Россиялык "Армата" танкы чет өлкөгө талпынды. Кайда бет алат?

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүТ-14 "Армата" танкы. Архив
Т-14 Армата танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Россиялык жаңы Т-14 "Армата" танкы жакын арада дүйнөлүк жогорку технологиялык курал-жарак рыногун багындыра баштайт.
Дүйнөдө согуштан кийинки үчүнчү муундагы жападан жалгыз Т-14 "Армата" танкын алгач ирет чет элдик адистердин кеңири чөйрөсүнө көрсөтүшөт. Тагыраак, россиялык бул машина 21-25-февраль аралыгында Абу-Дабиде өтө турган IDEX-202 коргоо өнөр жайынын XV эл аралык көргөзмөсүнө коюлат.
Чет өлкөлөргө тааныла турган бул жетишкендиги мамлекеттик сыноолордун узун мөөнөтү ийгиликтүү аяктаганын, мүчүлүштүктөрү жоюлганын, "Уралвагонзавод" концерни жалпы сериялык өндүрүшкө даяр экендигин айгинелейт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган аппараттын өзгөчөлүктөрүнө токтолду.
"Рособоронэкспорттун" директору Александр Михеев Т-14 машиналары менен жабдуу боюнча чет элдик өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргөнү жөнүндө маалымдаган. "Армата" жаңы танкы согушта эң алдыңкы катарда кармашууга, душман менен түздөн-түз бет келишүүгө багытталган. Ошондой эле жөө аскерлер менен чогуу аракет этүүдө эшелондоштурулган коргонуунун мыкты үлгүсүн көрсөтө алат.
Ар кыл интенсивдүүлүктөгү аскердик жаңжалдарда Т-14 мотоаткычтар бөлүктөрүнүн чабуулдарын натыйжалуу коштоого, душмандын аскердик техникасын жана аскер күчүн ачык жерде да, жашынган жайында да жок кылууга жөндөмдүү.
Буревестник ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Технологиялык революция. Россияга "Буревестник" ракетасы эмне үчүн зарыл?
Сириядагы согуш шартында жана катаал Арктикада (–50дөн +50 градус Цельсияга чейинки температуралык диапазондо) аталган танк жогорку майнаптуулугун тастыктаган. Бир аз мурдараак россиялык Т-14 эң өнүккөн мамлекеттердин 12 зооттолгон машиналарынын бири болуп табылган, анын арасында америкалык Abrams, франциялык Leclerc жана немецтердин Leopard 2 танкы да бар.
РФ Коргоо министрлиги жыл сайын 200дүн тегерегинде "Армата" танкын алууну пландоодо, бул быйыл ишке ашырыла баштайт. Жалпы керектөө 2300 машина деп аныкталган.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн танк паркы дүйнөдө эң чоң болуп саналат, атап айтсак, 13 миң бирдиктен турат. Пентагонго караганда танктардын саны 7 миңге көп. Ошону менен бирге эле РФтин кургактагы бөлүктөрү тарабынан корголгон территориясы да эки эсе чоң, ал эми танк куруу тажрыйбасынын өзгөчөлүгү сандык көрсөткүчтөрүндө гана эмес.

Экспорттук келечеги

"Армата" – аз сандагы жогорку технологиялык, кыйла майнаптуу, эң заманбап техника жана кымбат машиналар менен жабдылган өндүрүш концепциясынын ишке ашырылышы. Бир Т-14 танк 7 млн. доллардын тегерегинде турат, ар бир эле мамлекеттин коргоо бюджети бул бааны көтөрө албайт. Мындай наркы сыноо жана заманбапташтыруунун бир далай цикли менен түптөлөт (өндүрүштүн көлөмү өскөндө "тариф" жеткиликтүү боло түшөт).
Курал-жарактын заманбап үлгүлөрүн иштеп чыгуу ашкере чыгашалуу болгондуктан, өнүккөн өлкөлөрдүн көбү кайра куралданууда чоң чыгымга жол бербөө үчүн чет элдик сунуштарды карап көрүшөт. Ошентсе да чагыбызда кынтыксыз курал мурдагыдай эле бир топ өлкөлөрдүн көз карандысыздыгынын айныгыс инструменти бойдон калууда.
Москвага Т-14 танкын сатып алууга алдын ала тапшырыктары түшкөн, анткен менен Россия армиясынын танктык бөлүктөрүн кайра куралдандыруу башталгандан кийин гана бул аппарат экспортко чыгарылат.
Посейдон көп буталуу океандык тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2021
Агрессивдүү саясатка россиялык жооп. Жаңы субмарина тууралуу эмне белгилүү?
Т-14 танкын Индия, Кытай, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет жана Алжир сатып алышы ыктымал экенин америкалык Forbes басылмасы жазып чыкты. Эске салсак, Алжир Т-72 танкынын шассисиндеги БМПТ-72 "Терминатор" аталган ок менен колдоочу россиялык жаңы комплексин сатып алганы белгилүү. Мындан сырткары, айрым КМШ жана ЖККУ өлкөлөрү олуттуу аскердик бюджетке же Аскердик-техникалык кызматташтык (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан) алкагында артыкчылыктарга ээ, андыктан россиялык өндүрүштөгү эң соңку жана наркы кымбат аскердик техниканы сатып алууга кудурети жетет.
"Армата" капсулалары мунарасына ок түз тийип же бул аскердик комплектини жалын чалмаган күндө да танкисттин өмүрүн сактоого мүмкүндүк берет. Бул автордук демилге аралыктан тескелүүчү жана жасалма интеллектинин элементтери менен башкаруусуз модификация багытында дагы да өрчүтүлө бермекчи.
Конструкторлор Т-14тү күчтөрдү башкаруунун автоматташтырылган тутумуна жана тактикалык звенодогу курал менен интеграциялоо жолун да карашкан. Машина роботтоштуруу жана заманбапташтыруу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Аппараттын ийгиликке жетери айкын, ааламда түз атаандашы же караандай ала турган аналогу да жок. "Армата" – экипаж үчүн айдоочусуз мунара жана зооттолгон капсулалуу дүйнөдөгү жалгыз модулдук чечим, металлда жүзөгө ашырылган технологиялык революция. Т-14тө пайдаланылган алдыңкы технологиялык чечимдер XXI кылым бою актуалдуулугун сактайт. Ал эми чет элдик буюртмачыларга курал-жарак сатуу көлөмү боюнча экинчи орун (жыл сайын 15 млрд. доллардын тегерегинде) – РФ өндүрүшүндөгү курал-жарактын жаңы үлгүлөрүнүн сапаты жана ынанымдуулугунун кошумча кепилдиги.

