https://sputnik.kg/20210204/akcha-kop-korotpoj-sayakattasa-bolot-1051337648.html
Темирбек уулу: көп акча коротпой эле саякаттаса болот
Темирбек уулу: көп акча коротпой эле саякаттаса болот
Sputnik Кыргызстан
Жаш ишкер, саякатчы Эрмек Темирбек уулу Кыргызстанда саякатты кол жеткис нерсе көрбөстөн акча коротпой дүйнө кыдырса болорун айтты. 04.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-04T14:56+0600
2021-02-04T14:56+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
кыргызстан
саякат
туризм
эс алуу
акча
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051337606_0:132:3067:1867_1920x0_80_0_0_79c83289295eefb9ab2ba8d26a769756.jpg
Темирбек уулу: көп акча коротпой эле саякаттаса болот
Sputnik Кыргызстан
Темирбек уулу: көп акча коротпой эле саякаттаса болот
Чет өлкөгө чыгардан мурда туура маалымат алуу абдан маанилүү. Саякатка байланыштуу түрдүү тиркемелерди жүктөп, тажрыйбалуу саякатчылардан кеңеш алып, атайын макалаларды окуп, бара турган өлкө тууралуу кабардар болуу керек. Мындай пикирин Эрмек Темирбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, саякаттагы негизги критерийлердин бири — англис тилин билүү. Мындан тышкары, Hostelworld, Airbnb сыяктуу сайттар аркылуу оңой жер кыдыруу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, CouchSurfing тиркемеси аркылуу кыска мөөнөткө акысыз батир тапса болот.Ал чет өлкөгө чыгардан мурда паспорттун көчүрмөсүн тастыктап алуу документ жоголуп кеткен учурдагы кыйынчылыктардан сактай турганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051337606_0:36:3067:1963_1920x0_80_0_0_94f6cd7de45c79d4c003362cf73432b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саякат, туризм, эс алуу, акча
кыргызстан, саякат, туризм, эс алуу, акча
Темирбек уулу: көп акча коротпой эле саякаттаса болот
14:56 04.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жаш ишкер, саякатчы Эрмек Темирбек уулу Кыргызстанда саякатты кол жеткис нерсе көрбөстөн акча коротпой дүйнө кыдырса болорун айтты.
Чет өлкөгө чыгардан мурда туура маалымат алуу абдан маанилүү. Саякатка байланыштуу түрдүү тиркемелерди жүктөп, тажрыйбалуу саякатчылардан кеңеш алып, атайын макалаларды окуп, бара турган өлкө тууралуу кабардар болуу керек. Мындай пикирин Эрмек Темирбек уулу
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, саякаттагы негизги критерийлердин бири — англис тилин билүү. Мындан тышкары, Hostelworld, Airbnb сыяктуу сайттар аркылуу оңой жер кыдыруу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, CouchSurfing тиркемеси аркылуу кыска мөөнөткө акысыз батир тапса болот.
"Саякат десе эле элдин көбү деңиз жээгинде жатып эс алуу, алыс жакка баруу деп түшүнөт. Бирок саякаттоонун ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, окуу саякаты, медициналык туризм. Акыркы жылдары Кыргызстанда туризм компанияларынын көп ачылышы адамдардын саякатка болгон кызыгуусуна себеп болууда. Бизде кол жеткис нерсе катары кабыл алышат. Байдын балдары саякаттайт, көп акча сарпталышы керек деген туура эмес ойлор бар. Андай ойлордон качуу керек. Атайын гранддар, стипендиялар аркылуу деле кетсе болот. Мындан тышкары, автостоп жана атайын тиркемелердин жардамы менен көп акча коротпой, жадагалса акысыз дүйнө кыдырууга мүмкүн," — деди Темирбек уулу.
Ал чет өлкөгө чыгардан мурда паспорттун көчүрмөсүн тастыктап алуу документ жоголуп кеткен учурдагы кыйынчылыктардан сактай турганын кошумчалады.