар, ал эми ЕБ 110 миллиард доллар жоготкон. Айрыкча Германия көп жабыркап, айына 700 миллион доллар чыгым тартып турган.
Европа парламентинде тармактык санкциялар мунайдын арзандап кетишинен улам "оор тийип, экономикалык абалды төмөндөтүп жибергенин (Россияда – ред. тактоосу)" белгилешкен. Ал эми чектөөлөрдүн кыска мөөнөттүү таасири катарында "батыштык насыялоо, инвестиция агымынын чектелиши" жана "экономикалык өсүштүн жогорку ыргактарын" кайра кайтарууга мүмкүнчүлүктүн жоктугун көрсөтүшкөн.
Анткен менен 2018-жылы ЕБ мыйзам чыгаруу органындагылар санкциялар бир топ чектелген натыйжа берип жатканын моюнга алып: "Батыштын Москваны оолак кармоо аракеттерине карабастан, Россиянын дүйнөлүк аренадагы ролу бекемделип барат. Контрсанкциялар өлкөнүн айыл чарбасын көтөрдү", — дешкен эле.

Өз тараптын чабуулу

2019-жылы "санкциялык беш жылдыктын" жыйынтыгын экономисттер – Гонконгдогу Линнань университетинен Маттье Крозе жана Киль дүйнөлүк экономика институтунан Юлиан Хинц талдап чыккан. Алардын эсеби боюнча Россияга батыш санкцияларынын айынан чыгымдардын жарымынан көбүрөөгү – айына 2,2 миллиард доллар туура келет. Калган 45 пайызы чектөөнү демилгелегендердин ортосунда бөлүнөт. Бул маалыматтар "Өз тараптын чабуулу: Россияга каршы санциялардын жана контрсанкциялардын соодага таасири" деген аталыштагы изилдөөдө жарыяланган.
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Юань менен евро долларды кысмакка алууда. АКШ санкциянын азабын тартабы
Крозе менен Хинцтин эсеп схемасын таасирдүү Economic Policy илимий журналы жарыялаган. Буга өз ара чектөөлөрсүз жана туруктуу рыноктук конъюнктурада эл аралык соода кандай өнүгө турганын салыштыруу негиз болгон. Товарлардын бардык категориялары боюнча потенциалдуу соода агымдарынын ортосундагы айырма жоготууларды көрсөткөн. Алардын жалпы көлөмү ай сайын төрт миллиард долларды түзгөндүгү аныкталган.
Германиянын чыгымы баарынан көп – 38%, 667 миллион доллар. Ошондой эле француз ишканалары да катуу жабыр тарткан. Крозе менен Хинцтин изилдөөсүндө бөлөк өлкөлөргө кайра жөнөтүлгөн экспорт деле баары бир тарткан чыгымды жаба албаганы айтылат.
Жакында Германиянын Экономика жана энергетика министрлигинен билдиришкендей, европалык бизнес 2014-жылдан бери Россияга каршы санкциялардан миллиарддап чыгым тартты. Ал эми кара тизмеге кирген россиялык жарандардын жана компаниялардан тоңдурулган актив жана акча каражаттары кээде бир нече жүз еврону гана түзөт.
2018-жылы Германия тоңдурулган актив жана акча каражаттарынын санкциялык базасына 485 миң евро, Ирландия — 24 миң, Италия — 94 миң, Нидерланддар — 806 еврону киргизген. Булардын арасынан Кипр гана айырмаланат, ал жакта бул көрсөткүч үч миллион евродон ашат.
2019-жылы бул базадагы көлөм төмөнкүчө эле: ФРГ — 337 миң евро, Ирландия — 77 миң, Италия — 148 миң, Нидерланддар — 819 евро. Ал эми былтыр Германия — 341 миң евро, Нидерланддар 761 еврону аталган базага киргизген.
2014-жылдан тарта Германия жалпы 1,8 миллион еврону тоңдурган. Ал эми ФРГ менен РФтин ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 67,7 миллиард евро, 2015-жылы – 51,5 миллиард, 2016-жылы 48 миллиардды түзгөн.
Берлин санкциялык тирештен Германия көбүрөөк жабыр тартып келерин айтып келет. 2020-жылдын жайында бундестагдын депутаты Маркус Фронмайер изилдөөчү экономисттердин жыйынтыгына жакыныраак маалыматтарды айтып чыккан. Ал эки тараптуу чектөөлөрдүн айынан Германиянын жоготуусуу айына 618 миллион еврону түзөт деп эсептеген (бул – жылына 7,4 миллиард, ЕБ тарткан чыгымдардын 40%ы).

Эң көп жабыркагандар

Брюссель менен Москванын ортосундагы санкциялык тирешти Вена эл аралык экономикалык изилдөөлөр институтунун (Wiener Institut fur Internationale Wirtschaftsvergleiche – WIIW) экономисттери да кеңири изилдешкен. Алардын корутундусуна ылайык, Россияга экспорттун азайышы 2014-2018-жылдары Германиянын ИДПсынан 0,2%, Австрияныкынан 0,5%га жабыр тарткан.
АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2020
Такыр башкача да болушу мүмкүн. Байденге Россия боюнча кеңеш айтылды
Көбүрөөк жабыр тарткандарга экономисттер Чехия Республикасын, Венгрияны (ар бири ИДПдан 0,6% жоготкон) жана Словакияны (ИДПдан бир пайыз) кошкон. Бирок абсолюттук көрсөткүчтөрдө эң көп чыгым тарткан кайрадан эле Германия болгон. Санкциялардын алгачкы эки жылында эле 14 миллиард жоготкон.
Экономиканын секторлоруна токтолсок, текстиль өнөр жайы, фармацевтика, электрдик, механикалык жана транспорттук жабдык өндүрүшү арткы сапта.
Изилдөөнү жүргүзгөндөр азык-түлүк (Европа биримдигинен эт, сүт, балык, жашылча-жемишти импорттоого Россия 2014-жылдын августунда тыюу салган), "европалык экспортто маанилүү ролду ойнобогондугун" (Балтия өлкөлөрү, Финляндия, Германия, Нидерланд жана Польшадан сырткары) да белгилешет.
"Россияда азык-түлүк инфляциясы күч алганы гана байкалган. Бирок аны менен катар импортту алмаштыруу айыл чарбасынын жанданышын өбөлгөлөп, экономиканын көрүнүктүү ийгиликтеринин бири болду", — деп таанышкан WIIW экономисттери.
Европа биримдигинин Россияга экспорт үлүшү эки эсеге кыскарды. Бирок ошону менен бирге эле айрыкча энерготашуучуларга болгон талаптын өсүшүн жана "Түндүк агым – 2" газ түтүгүнүн курулушунун жакында аяктаарын эске алсак, россиялык мунай жана газдан көз карандылыгы күч алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0