Конструктордук "эрдик"

"Арматанын" көрүнүшү менен атайын каптоосунун айкалышы танкты жылуулук жана радиолокациялык спектрлерде анча байкалгыс кылат. Зооттолгон "Армата" танкка каршы бардык каражаттардын огуна туруштук бере алат.
Машина активдүү жана динамикалык коргоо каражаттары, кубаттуу замбиректүү аскердик модуль жана кайра заряддоонун автоматтык тутуму менен жабдылган. Мунара жана корпус периметрлери боюнча аппаратка байкоо, мээлөө жана коркунучтарды аныктоочу оптикалык-электрондук жабдыктар орнотулган. Кеңири кырдуу видеокамералар 360 градустук байкоого жол берип, экипажды кырдаал жөнүндө маалымат менен камсыз кылат. Танк командиринин бутаны курчай кармоонун мунаралык комплекси да тегеректи көрүүгө мүмкүндүк берет.
Оператор-мээлөөчүнүн көз салуу комплекси көрүнүштү кеңейтип көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, аралыкты лазердик өлчөгүч жана түз көрүүчү перископ менен жабдылган. Тепловизиондук жана инфракызыл датчиктери ар кыл аба шарттарында күнү-түнү иштейт.
Т-14түн "эшелондоштурулган коргоо" тутуму "Малахит" пассивдик коргоо (душмандын ракета жана дүрмөттөрүн жок кылуучу) жана душман тараптан кое берилген танкага каршы дүрмөт, ракеталарын жана ыргытылган бомбаларын автоматтык режимде жок кылуучу "Афганит" активдүү коргоо комплекстерин камтыйт.
"Афганит" радарлары коркунуч туурасында "танктын интеллектин" эскертет, андан соң душмандын ракетасынын таасирин радиоэлектрондук басаңдатуу тутумун иштен чыгарат. Резервде "Реликт модулдук комплекси бар, ал тандемдик типтеги душмандын дүрмөттөрүн жок кылат.
С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2021
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?
Адистер "Армата" болжолдуу душмандын танктарына караганда 30 пайызга майнаптуу жана чыдамдуу келерин белгилешет. Дүйнөдөгү эң мыкты корголгон Т-15 аскердик машинасы тегин жерден дал ушул "Армата" платформасында түзүлбөдү. Үч кишиден турган экипаж 125 ммлик жылмакай стволдуу 2А82 замбирегин танктын корпусунда жайгашкан зооттолгон капсулада отуруп аралыктан башкара алат. Ок кубаттуулугу (мүнөтүнө 12 ирет ок атат) жагынан да болжолдуу душмандын колундагы бардык танктардан 1,2 эсе артыкчылыкка ээ. Ок-дарысы, тагыраак, кубаттоо автоматындагы ар кыл багыттагы 40 дүрмөтү коопсуз, экипаждан өзүнчө жайгашкан. "Армата" оптикасы буталарды күндүзү 5 чакырым, түнкүсүн 3,5 чакырымдык аралыктан аныктай алат.
Элүү тонналык Т-14 1500 ат күчүндөгү кубаттуулуктагы кыймылдаткыч менен жабдылып, 90 км/саат (америкалык M-1 Abrams танкына салыштырмалуу ыкчам) ылдамдыкта жүрөт. "Арматанын" туруктуулугу 900 ммден жогору, жаңы, бышык жана жеңил бронясын Москвадагы Илим-изилдөөчү болот институту иштеп чыккан. Бул багыттагы куралдардын Батыштагы заманбап үлгүлөрү кыйла оор тартып, мобилдүүлүк жагынан артта калып барат (Abrams танктарында израилдик "Трофи" активдүү коргоо тутуму орнотулууда, бул танктын салмагын 3,5 тоннага арттырган ири контейнерлер. Бул чоң мүчүлүштүк).
Жаңылыктар түрмөгү
0